Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

ИРАНДА САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР ТАГДЫРЫ ТАЛАШКА ТҮШТҮ


Нарын АЙЫП, Прага Иранда акыркы күндөрдө - өлкөдөгү саясий партиялар тууралуу кызуу талкуу жүрүп жатат. Айрым эксперттердин ишениминде, партиялардын аракеттерин өкмөт чектөөгө даярданып жатат.

16-январда өткөн бир конференцияда өлкөнүн маданият министри Хуссейн Саффар-Херанди - саясий партиялардан эч пайда жок, алар Ирандын нукура маданиятына туура келбейт деп билдирди. Анын пикиринде, өкмөт тиги же бул маселени ийгиликтүү чечүүнү кааласа, эч кандай партиялары жок, түз эле элге кайрылса болот, ошондо гана исламдык революциянын баалулуктарын чыныгы коргоого алынат деген пикир айтты. Анын жактоочуларынын айтымында болсо, саясий партиялар - шайлоо өткөрүү үчүн ойлоп чыгарылган гана ыкма.

Эки аптадан бери ар башка маалымат каражаттарында министрдин сөзүн сындаган да, аны жактаган да пикирлер чыгууда. Көптөгөн партиялар жана кыймылдардын жетекчилери министрге каршы чыгууда жана саясий партияларсыз эч кандай чыныгы саясат жүргүзүү мүмкүн эмес деп билдирүүдө. Алардын айтымында, министр андай пикирди бекеринен айткан жок жана өлкө жетекчилиги Ирандагы саясий партияларды, мүмкүн, таптакыр жаап салууга даярданып жатат жана маданият министри аркылуу коомдук пикирди текшерип көрүүнү көздөгөн.

Башкалар болсо - саясий партиялар Батыштын чыгарган нерсеси, ошондуктан алардын Иран маданиятына туура келбегени жөнүндө айтуу - Тегеран менен Батыш ортосунда акыркы мезгилде өтө чыңалган абалды чагылдырат деген пикир айтууда.

Ирандын саясий системасы бир топ татаал, аны айрым байкоочулар эки баштуу система деп да атайт жана аны СССРдеги система менен салыштырат. Советтер союзунда парламент менен өкмөт болгону менен, бардык маселелерди коммунисттик партия чечип келген.

Иранда болсо советтик коммунисттердин маанисине динаятчылар ээ жана эң негизги маселелерди өлкөнүн руханий жетекчиси деп эсептелген аятолла чечет, аны айрым эксперттер СССРдеги компартиянын Борбордук комитетинин баш катчысына окшоштурушат. Руханий жетекчини Эксперттер кеңеши деген уюм тандайт жана ал Кеңештин мүчөлөрү элдик шайлоо аркылуу аныкталат. Өлкө саясатынын негизги багыттарын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеш деген уюм аныктайт, аны руханий жетекчинин көзөмөлү алдында президент башкарат.

Алардын чечимдерин болсо ишке Исламдык революциянын сакчылары деген уюм ашырат, алар динаятчыларга өтө жакын жана маданият министри Саффар-Херанди 16-январда сүйлөгөн сөзүндө саясий партиялардын милдетин ошондой сакчылар уюмдары аткарса болот деп билдирген.

Улуттук ишеним партиясынын мүчөсү Расул Монтажабния 17-январда атайын макала басып чыгарып, андай сакчылар - аскерий түзүлүш, өлкөнүн конституциясы боюнча болсо аскер саясатка кийлигишпеш керек жана ал тууралуу мурда аятола Рухолла Хомейни да так айткан деп билдирди. Башка саясатчылардын айтымында, партиялардын аракеттерин чектегендин ордуна Иран өкмөтү тескерисинче, аларга каражат менен жардам көрсөтүүгө тийиш деп билдирүүдө.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG