Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:42

2- ФЕВРАЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


И. Гречанин баштаган орус аскерлери энесайлык кыргыздар кыштаган Терекли йол суусуна келген. Кыргызстан Конституциясын кезектеги түзөтүү үчүн жасалган референдум 2003-жылдын 2-февралында өткөрүлдү.

Энесайлык кыргыздардын саясий жана согуштук дарамети Эренак башкарган учурунда туу чокусуна жеткен. Буга чейин башы кошулбаган кыргыз бектиктерин бир ордого бириктирген Эренак, 1679-жылы Сибирдеги орус ээликтерине каршы чапкын уюштура баштаган. Ал үчүн ал аскерди экиге бөлүп, Шанды баштаган колду Томскиге багыттап, экинчи колду өзү жетектеп Красноярски багытында жортуул жасаган. Эренактын чапкыны орус ээлигине зор зыян алып келген. Мындан улам Красноярск жана Томь воеводалары биргелешип кыргыздарга каршы жортуул уюштурушан. И. Гречанин баштаган орус аскерлери 1680-жылдын 2-февралында кыргыздар кыштайт деген Терекли йол суусуна келгенде, алар ордунда жок болуп чыккан.

Генерал Г. А. Колпаковский 1876-жылдын 2-февралында Түркстан аскер округунун командачысы К. П. фон Кауфманга билдирүү жолдогон. Генералдын билдирүүсүндө Скобелев баштаган орус аскерлери Намангандан чыгып, гвардия ротмистри флигель-адъютант, барон Меллер-Закомельскийдин атчандар ротасы Каратегин тоосунда бекинген Пулатхандын колуна кол салгандыгы кабарланат. Барон Меллер-Закомельскийдин атчандар ротасы тапкычтык менен козголоңчуларга түн ичинде кол салып, согуш артыкчылыгын камсыз кылышкан. Козголоңчулар толук талкаланып, мал-мүлкүн таштай качкан.

Кыргызстан Конституциясын кезектеги түзөтүү үчүн жасалган референдум 2003-жылдын 2-февралында өткөрүлдү. Элдик добуш берүүгө Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу жана мамлекет башчысынын кызмат мөөнөтүн конституциялык нормага ылайык улантуу суроолору коюлган.

Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан маалыматка ылайык референдумга жалпы шайлоочунун 87% катышып, анын 77 % Конституциянын жаңы редакциянын кабыл алынышына жана президент Аскар Акаевдин 2005-жылдын декабрь айына чейинки мамлекет башында калышына шайлоочулардын 79% макул экендигин билдиришкен.

Кыргызстан аксакалдар сотунун кезектеги жыйыны 2005-жылдын 2-февраль күнү Бишкек шаарында өткөрүлдү. Жыйын ишине катышкан президент Аскар Акаев, четжердик тажрыйбаны экспорттогусу келет деп оппозицияны айыптап, алардын мамлекеттин саясий, социалдык стабилдүүлүгүн бузууга жасаган аракетине каршы туруп, коопсуздукту сактоо милдетин Аксакалдар сотуна жүктөдү.

Бу күнү, 1238-жылы монгол ханы Батый Москваны басып алып, 1522-жылы италиялык математик Людовико Феррари, 1883-жылы советтик композитор Михаил Гнесин, 1885-жылы Михаил Фрунзе, 1893-жылы Монгол Элдик Республикасынын негиз салуучусу Сухэ-Батор, 1952-жылы акын, котормочу Эсентур Кылычев жарык дүйнөгө келген.

Азаттык подкаст

XS
SM
MD
LG