Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

БАШКЫ ПРОКУРАТУРАНЫН ИШИ КАНААТТАНДЫРАРЛЫКПЫ?


Өткөн жуманын аягында Башкы прокуратура 2006-жылкы ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген коллегиясын өткөрдү. Аталган тармактын коррупцияга каршы күрөш, буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн ачылышы жана башка кылмыш иштери боюнча аткарган иштери, Башкы прокурордун Аксы окуясы боюнча айткан бүтүмү коомчулук тарабынан сынга алынууда. Айрым коомдук уюмдар Башкы прокуратуранын жыл ичинде жасаган иши канааттандырбай тургандыгын билдирип жатышат.

Жыйында Баш прокурор Камбаралы Конгантиевдин берген маалыматы боюнча өткөн жылы Кыргызстанда коррупцияга байланыштуу 814 кылмыш иши ачылган. Мунун ичинен 57% гана жогорку кызматтарда отурган адамдарга карата, ал эми 43% мугалим, дарыгер жана башка майда кызматкерлерге карата козголгондугун белгилеген Камбаралы Конгантиев кызматкерлерин ишти жеткиликтүү жүргүзө албай жаткандыгы үчүн зекиди. Ошондой эле анын айтуусунда аткезчилик менен күрөшүүдө да күч органдары начар иштеп жатышат.

Жыйындан кийинки коомчулукта айтылып жаткан пикирлер боюнча Камбаралы Конгантиев жетектеп турган Башкы прокуратуранын иши эл күткөн натыйжаларды бере алган жок. Жогорку Кеңештин депутаты Султан Урманаев коррупция азайбай эле күчөп жаткандыгын айтып, буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн аягы тыйылбай жаткандыгына басым жасады. Анын айтуусунда коррупциянын башында болгон мурдагы президенттин өзүнө жана үй-бүлөсүнө карата козголгон кылмыш иштери эмдигиче аягына чыгарыла электиги эле Башкы прокуратуранын ишинин канааттандырарлык эмес экендигин билдирип турат:

-Акаевдердин иши боюнча эч нерсе өзгөргөн жок. Көп жумуштардын баарын изилденип атат дейт. Эки жыл болду, изилдөөгө мынча убакыт кетпейт. Майрам Акаеванын, Бермет Акаеванын, Айдарга байланыштуу көптөгөн фактылар бар. Эми ошону эки жыл тергеш керекпи? Мындай болуп жаткан соң, кантип канааттанып, кандайча ырааазы болууга болот?- дейт ЖК депутаты Султан Урманаев.

Жыйында Аксы окуясына байланыштуу да Баш прокурор өз бүтүмүн билдирген. Анын сөзү боюнча Аксы окуясына байланыштуу козголгон кылмыш иши тергелип бүткөн, сот акыркы чечимин чыгарган. Ошондуктан, бул окуяны кайра козгоо саясий ойдо гана, кырдаалды дестабилдештирүү максатында болушу мүмкүн деген оюн айткан Баш прокурор. Анын бул бүтүмү Аксы окуясынын жабырлануучулары жана айрым бейөкмөт уюмдар тарабынан каршы кабыл алынды. Аксы окуясына байланыштуу БУУна чейин кайрылуу жасаган “Атуулдук коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Башкы прокуратура жарандардын укугун коргогон орган эмес, тескерисинче жазалоочу тармак болуп алды деген оюн айтты:

-Менимче, Баш прокурордун бул позициясы адамдардын Конституциялык укугуна жана эркиндигине доо келтирип жатат. Башкы прокуратуранын эң биринчи миссиясы жана багыты адам укуктарын Конституциялык ченемде көзөмөлдөп, жардам берүүгө багытталган. Мырза Конгантиевдин минтип өз оюн ачыкка айтканы жана Аксы окуясы боюнча чыгарган корутундусу жазалоочу мүнөздө болуп атат.

Баш прокурордун бул бүтүмүнө байланыштуу Аксы окуясынын жабырлануучуларынын атынан алардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков Аксы окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин изилденишин кайра карап чыгуу тууралуу Баш прокурорго кайрылмакчы.

Башкы прокуратуранын иши тууралуу мындай пикирлерди аталган структуранын маалымат катчысы Токтогул Какчекеев четке какты. Анын айтуусунда ар бир орган мүмкүнчүлүгүнө жараша аракет кылат:

-Башкы прокуратуранын иши мыйзам негизинде кыргыз мамлекетинин атуулдарынын укуктарын сактоо. Ал эми Акаевдердин иши боюнча биз өз жолубуз менен аракет кылып жатабыз. Башкы прокуратурадан тышкары да өкмөт башчы, тышкы иштер министрлиги жана башка толгон-токой мамлекеттик органдар бар, алар менен чогуулап иш алып барып атабыз. Азыркы Баш прокурор келгенден бери көп жетишүүлөргө ээ болдук,-дейт Токтогул Какчекеев.

Жыйынга катышкан президенттик администрациянын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев кечээ президентке Башкы прокуратуранын иши тууралуу маалымат берди. Ал эми президент Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө тийиштигин белгиледи.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG