Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

15:32 Арабстандан дин үгүтчүлөрү түштүктө эл аралап жүргөнүн облустук казыяттар билбейт


Жалалабат облустук бийлигинин жооптуу кызматкерлери менен казы-имамдардын 30-январда болгон жолугушуу жыйынында диний экстремизмдин алдын алуу жана аны менен күрөшүү олуттуу маселе экени баса белгиленди. Мамлекеттик коопсуздукка коркунуч туудурган жашыруун диний-экстремисттик уюмдардын таасиринен сактоодо молдо-имамдардын аракети майнапсыз болуп атканы айтылды. Ислам динин жайылткан даватчилерге (дин үгүтчүлөрүнө) көнүл бурулбай, дин ишмерлери үчүн семинар-кенешмелер өткөрүлө элек. Атүгүл үч күн мурда Бишкек,Ош жана Жалалабатта жүрүп кеткен Аравиялык дин үгүтчүлөрүн казыят билген эмес. Облустагы имам-молдолорду аттестациядан өткөрүү жана мечиттерди орто маалыматтуу дин адамдары менен камсыз кылуу иши начар. Казы Абибилла ажы молдолордун 70 пайызы аттестациядан өткөндүгүн, экс-казы Дилмурат ажы даватчилер диний башкармалык менен казыяттарга баш ийбей тургандыгын билдирди.(YA)

XS
SM
MD
LG