Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 05:56

БҮГҮН ПАРЛАМЕНТ АЗИМ ИСАБЕКОВДУН ТАЛАПКЕРЛИГИН КАРАЙТ


Бүгүнкү парламент жыйынында премьерликке талапкер Азим Исабеков алгач депутаттардын суроолоруна жооп берип, андан соң маселе жашыруун добушка коюлмакчы. Президент бул кызматка жаңы талапкерди парламентке өткөн жума күнү сунуштаган. Депутаттардын бир тобу жана айрым байкоочулар Азим Исабековдун талапкерлиги парламенттен дароо эле колдоо табаарын болжошууда.

Бүгүн болсо ХИПИКке каршы кыймыл парламентке кайрылуу жолдойт. Анда депутаттардан премьер-министрликке сунушталган Азим Исабековдун талапкерлигин кароо учурунда анын ХИПК боюнча позициясын так билүү маселеси суралмакчы. Азим Исабеков бул кызматка сунушталган соң ХИПКтин шарттары боюнча азырынча тааныш эместигин журналисттерге билдирген. Укук коргоочу Азиза Абдрасулова өкмөт курамындагы адамдын мындай жообуна таң калганын айтып, талапкер бул маселе боюнча парламентте так позициясын билдириши керек деп эсептейт.

Ал эми азыр Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп турган Феликс Кулов «Агым» гезитинин жума күнкү санына президент менен бейшембидеги жолугушуусу тууралуу «Жигиттик сөзүн бузган адам жөнүндө эмне десе болот?» - деп айтып, гезит кабарчысынан азырынча суроолор менен кыйнабай турууну өтүнгөн. Ошондой эле Кулов ушул дүйшөмбүдө журналисттер үчүн маалымат жыйынын уюштурууну болжоп жатканын билдирген болчу. Өкмөттүн маалымат кызматынан мындай жыйын качан болоору белгисиздигин, бирок жакын арада болушу мүмкүндүгүн кечээ «Азаттыкка» билдиришти.

Азим Исабеков тууралуу болсо ар кандай пикирлер айтылууда. Аны К.Бакиевдин эң жакын адамы катары санашууда.

А.Исабеков 1960-жылы Чүй областындагы Аламүдүн районунда Арашан айылында туулган. Жогорку билимдүү, 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин экономика адистиги боюнча бүтүргөн.

Орто мектепти аяктагандан кийин 1980-84-жылдары Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводунда слесарь, тракторист, жумушчу болуп иштеп, Советтик Армиянын катарында кызмат кылган. 1986-жылдан комсомолдук ишке өтүп, Фрунзе совхоз техникумунун комсомол уюмунун катчысы (1986-87), Кант райондук комсомол уюмунда уюштуруу бөлүмүнүн башчысы (1987-88), Аламүдүн райондук аткаруу комитетинде инструктор, бөлүм башчы (1988-89), Таш-Мойнок совхозунун партиялык уюмунун катчысы, директору (1989-1992) болуп иштеген.

1992-жылы Аламүдүн райондук мамлекеттик акимчиликтин аппарат жетекчиси болуп дайындалган. 1993-94-жылдары Таш-Мойнок айыл чарба ишканаларынын ассоциациясынын башкы директору, 1994-96-жылдары «Ак-Бермет» ишканасынын директору болуп иштеген.

1996-жылы мамлекеттик кызматка кайтып келип, Чүй областтык мамлекеттик акимчилигинде бөлүм башчы (1996-97), аппарат жетекчиси (1997-2000), Чүй областтык мамлекеттик акимчилигинин башчысынын орун басары (2000-2001) болуп эмгектенген.

2001-жылы премьер-министрдин аппаратына өтүп, уюштуруу, кадр маселелери боюнча бөлүм башчы кызматын аткарган. Андан кийин Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонддун директору (2002-2004), Сокулук райондук салык инспекциясынын начальниги (2004) кызматтарында иштеген.

2005-жылы март революциясынан кийин премьер-министрдин аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ноябрь айында Президенттин кеңешчиси, декабрда Президент администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматына чакырылган.

2006-жылы май айында айыл жана суу чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, июнда министр болуп бекиген.(КО)

XS
SM
MD
LG