Палестина автономиясында үч күнгө созулган элдешүүгө карабастан атаандаш ХАМАС жана “Фатх” партияларынын ортосунда кайрадан кагылышуулар болду. ХАМАСтын жоокерлери автономиянын президенти Махмуд Аббастын коопсуздук кызматынын жүк ташуучу машинелерин аткылашты. Натыйжада беш адам курман болуп, отуздан ашууну оор жараат алды. ХАМАСтын айтымында, жүк ташуучу машинелерде “Фатхтын” жоокерлери болгон, ал эми “Фатх” мындай билдирүүнү четке кагып, машине гуманитардык жүктөрдү ташып бараткан деп билдирди. Ушул эле күнү Батыш Иорданда Израиль аскерлери жүргүзгөн операциядан үч палестин курман болду.