Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:38

КЫРГЫЗСТАН АКЫЛ КӨРӨҢГӨСҮН КАНТИП САКТАП КАЛАТ?


Ашакеева Гүлайым, Бишкек Бүгүнкү ааламдашуу маалында ар бир адамга дүйнөнүн эшиги кенен ачылып, чек аралар буга тоскоолдук көрсөтө албагандай сезилет. Адамдардын бир өлкөдөн экинчи өлкөгө жер которуп кетиши, башка мамлекеттердин атуулдугун алуу кыргызстандыктар үчүн деле кадыресе көрүнүш болуп бараткандай. Өз атуулдары башка өлкөгө жайнап агылып кетип жаткан мамлекет үчүн бул көрүнүштүн кандай пайда-зыяны бар?

Сүрөттө: Чет өлкөдө окуган кыргызстандык студенттер Асель Стамова жана Гүлайым Ашакеева.



Асел Стамова Нью-Йорк университетинен окуп, “илимдин чебери” деген наам алып келген. Учурда Европалык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн адиси. Биз Асель айымга дароо эле эмне үчүн чет өлкөдөн билим алган кыргызстандык жаштар өз мекенине кайтып келүүнү каалашпайт деген суроо узаттык.

- Албетте, ар бир адам кайсы өлкөдө жашоону, эмгектенүүнү өзү чечет. Март окуяларынан кийин АКШда, Европада окуган, иштеген менин досторум, мекендештерим Кыргызстанга кайтып келүүнү каалашкан. Кыргызстанда чоң өзгөрүүлөр болуп, алардын билими, иш тажрыйбалары күч-кубаты өз мекенине керек болооруна чын дилдеринен ишенишкен. Тилекке каршы, алардын бул ойлору “кургак ишеним” экендиги далилденип калды. Европада жана АКШда жашаган көптөгөн жаштардын өз мекенине кайтып келүүнү каалабагандыгынын себеби - өлкөдөгү абалдын туруксуздугу жана эртеңкиге болгон ишенбөөчүлүк. Башкача айтканда, сен бүгүн Кыргызстанга келсең, эртең иштеген кызматың, жетишерлик маянаң, дегеле өлкөдөгү абал тынч болоору чоң бүдөмүктү пайда кылат.

Кыргызстанда бир катар уюмдар атуулдар үчүн сыртта билим алууну уюштуруу боюнча ар кандай формада иш жүргүзүп келишет. Мындай уюмдардан бири АКШнын мамлекеттик департаментинин Эл аралык билим берүү жана маданий алмашуу уюму же АCCELS. Аталган уюм кыргызстандык улан-кыздарга АКШнын университеттеринде билим алып келүүгө көмөк көрсөтөт. Уюмдун Кыргызстан боюнча жетекчиси Кимбэрли Веркулен айым “акыл көчүн” эки деңгээлге бөлөт. Аймактардан борборго келүү жана өлкөдөн сыртка – Казакстан, Орусия, Европа, Түндүк Америка сыяктуу тараптарга кетүү агымы.

- Мен жетектеген Америка өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылган билим берүү программаларынын бүтүрүүчүлөрүнүн айрымдары дагы бул агымдын шары менен Кыргызстандан башка Борбор Азия, КМШ, чет өлкөлөрдө эмгектенип жатканын билебиз. Мунун себеби, биздин мындай бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн кесиптик деңгээлине шайкеш келгидей кызмат орундарын өлкөнүн сыртынан таап жатышат. Программанын шарты боюнча биздин баардык бүтүрүүчүлөр АКШдан окуусун аяктагандан кийин өз мекенине кайтып келиши, эки жыл өзүнүн өлкөсүндө иштөөсү зарыл. Ал эми “акыл көчүнө” карата менин оюм, Кыргызстандагы жашоого жетишээрлик маяна төлөгөн, адисттик жагынан өсүүгө мүмкүнчүлүк берген кызмат орундардын аздыгы буга негизги себеп болуп саналат.

Кимбэрли Веркулен айымдын баамында, батыштан билим алган, чет тилдерин билген адистерди мамлекеттин өнүгүү кызыкчылыгында пайдалануу үчүн кыргыз өкмөтү бир катар чараларды ишке ашыруусу зарыл.

