Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

БУЙРУТМА КИШИ ӨЛТҮРҮҮЛӨРДҮН СЕБЕБИ МҮЛК ТАЛАШ ЭЛЕБИ?


Акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстанда 29 киши жалданма киши өлтүрүүчүлөрдүн курмандыгы болушту. Беш кишини буйрутма жол менен өлтүрүүгө аракеттер жасалган. ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын маалыматы боюнча булардын жетөө гана сотко ашырылган.

Айрым адистердин айтуусунда, буйрутма киши өлтүрүүнүн өсүшү боюнча 2005-2006-жылдар рекорд койгон. Март ыңкылабынан кийин каскадер Үсөн Кудайбергеновдун, милиция кызматкери Уран Алиевдин, кийинчерээк Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмү менен башталган буйрутма киши өлтүрүүлөр өткөн жылы мындай кылмыштарды жасап жүрөт деп эсептелген уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн өздөрүнүн жалданма киши өлтүргүчтөрдүн колунан каза табуусуна алып келди. Бирок, буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн жүзүн ачууда жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ички иштер министрлиги алсыздык кылып жатат деген дооматтар кыргыз милициясынын дарегине көп эле айтылып жүрөт. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын айтуусунда, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн мамлекет күч органдарын жакшылап камсыздоого тийиш. Мындай болбогон учурда милиция кылмышкерлер менен биригип кетет:

-Мындай көрүнүш бир эле биздин Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүнүн бардык өлкөлөрүндө бар. Анткени, милиция кызматкерлеринин кылмыш дүйнөсү менен биригип кетүүсүнө жакшы шарттар бар. Алар эң биринчи кылмыштын изин кантип жаап-жашырып кетүүнү жакшы билишет. Экинчиден, милиция кызматкерлери кармалып калган учурда да кайра суурулуп чыгып кетүүнүн жолдорун билишет. Себеби алар өздөрүн кармаган жана алардын ишин тергөөгө алган адамдар менен түздөн-түз байланышта болот, тамырлаш болот,-дейт Азиза Абдурасулова.

Ал эми ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Кыркелди Кыдырбаевдин айтуусунда чынында эле министрлик тарабынан уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүгө, алардын мүчөлөрүн кармоого бөлүнгөн каражат жетишсиздик кылат, бирок бул милиция кылмыш дүйнөсү менен биригип кетти деген пикирлерди түзбөөгө тийиш.

Кыркелди Кыдырбаевдин айтуусунда ЖК депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштери ачылып, тергөө жүрүүдө, жакында сотко ашырылмакчы. Ал эми Ош шаардык кеңешинин депутаты Айбек Алимжановдун жана милиция кызматкери Уран Алиевди өлтүргөн адамдар аныкталып, издөөгө алынган. Ошондой эле белгилүү спорт чебери Раатбек Санатбаевдин, кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Рысбек Акматбаевдин жана башка бир нече адамдардын өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Белгилей кетүүчү нерсе, Рысбек Акматбаевдин өлүмү боюнча иш учурда Башкы прокуратуранын карамагында.

Айрым иликтөөчүлөр жалдап адам өлтүрткөн, негизги буйрук берген адамдардын жүзү ачылбай келе жаткандыгын да белгилешет. Укук коргоочу Азиза Абдурасулова жалданып киши өлтүргөн деп шектелип, кармалган айрым адамдар убактылуу камоо жайларында же СИЗОдо каза таап жаткандыгын белгилеп, милиция шектелгендерди коргоого да алсыздык кылып жатат дейт:

-Аткаруучулар же жалданып киши өлтүрүүчүлөр “мына булар буйрук берген” деп көрсөтүп берген күндө да буйрук бергендер жазасыз калышууда. Мисалы, Юсуп Көлбаевдин өлүмүнө байланыштуу иште да жазага аткаруучулар гана тартылышты, ал эми ага буйрук бергендер бүгүнкү күнгө чейин “белгисиз” калууда.

Бирок тартип коргоо органынын өкүлдөрү мындай пикирлерди четке кагып келет. ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаев буйрук берген кишилерди кармап, аларга айып тагуу өтө оор экендигин айтты:

-Албетте, кимдер буйрук берип, өлтүрүүгө кимдер жалдаган, муну иликтеп, ачуу дагы биздин негизги ишибиз. Аны да жүргүзөбүз. Айрым бир жалданма киши өлтүрүүнүн артында ким тургандыгын да оперативдүү маалыматтардан улам өзүбүз деле билип турабыз. Бирок далилдөөчү каражаттар болмоюнча, алардын күнөөсүн мойнуна коюп, жазалоого укугубуз жок.

Мелис Турганбаевдин айтымында, буйрутма киши өлтүрүүлөр саясий мүнөздө эмес, мүлк жана акча талаштан улам гана болуп жатат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG