Президент Жорж Буш алдыдагы 5 жылда бюджет тартыштыгын кыскартууга көңүл бурулаарын айтты.
Ошондой эле 2017-жылга карата күйүүчү майдын колдонулушун 20% азайтып, жаңы технологиянын аркасында өндүрүлө турган кубат булактарын пайдалануу менен экономиканы жандантууну максат катары белгиледи. Муну менен жалпы дүйнө экономикасы алдыга жылууга тийиш экенин билдирди. Ошол эле убакта жер бетиндеги абанын ысып баратышына байланыштуу дагы бензиндин кыскартылышы зарыл.
Кайрылуунун экинчи бөлүгүндө Буш Америка эли баары бир террорго каршы күрөшүүдө өз жоопкерчилигин сезүүгө тийиш деди. Андыктан Ирактагы буга чейинки саясат улантылаарын айтты. Бул жаатта өкмөт менен конгресстин биргелешип иштеши зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле президент Усама Бен Ладенге, Хезболлага карата пикирин айтты.
Жакынкы Чыгышка демократия орнотуудагы Кошмо Штаттарынын ролун аныктады. Террорго каршы жакшылап күрөшүш үчүн демократтар дагы, республикачылар дагы курамына кирген кеңешме түзүү зарыл, деди.
Саламаттык сактоо багытында камсыздоо системасына өзгөчө көңүл бурулмакчы. Билим берүү жаатында болсо жаңы технологияга басым жасалмакчы.
Конгресс Буштун Иракка кошумча аскер жөнөтүү демилгесине катуу каршы болуп жатканы менен, анын сөзү улам-улам кол чабуулар менен коштолуп жатты. Демократтар дагы, республикачылар дагы ордуларынан туруп, Буштун пикирлерин кол чаап, кубаттап атышты.
Бул көрүнүштү Орто Азиядагы Америка университетинин вице-президенти Бакыт Бешимов Буштун сөзүн уккандан кийин "Азаттыкка" берген интервьюсунда, "анткени Жорж Буш Америка элинин көкөйүндөгү проблемаларды козгоду, ошол себептен анын сөзү кубаттоого арзыды", деп белгиледи.
Бакыт Бешимовдун айтымында, Кошмо Штаттарынын экономикасы дүйнө экономикасынын 34% түзөт, ошол себептен кыргыз бийлиги бул факторго өзгөчө көңүл бурууга тийиш. (КО)