Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:35

ОРОЗБЕК МОЛДАЛИЕВ: КУЛОВ ӨЗҮ ЖҮРГҮЗГӨН САЯСИЙ ОЮНДАН ЖЫДЫДЫ


Куловдун талапкерлиги премьер-министр кызматына өтпөй калышын саясатчылар, саясат адистери Бакиев-Кулов тандеминин күнү бүткөн окуя катары кабыл алышууда. Саясат таанучу Орозбек Молдалиев Куловдун парламентте жыдышын анын өзү жүргүзгөн саясий оюндардын жыйынтыгы катары белгилейт.

- Демек Кулов-Бакиев тандеминин ажырап жатышында, Жогорку Кеңештеги кечээги добуш берүүдө кайра эле саясий факторлор негизги роль ойнодубу?

- Парламенттен Куловдун өтпөй калганы бул көп нерселерден кабар берет. Биринчиден, көптөн бери айтылып жүргөн тандемдин кереги жок эле деген сөздөргө чекит коюлду. Мисалы, президенттин администрациясы деле, президент өзү деле буга киришип, "өткөргүлө" деген сунуштар, мурунку көнгөн ыкмалар колдонулган жок. "Өтсөң өтөөрсүң, өтпөсөң бактыңан көрөсүң" дегендей иш болуп калды.

Экинчиден, Куловдун өзүнүн саясий оюндарынын натыйжасы ушул болуп калды. Парламентти таратыш үчүн өкмөт отставкага кетти. Эмнени кааласа, ошону алды деген сөздөй болду. Бул оюндун биздин Кыргызстандын шартында кереги деле жок эле.

Өкмөттүн отставкага кеткенине деле эч кандай себептер жок болчу. Ушундай оюндардын натыйжасы мына парламентти дагы бир аз кыжырлантып, парламент өзүнүн жообун берип койду.

- Бирок, Кулов сыяктуу тажрыйбалуу саясатчы өткөндө отставкага кетип жатып ушундай жыйынтык болоорун өзү күттү бекен?

- Кулов бул жерден жаңылышып алды. Ал ойлоду: 30-декабрда кабыл алынган Конституциядан кийин парламентте өкмөтчүл депутаттар көп деп, ошондой кылып өтүп кетем деген маанайга келип, парламентти таратканга аракет кылган оюнга кирип кетти. Аягында мындай болоорун Кулов күткөн эмес. Эгерде мындай болоорун күткөндө биринчиден, кандидатурасын мурунку абийири менен парламентке сунуш кылбай эле кетип калышы керек эле, башка деле кызмат сурап.

Себеби, азыр анализдеп карап көрсөңүз, Кулов кетип калса экономика эмне болот, проектилер иштебей калат деп бир адам айткан жок. Кээ бири тандем, регионалдык баланс бузулуп калды, тополоң чыгып кетиши мүмкүн деген үч аргументти айтып атышат. Ушул өзү деле Куловдун премьер-министр болуп иштегенинин мүнөздөмөсү. Башында так сүйлөй баштаган, стратегия жазабыз, ар бир министр өзүнүн стратегиясын жазсын деди. Бул сөз ошол бойдон калды. Эч кандай стратегия жазылган жок.

Граждандык секторду өнүктүрөбүз деп НПОлордун жыйналыштарына катышып жүрдү. Аягында НПО эмес, оппозиция менен конструктивдүү сүйлөшкөнгө да келген жок. Аткаруу бийлиги парламент менен конфронтацияга чыгып алды. Бул жакшы нерсе эмес.

Парламент менен премьер-министр жакшы иштеп жүрсө биринчи сунушталганда эле жакшынакай өтүп кетмек. Жалаң эле Кулов эмес азыркы бийлик бутактарынын ортосундагы тирешүүлөрдүн жакшы эмес экендигинин кабары. Куловдун өтпөй калышы жалаң эле Кулов эмес, көп нерселердин синдрому болуп атат. Бул симптом эмес синдром болуп атат. Президенттик аппарат дагы, премьер министрдин аппараты да, парламент дагы жакшылап ойлонушу керек. Эмки кандидатуралардын артынан да чоң оюндар чыгат.

- Болочок премьер балким тандалып калгандыр. Кайсы баалуулуктар эске алынышы керек деп ойлойсуз. Мисалы, буга чейин Кыргызстанда премьер-министрди тандоодо регионалдык кызыкчылык, өз киши, нейтралдык адам деген факторлор эске алынып келди. Акырында Ф.Куловдун мисалында регионалдык менен кошо стабилдүүлүк да эске алынган эле. Эми кандай болуш керек?

- Азыркы подход деле андан алыс кетпейт. Кандидатура бүгүн-эртең сунуш кылынат деп атышат. Мурунку традиция менен алганда үй-бүлөлүнүн жакындыгына жараша коюлуп калчу эле. Экинчиден, күдүң-күдүң сөздөр болчу эле, бул кызмат баланча экен деген. Азыр эми регионалдык подходду эске албаса, бир нерсе болуп кетиши мүмкүн деген сөздөрдү айтып жүргөндөр дагы бар. Мен бул пикирге анча көп кошулбайм. Регионалдык фактордун туура эмес жагын күчөтүп, саясатташтырып жиберип атышат. Бул жерде элдин көпчүлүгүнө жаккан көрүнүктүү, экономиканы алдыга жылдырып кете турган кадр көрсөтүлсө эч ким каршы болбойт. Ал эми баягы эле эски жолго түшүп кетебизби деп ойлоп атам.

- Сизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG