БЕЛГРАД. Бүгүн Улуттар уюмунун атайын өкүлү Марти Ахтисаари Сербиянын президенти Борис Тадич менен Косовонун келечектеги статусун талкуулап жатат. Документтин тексти бүгүн белгилүү болот. Дипломаттардын айтымында, анда өткөөл мамлекеттик статус жөнүндө кеп болот, бирок көз карандысыздык деген сөз аталбайт. Косовонун негизинен албандар олтурукташкан калкы Сербиядан көз карандысыз болууну каалайт. 1999- жылдан бери Косовону Улуттар Уюмунун убактылуу администрациясы башкарып келатат.
Баян Жумакадыр кызы, Прага
Баян Жумакадыр кызы, Прага