Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

ОРУС ПРЕЗИДЕНТИ КСЕНОФОБИЯГА ЭМГЕК МИГРАЦИЯСЫ СЕБЕП ДЕП ИШЕНЕТ


1-февраль күнү Орусиянын президенти Владимир Путин жергиликтүү жана чет-элдик журналистердин суроолоруна жооп берди. Анда каралган көптөгөн маселелердин арасында Путин Орусиядагы улутчулдук маанайы тууралуу да суроого жооп берген. Орус президентинин ксенофобия жөнүндөгү ойлорун жергиликтүү укук коргоочулар колдобой жатышат.

Орус президенти Владимир Путиндин айтымында, өлкөдөгү ксенофобияга, биринчи кезекте, эмгек базарында жергиликтүү калкка орун калбай калганы себеп болуп жатат.

- Тилекке каршы, бийлик органдары бул өңдүү улутчулдук көрүнүштөрүнө дайыма эле туура жооп бербей жатышат. Ал эми улутчулдук маанайынын жаралышына себеп болгон жагдайлардын бири: Советтер Союзу кулаганы менен, биздин чек-аралар ачык бойдон калган. СССРге кирген баардык мамлекеттер көз карандысыз өлкөлөр болуп калышты, бирок эмгек базарындагы маселелер көп учурда Орусиянын туруктуу тургундарынын кызыкчылыгы үчүн чечилбей келген, - деди президент Путин.

Орус президентинин айтымында, бул жалгыз гана себеп эмес, бирок кандай болгон күндө да улутчулдук менен күрөшүш керектиги айтылды.

Владимир Прибыловский – Москвадагы «Панорама» аналитикалык борборунун жетекчиси - Орусиядагы улутчулдук проблемасын көптөн бери изилдеп келаткандардан. Анын айтымында, Владимир Путин улутчулдукту жаратып жаткан факторлордун бири катары эмгек миграциясын алып жатканы, бир чети туура, бирок бул башкы себеп эмес.

Прибыловскийдин ишениминде, орус улутундагылар башкаларды жек көрүшүнө чечен согушу себепкер.

- Биздеги ксенофобиянын негизги формасы – кавказофобия. Ал 1995-жылдан кийин күчөй баштады. Ал эми «чечендер Москвадагы үйлөрдү өрттөшкөн» деген мифтен кийин, башкача айтканда, 99-жылдан кийин, бул көрүнүш андан да күчөп, азыр массалык психикалык балээге айланды, - деп ойлойт орусиялык эксперт Владимир Прибыловский.

Ал эми орус жериндеги улутчулдук көрүнүшүнө такай көз-салып келаткан белгилүү «Сова» борборунун башчысы Александр Верховскийдин айтымында, Путин бул жолу сөзүндө «жергиликтүү элдин кызыкчылыгы» деген ойду айтуу менен бура сүйлөгөндөй болуп калды. Анткени орусиялыктар туруктуу эл деп, мисалы, орус паспортун көтөрүп жүргөн башка улуттагыларды эмес, этникалык орустарды билишет.

«Ошондуктан президент бул жолу «жергиликтүү, туруктуу элдин кызыкчылыгы корголбой калганы ксенофобиянын күчөшүнө себеп болуп жатат» деп, кайсыл бир деңгээлде ушундай эле маанайды колдогон улутчул жаштардын талаптарына жооп бергендей болду», - дейт Верховский.

- Мунун баары «Путин улутчулдарды колдойт» дегенди билдирбейт, албетте. Путин зордук-зомбулукка каршы, бул түшүнүктүү, бирок анын бүгүнкү билдирүүсү «президент чет-элдиктер өлкөнү каптап кеткенинен улам бүт балээ башталды дегендерди түшүнөт» дегенди туюндурат. Бул – чынында эле проблема. Себеби бийликтер зомбулукка каршы деген ойго эч ким деле көңүл бурбайт, бул белгилүү эле нерсе. Ал эми президент бул жолу тике болбосо да, өзүнүн сөздөрү менен кайсыл бир деңгээлде улутчулдарды колдой баштады деген нерсенин сөзсүз угуучусу табылат. Мунун өзү улутчул маанайдагы «Мыйзамсыз миграцияга каршы» уюм өңдүү топтордун эми легитимдүү формага өтүшүнө жол ачат, - деди Москвадагы «Сова» аналитикалык борборунун башчысы Александр Верховский.

Кантсе да, орус президенти орус жериндеги улутчулдук тууралуу айткан сөзү ушу тапта Орусияда эмгек миграциясы жаатында көрүлгөн чараларга туура келген өңдүү. Анткени, ушул жылдын 15-февралынан тарта орусиялык базарларда чет-элдик мигранттар сатуучулук кыла алышпайт. Бул өңдүү чара, орус бийликтеринин айтымында, Орусиядагы жергиликтүү калктын кызыкчылыгын коргоо үчүн жасалган кадам. Демек, улутчулдукту да кыскартууга багыттал беле?

Төрөкул Дооров, Москва

XS
SM
MD
LG