Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Грант Динкке кол салган деп шектелген адамдын сүрөтү таркатылды


Түрк полициясы журналист Грант Динкке кол салган деп шектелген адамдын сүрөтүн таркатты. Теги армян журналистти кечээ Стамбулдун көчөлөрүнүн биринде белгисиз бирөө атып кеткен. Сүрөт көчөдөгү коопсуздук камерасынын жардамы менен тартып алынган.
Өлкөнүн ички иштер министри Абдулкадыр Аксу кылмышка байланыштуу эч ким камала электигин ырастады. Динктин эмне себптен киши колдуу болгону белгисиз. Бирок, анын кесиптештери жана жакындары кол салуунун артында саясий жүйө турат деп болжолдошот. Журналист армяндардын массалык кыргыны жөнүндө айткан сын сөздөрү үчүн түрк улутчулдарынын бутасына айланып келген. Бул окуядан соң Стамбулда миңдеген адам сөз эркиндигин колдоо иретинде жөө жүрүшкө чыгышты. Европа биримдиги, бир катар мамлекеттер, укук коргоо уюмдары бул кылмышты айыптаган билдирүлөрдү жасашты.

XS
SM
MD
LG