- Эң алгач ички эмгек базарын жаңылоо, жандандыруу зарыл. Талапка жооп берген эмгек базары, күндөлүк керектөөгө жеткен эмгек акы, өз ишин жогорку адистикте жасоо, так иштөө, паракорлуктан арылуу сыяктуу шарттарды камтыш керек. Кыргызстандын “акыл көрөңгөсүн” сактап калуу, өнүктүрүү, мамлекеттин паракорчулукка каршы саясатына, экономикалык өнүгүүгө, ишкерликти жайылтууга түздөн-түз байланыштуу. Жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор Кыргызстандын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүп, ар кандай долбоорлор ишке ашырыла баштаса – чет өлкөгө барып жумушу издөөгө умтулган билимдүү алдыңкы жаштар үчүн өз мекенинен эле кызмат орундары табылаар деген ойдомун.



Рафис Абазов Нью-Йорктогу Колумбия университетинин Харриман атындагы Эл аралык жана коомдук мамилелер институтунун профессору. Анын пикиринде, атуулдардын өз мекенин таштап башка өлкөгө кетип жатканын табигый көрүнүш болуп эсептелет.

- Сиз билгендей, эл аралык саясий экономикада адамдардын, айрыкча билимдүү адамдардын кетиши “Акыл көчү” же “brain drain” деген салттык аталышка ээ. Экономисттердин эсептөөлөрү боюнча өнүгүп келе жаткан өлкөдөн бир илимдин докторун башка мамлекетке кетиши жүз миң доллар чыгымды түзөт. Бул ушул илимдин докторун окутуп, жогорку кесиптик деңгээлде даярдоо үчун сарпталган мамлекеттик каражат. Ал эми мындай адистин, мисалы, АКШга келиши – америкалыктар жүз миң доллар коротпостон, илимдин даяр докторуна ээ болду дегенди билдирет. Бирок, азыркы ааламдашуу маалында бул процесстин көп жактары өзгөрүүдө. Мурда адамдар башка жактарга кеткенден кийин өз мекени менен байланышты биротоло үзүп, таптакыр кайтып келишчү эмес. Бүгүнкү технологиялык өнүгүүнун шарапаты аркылуу адамдар өз мекени, туугандары менен тыгыз байланышта болуп, акча каражаттарын жиберип, келип-кетүү сыяктуу катнаштарды үзгүлтүксүз жүргүзүшүп, алтургай өз мекенине кайтып келе алышат. Мына ушундай жолдор аркылуу өз өлкөсүнөн кеткен адамдар аларды окутууга кеткен каражатты өздөрүнүн үй-бүлөөсүнө, туугандарына, досторуна акчалай жардам менен кайтарып жатышат.

- Бүгүнкү Кыргызстандын экономикалык абалы баарыбызга жашыруун эмес. Мына ушундай шартта жумушка жарамдуу кыргызстандык жаштардын кетип жатышы мамлекеттин экономикалык, интеллектуалдык кудурет-дараметин алсыратып койбойбу?

- Албетте, бул эки жактуу көрүнүш. Маселенин терс жагы, билимдүү, жөндөмдүү, өз өлкөсүнө пайда алып келе алчу жаштардын кетип жаткандыгы. Ошол эле учурда, Кыргызстандагы эмгек базарынын абалы түзүк деңгээлде эмес, жумушсуздардын санынын көрсөткүчү жогору. Адамдардын бир тобунун башка өлкөлөргө кетиши өлкө ичиндеги экинчи бир адамдардын тобуна мүмкүнчүлүк түзүп, эмгек базарын жеңилдетет. Башка мамлекетте жашап эмгектенген адамдар өздөрүнүн өлкөсүндөгү туугандарына, жакындарына түздөн-туз акчалай жардам берүү менен Кыргызстандын социалдык абалын оңдоого салым кошуп жатат. Кандайдыр бир акчалай төлөм болуп жатканы менен өлкө үчүн бул маселенин оң жана терс жактарын ченөө өтө татаал.

