Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

11:00 Коммунисттер жолбашчысы В. И. Ленинди эскеришти


21-январь компартия жолбашчысы В. И. Лениндин өлгөн күнүнө карата Кыргызстандагы коммунисттер партиясы чакан эскерүү митингин уюштурушту. Митинг Бишкектеги эски аянттагы В. И. Лениндин эстелигинин алдында өттү. Ага 150 гө жакын киши катышып, компартия жолбашчысынын эстелигине гүл коюлду. Митингде коммунисттик партиянын жетекчиси Исхак Масалиев жана партиянын башка мүчөлөрү сөз сүйлөп, компартия жолбашчысынын тарыхтагы орду тууралуу сөздөр айтылды.
Аталган партиянын мүчөсү Орозбек Дүйшеевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча Ленинди эскерүү бүгүн башка аймактарда да болуп өттү.
СССР мамлекетин негиздеген Владимир Ильич Ленин 1924-жылы 21-январда каза болгон.

XS
SM
MD
LG