Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:19

АЛМАМБЕТ МАТУБРАИМОВ: 47 МИҢ АТКА МИНЕРДИН КЕРЕГИ ЖОК


(29-январда ЖК жыйынында сүйлөгөн сөзү).

- Урматтуу депутаттар! Урматтуу Азим Бейшенбаевич! Депутаттардын маанайын карасам дурус эле болот го деп ойлойм. Мен кыскача каалоо эле айтып коёюн. Өкмөттүн структурасын түзгөндө оптималдуу кылсаңыз. Муну кайталагандар толтура, кереги жок. Көп агенттиктерди карашыңыз керек, бул биринчиден.

Экинчиден, кескин түрдө кыскартышыңыз керек. Аткаруу бийлигиндеги аткаминерлердин - 47 миңдин бизге кереги жок. Андан тышкары гос.чиновниктердин машинасын кыскартпасаңыз чатак кылабыз. Үчтөн-төрттөн машине минип жүрөт. Андан тышкары ар бир жерде хозрасчет органдар бар 5-6 машине минишет. Аны дагы эл көтөрүп атат да. Ушуну кыскартсаңыз. Кадр саясаты боюнча, мен сизден өтүнүп кетет элем, бизде азыр кадр саясаты жок. 30 жаштан 50 жашка чейинки жигиттерибиз кетип калды. Мыкты тың жигиттердин бардыгы фирма ачып, же чет мамлекетте иштеп жүрүшөт. Ушуларды тартып кийинки келечегибиздеги кадрды дайындабасак болбойт. Төртүнчүсү, миграция боюнча шартты түзүп бериш керек. Азимбек Бейшенбаевич керек болсо биз дагы барып жаталы, сиз дагы барып жатыңыз, Россия менен биздин эмгек мигранттардын маселесин чечишибиз керек.

Мен айтат элем, энерго секторду карап чыксаңыз. Сизден өтүнүч, өзүнчө министрлик болот деп атышат, структурасын алып келгенде көрөбүз. Статистика менен НЭС 27 тыйын турат экен НДС менен, распредсеп 36 тыйын кошот экен. Бул эмне деген нерсе. Распредсетке келсек жоготуубуз 46 пайыз деп отурабыз. Азыр 23 пайызды айтып кеттим. Эч качан 23 пайыз жок. Энергетика системасында 3төн 8 пайызга чейин максимальный болот. Ошондуктан муну токтотуш керек дагы, бардыгын катуу тейлебесеңиз бул жагынан киреше бизде болбойт. 2006-2010-жылга чейинки программа декларативдүү болуп калган деп айттым эле. Ушуну кайрадан иштеп чыккыла. Бюджетке кантип толтурабыз, кандай кыла алабыз, так ачык негиздеп мамлекетибиз кантип өсүшүн көргөзүшүбүз керек. Чогуу иштейли. Келечек кеңири.

Агропромышленный бизге 46 пайыз берет деп сүйүнүп атабыз. Өнүккөн мамлекеттерде 6-8 пайызды түзөт, АКШда 2 пайыз айыл чарбасы. Мунун бардыгын азайтыш керек дагы, тоо кен, кайра иштетүү, кызмат көрсөтүүнү чоң кылып көтөрүшүбүз керек. Ансыз дагы бизде мүмкүнчүлүктөр бар.

Киреше жагын жакшыраак карасаңыз, бизде булактар көп эле. Бирок анын бардыгын биз коё берип коюп атабыз.Чаржайыт, коррупциянын башы мына ушул жерде. Приватизацияны кайра карашыбыз керек. Болбойт, приватизациянын шартын бир дагы адам аткарган жок, мүмкүн 10 пайыз аткаргандыр. Жазылганда эмне деп алган : профилин өзгөртпөйбүз, жумуш ордун кыскартпайбыз, кошумча жумуш ордун алабыз деп бардыгы алган. Бири дагы жок. Ал тургай Майлысайдагы электролампа заводду карайлы.

Кумтөр боюнча: Кумтөрдүн башында турганда биринчи жолу мен кол койгом төрага болуп туруп, кайдан келип эле биздики 16 процент болуп калды билбейм. 94-жылы биз кол койгондо 75, 4 Кыргызстандыкы болчу. Курулуп аткан кезде дагы кыргыз атуулу башкарыш керек болчу. Кайда кетти билбейм. Сиз аткаруу бийлигин оптималдуу түзгөндөн кийин темирдей тартипти коюңуз. Койбосоңуз иштебейт. Экинчиден, катуу башкаруу кылышыңыз керек. Үчүнчүдөн, күчтүү талап коюшуңуз керек. Талапты аткара албайбы, иштен алыңыз. Андайлардын кереги жок. Эгерде Кыргызстан азыр ушул саздан чыгып кетпесек, эртең дагы көпкө тыгылабыз. Бир чыдаш керек дагы кетиш керек. Ички каржыга бюджет келгенде мен каршы болом. Ички каржыны 50 пайызга азайтыңыз. Элибиз кыйналып атканда эмне үчүн биз көбөйтүшүбүз керек.

XS
SM
MD
LG