Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:36

КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТТЕРИ ТҮРКИЯЛЫК ЖУРНАЛИСТТИН ӨЛҮМҮНӨ НЕГЕ ТЫНЧСЫЗДАНЫШАТ?


Түркиялык белгилүү журналист Грант Динктин киши колдуу болушу дүйнөлүк коомчулукта кыйла талаш-тартыштарды, ар-кандай ой-пикирлерди жаратты. Кыргызстандык журналисттер да Түркиялык кесиптешининин киши колдуу болушана байланыштуу түрдүүчө ой жорушат. Алардын арасында Кыргызстандагы түзүлгөн кырдаал да ошол деңгээлге өсүп-жетип калды деп тынчсыздангандар бар.

Түркиялык армян улутундагы журналист Грант Динктин киши колдуу болушун ар-кыл себептерге байлагандар бар. Негизинен, буга чейин «Агос» гезитинин баш редактору болуп турган Грант Динк, XX-кылымдын башында армяндар чоң кыргынга учураганын жазып чыгып, түрк улутчулдары тарабынан куугунтуктоолорго туш болгону маалым. Айрым талдоочулар анын өлүмүн так ушул маселеге байланыштырышууда. Бул окуяга карата бир катар мамлекеттер Евробиримдикке кирүүгө катуу аракет кылып жаткан Түркияны сынга алышты. Кыргызстандык журналисттер арасында да кесиптешинин өлүмүн тынчсыздануу менен кабыл алгандар бар. «Кыргыз руху» гезитинин саясий баяндамачысы Болотбек Таштаналиев, Кыргызстандагы түзүлгөн кырдаал да ошол деңгээлге өсүп жетти деген ойдо:

- Баш кесмек бар тил кесмек жок деп коёт кыргызда. Бирок, бул жашоо андай эмес экен да. Адамды саясий көз карашы же адамдык мамилеси келишпей кала турган болсо деле атып кеткен фактылар биз үчүн жаңылык деле болбой калды. Бул өтө коркунучтуу нерсе. Анан ошондон улам ой кетет да. Мына бүгүн Кыргызстанда журналисттерди атып кете турган коомдук-саясий кырдаал түзүлдү.

Нургазы Анаркулов, “Жаңы Ордо” гезитинин баш редакторунун орун басары:

- Кандай гана болбосун, кандай шартта болбосун журналисттин жүрөгүнүн башка бирөөнүн колу менен токтоп калганы адамды эң бир өкүнткөн көрүнүш.

“Агым” гезитинин редакторунун орун басары Айнагүл Сапарбек кызы, Түркиялык белгилүү журналисттин өлүмү ушул кесиптик чөйрөдө кооптонууларды жараткандыгын баса белгиледи:

- Бизден тыш өлкөлөрдө кандай окуя болбосун биз өзүбүзгө байланыштырып, өзүбүзгө салыштырып карайт экенбиз. Бул белгилүү журналисттин өлүмү, албетте, бизге кесиптик чөйрөбүздө кооптонууну жаратат.

Дагы бир журналист Кубаныч Зайнидинов деги эле журналист болуу кооптуу иш экендигине токтолду. Анткени, чындыкты бардыгы эле жактыра бербейт:

- Чындыгында дүйнөлүк деңгээлде алып карасак, бул боло келген окуя да. Дегеле журналист болуунун өзү кооптуу. Чындыкты көпчүлүгү жактыра бербейт. Анан жактыра бербегенден кийин дагы да кайталап айтышын каалашпайт эчкимиси. Ошондуктан эмне кылыш керек, аны жоготуш керек.

Ал эми Медиа өкүл Шамарал Майчиевдин ырасташынча кандай болгон күндө да бул окуя айыпталышы керек:

- Аны болсо жанагы саясий себептер менен өлтүрүп атат. Ал жанагы армяндардын көз карандысыздыгын, кыргынга учураганын козгоп, ошого жаман көрүнүп өлтүрүлдү деген сөздөр бар. Бирок, баарыбир кандай болгон күндө да өлтүрүлүп атканы айыптоону талап кылат, - дейт Шамарал Майчиев.
XS
SM
MD
LG