- Адамдардын жакшы жашоо издеп чет өлкөгө кетип жатышы бул бүтүн дүйнөнү кучагына алган процесс, андан Кыргызстан четте калбайт деген ойду айтып жатасыз. Бирок, ушундай акыл көчү тигил же бул мамлекеттин интеллектуалдык коопсуздугуна коркунуч туудурган мисалдар тарыхта болгонбу?

- Маселенин өзөгү мында жатат. Эгер кошуна өлкөлөрдү, Орусия, Казакстан, ал тургай Тажикстанды алып карасаңар экономикалык жактан өнүгүү болуп жатканы байкалат. Ушундай эле көрсөткүчтү Бишкектен да байкоого болот. Азыр жаштарга айрыкча билимдүү, жөндөмүү жаштарды мамлекеттик ишкерлик, коомдук жана жеке менчик тармактарга тартуу аракеттери жасалышы зарыл. Мамлекет тарабынан адистердин интеллектуалдык жана жеке менчиктери бирдей корголуп, иштөөгө, ишкерлик жүргүзүүгө шарт түзүлүшү абзел. Каржылык жактан гана колдоо эмес, социалдык жактан да сый-урматка ээ болуу мүмкүнчүлүгу болсо, жаштар башка жакка кетүүдөн мурда өтө кылдаат ойлонушмак. Белгилей кете турган нерсе, өлкөдөн кеткенден кийин мигранттар эл аралык эмгек базарына кошулушат. Эл аралык эмгек базарынын табияты катаал. Эки негизги топко бөлүнөт. Эмгек мигранттар ушул ушул эки топтун бирине келип куюлушат. Биринчи топ бул бул татаал талапка жооп берген, эл аралык долбоорлор, эл аралык ишкердикти билген эң жогорку деңгээлдеги адистер. Ал эми экинчи топту болсо, эң аз маяна алып, кара жумуш менен алектенген адамдар түзөт. Албетте жогорку билимдүү, алтургай илимий даражасы бар адистин бул экинчи топко келип кошулуп, кайсы бир өлкөдө кара жумуш жасап, жарыбаган маяна менен жашап турушу – бул эң терс көрүнүш. Бул Кыргызстандын интеллектуалдык байлыгын сарамжалсыз пайдалануу дегенди түшүндүрөт. Албетте, мындай “акыл көчүн” токтотуу зарыл. Ал эми биздин жаштар дүйнөнүн белгилүү ишканаларында эмгектенип, акыркы технологиялык жетишкендиктер менен тааныш болуп, келечекте Кыргызстанга алып келүү мүмкүнчүлүгүно ээ болушса – бул кубана турган нерсе.

- Коомду түйшөлткөн нерсе – эгер акылдуу адистердин сыртка качышы дагы эле улана берсе, Кыргызстандын он беш-жыйырма жылдан кийинки абалын кандайча божомолдоого болот?

- Эгер Кыргызстанды дүйнөнүн башка өнүгүп келе жаткан бөлүктөрү менен салыштырсак, бүгүнкү абал өтө деле коркунучтуу эмес. Мисалга, Африка, Азиянын кээ бир өлкөлөрүн көз карандысыздыкка жетишкенден кийин өздөрүнун билим берүү системасын кайрадан куруп, калкынын сабаттуулугун сактап кала алышкан жок. Совет доору кулаган он беш жылдан ашуун мезгил ичинде Кыргызстанда билим берүүнүн артыкчылыгынын деңгээли жогору. Адамдар башктагыдай эле билим алууга, университеттик билимге өтө ынтызаар. Ал эми билим алуунун сапаты тууралуу баарлашуу, талкуулоо – бул өзүнчө маселе. Кыргызстанда жогорку билим алуунун, интеллектуалдык өнүгүүнүн дарамети күчтүү экенин белгилөө зарыл. Ошондуктан, Кыргызстан азыркы интеллектуалдык байлыгы менен эл аралык интеллектин майданында таймаша алат. Албетте, эгер ушул илим билимге үйрөткөн, билимдүүлүктун жогорку деңгээлин камсыз кылган адистер өлкөдөн кетип калса, бул Кыргызстан үчүн өтө чоң жоготуу болот.

XS
SM
MD
LG