Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. Долбоорго Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун колу коюлгандан кийин комитеттерге таратылып берилмекчи. Айрым маалыматтар боюнча, жаңы структурада күч министрликтери боюнча дагы бир вице премьер-министр кызмат каралган. Андан сырткары энергетика жана отун министрлигин, туризм, жаштар иштери боюнча өзүнчө агенттиктердин түзүлүшү белгиленген. (AiT)