Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

ОРУС ПРЕЗИДЕНТИ РАСМИЙ САПАР МЕНЕН ИНДИЯДА ЖҮРӨТ


Төрөкул Дооров, Москва Орусиянын президенти Владимир Путин ушу күндөрү Индияда расмий сапар менен жүрөт. Кечээ Путин Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх менен жолугушуп, эки тараптуу алакалардагы, өзгөчө, аскерий кызматташууну жандантуу маселелерин талкуулады.

Президент Путин Индияга келиши менен өлкөнүн премьер-министри Манмохан Сингх менен сүйлөшүүгө жөнөдү. Анын Индиядагы эки күндүк сапарынын эң маанилүү учуру жума күнгө туш келет. Анткени индиялыктар бул күнү Республика Күнүн белгилешет жана Путин ал майрамдык иш-чараларга катышмакчы.

Бирок, Путиндин сапарынын башкы максаты- ал азыр тездик менен өзгөрүп жаткан кырдаалда өзүнүн мурдагы күчтүү өнөктөшү менен жылуу мамилени сактап калганга, аны керек болсо, дагы күчөткөнгө аракет кылат.

Юрий Федоров – Лондондогу аналитикалык борбордун орус тышкы саясаты боюнча аналитиги. Анын айтымында, Индия бүгүн өтө тез өнүгүп бараткан өлкөлөргө кирет жана Москва эртеби-кечпи анын тилин да уккан туура кадам болоорун түшүнө баштайт.

- Индия көп алкактуу саясатты карманат. Ошондуктан Орусия Индия үчүн жалгыз маанилүү өнөктөш эмес. Мисалы, Индия Кошмо Штаттары жана Кытай менен да мамилелерди калыптандырууга аракет кылып жатат. Айта кетейин, индо-кытай мамилелери азыр өтө өнүгүп турган чагы, - дейт Федоров.

Кансыз согуш маалында Советтер Союзу менен Индия ортосунда мамиле өтө жакшы болчу. Анткени СССР Индияга көп көлөмдөгү курал-жарактарды сатып турган. Бирок соңку жылдары Индия аскерий жаатта бир эле Орусия менен эмес, АКШ, Франция жана Израиль менен да кызматташа баштады. Атаандаштык күчөп турган мындай чакта Орусиянын Коргоо министри Сергей Иванов Индия менен мурдагыдай жылуу алакаларды сактап калууга бүт аракетин жумшап жатат.

Иванов бул жолу Путинден мурдараак Индияга келип, эки маанилүү келишимге жетишүүгө үлгүрдү. Алар Индия менен биргеликте аскерий-транспорттук учакты курууга жана авиациялык кыймылдаткычтарды курууга байланыштуу. Андан сырткары, Орусия Индияда төрт атомдук реакторлорду курууга бел байлап жатат.

Итар-Тасс маалымат агенттиги кабарлагандай, Иванов ал келишимдерге кол коюп жатып: «Индо-Орус мамилелери өзгөргөнүн, эми бул эки мамлекет сатып-алуучулардын гана ролун аткарбастан, эми илимий изилдөө жана иштеп чыгаруу жаатында да бирге кызматташа турганын» билдирди.

Бирок кыйынчылыктар да жок эмес. Эң негизгиси – Индия бүгүн жогорку технологиядагы товарды талап кылат, бирок Орусиянын сунушу аны канааттандырбаган өңдүү.

- Атуулдукпу, же аскерийби, айтор, кандай гана технология болбосун, Индия бүгүн анын өнүккөн, жаңы тибине кызыгат. Ал эми Орусиянын көп техникасы советтик доордон калган эски моделден, - дейт аналитик Федоров.

Путиндин сапарында талкуулана турган маанилүү темалардын бири – жайчылык максаттагы өзөктүк кубаттуулук жаатында иштешүү. Орусия Индияда эки өзөктүк кубаттуулук станциясын куруп жатат. Орус президенти Владимир Путин кечээ маалымат-жыйынында буларга токтолду.

- Индиядагы «Кудамкулам» атомдук электр станциясынын курулуп бүтүшүн маанилүү окуя деп эсептейбиз жана мындан ары да эки өлкө ортосунда жайчылык максаттагы өзөктүк кубаттуулук жаатында кызматаштыкты уланта беребиз деп үмүтөнөбүз, - деди В.Путин.

Бүгүн да орус президентинин Индияга расмий сапары уланат.

XS
SM
MD
LG