Өткөн жумада Бишкектеги айдоочулар күйүүчү майдын бардык түрүнө баа 50 тыйынга арзандагандыгын байкашты. Бүгүнкү күндө салттык деп саналуучу А-80маркасындагы бензиндин баасы май куюучу бекеттерде 18,7 сомдон сатылууда. А-76 тибиндеги бензин 18,5 сом, ал эми А-93 тибиндегиси 22 сом 20тыйындан, дизелдик күйүүчү май 22 сом 70 тыйын турат. Ошол эле учурда айрым алыскы аймактарда күйүүчү майдын баасы өзгөрүүсүз калууда.
Баткен облусундагы кабарчыбыз Сабыр Абдымомуновдун маалыматы боюнча бүгүнкү күндө аймакта бензиндин баасы борбор калаага караганда бир аз кымбат. А-80 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 23 сомдон, А-93 тибиндеги бензин 28 сом турат. Кабарчыбыз билдиргендей жергиликтүү тургундар күйүүчү майдын баасынын кымбаттыгы бир тең, анын сапатынын төмөндүгү бир тең болуп жаткандыгына нааразы. Өзүн Искендер деп тааныштырган айдоочу Баткен-Ош багытында эл ташып, таксисттик кылат. Ал Баткенде бензиндин сапатынын начардыгынан жана баасынын кымбаттыгынан улам, машинасынын бензобагын Оштон толтуруп келээрин айткан:
-Баткенден куйганда машиналар бузулат. Азыр автотетиктер да кымбат. Ошондуктан, мен дайыма Оштон куюуга аракет жасайм. Эми өкмөт бензиндин сапат жагына бир аз көңүл буруп койсо жакшы болмок эле. Себеби шоопурдун баары эле арзан, жакшы бензин үчүн Ошко бара албайт да.
Монополияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик департаментинин жергиликтүү кызматкерлери жеке ишкерлерге баа боюнча бийлик кыла албасын билдиришүүдө.
Ал эми Талас аймагында А-93 үлгүсүндөгү бензиндин литри 24 сом турат. Таластык айдоочулар бензин Бишкекке караганда Таласта арзан экендигин бекемдешүүдө. Бул жерде автосүйүүчүлөрдүн айрымдары машиналарына күйүүчү май куюучу бекеттерден эмес, чака менен сатып, көчөдө отурган соодагерлерден май куюуну туура көрүшөт. Өзүн Нуркан Бекзатов деп тааныштырган айдоочу май бекеттердеги аппараттарга ишенбегендиктен улам, дайыма машинасына майды колдон алып куя тургандыгын билдирген:
-Майбекеттердеги бензин куйган аппараттарга ишенбейм. Көпчүлүк учурда жеткирбей, аз куюшат. Ал эми жол жээгинде саткандар чака менен куюп беришет. Баары ачык, көзүң менен көрүп турасың. Алардын сапаты начар дегенге деле мен ишенбейм. Анткени жол жээгинде отуруп саткандар деле май бекеттерден алып сатышат.
Жол жээгинде отуруп бензин саткан сатуучу Канат Акматов 50 тыйын үстөгүн кошуп, май бекеттен апкелген бензин менен дизелдик күйүүчү майды сатарын жашырган эмес. Анын айтуусунда күнүнө 80-100 литр бензин сатат.
Экинчи борбор деп аталган Ош аймагында күйүүчү майдын баасы акыркы жума ичинде 8% арзандаган. Учурда Ош шаарында А-76 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 19,5 сом, А-80 тибиндеги бензин 20 сом, А-93үлгүсүндөгүсү 20,5 тыйын, ал эми дизелдик күйүүчү майдын 1 литри 23 сом турат.
Жаңы жыл башында дүйнөлүк базарда чийки нефтинин баасы көрүнүктүү деңгээлде төмөндөдү. Алсак, өткөн жылдын июль айларында Нью-Йорктогу биржада чийки нефтинин бир баррели 79 долларды чапчыган эле. 2007-жылдын 1-февралына карата дүйнөлүк базарда нефтинин бир баррели 56,30 долларды түздү. Дүйнөлүк нефти магнаттар мунун себебин жер шарынын түндүк бөлүгүндө аба ырайынын күтүүсүз ысып кетүүсүнө жана дүйнөлүк экономиканын өсүү темпинин кыскарышынын күтүлүүсү менен байланыштырып жатышат.
Кыргызстандагы нефтрейдерлер биримдигинин билдирүүсү боюнча Кыргызстандын күйүүчү май базарындагы мындай баа өзгөрүүсүнө дүйнөлүк базарда чийки нефтинин баасынын төмөндөөсү негизги себеп болууда. Өткөн жылы кеч күздө Кыргызстандагы эң ири нефтетрейдер деп саналган “Альянс” компаниясынын акцияларын толугу менен Орусиялык “ГазпромнефтьАзия” компаниясы сатып алган. Ушундан тарта Кыргызстандын күйүүчү май базарында баалар бир калыпта турду, буга Орусиялык компаниянын келүүсүнүн таасири чоң деп белгилешет нефтетрейдерлер.
Буга чейин жыл сайын жазгы айдоо мезгили башталган учурда Казакстан жана Орусия сыртка сатылуучу күйүүчү майдын өлчөмүнө чектөө киргизчү. Мындан Кыргызстандын май базарында баа жогорулачу. “ГазпромнефтьАзия” компаниясы быйылкы жылы андай болбойт деп бекемдөөдө. Аталган компаниянын маалымат катчысы Өмүрбек Сатаевдин сөзү боюнча, “ГазпромнефтьАзия” күйүүчү майды Орусиянын Омск облусунан түз ташыйт, ошондуктан, күйүүчү майды сыртка сатууга киргизилүүчү чектөөлөрдүн ага тиешеси жок.
Кыргызстандагы нефтетрейдерлер биримдигинин президенти Базарбай Мамбетов: “Быйылкы жылы күйүүчү майдын баасын бир калыпта кармоого аракет кылабыз”
- Базарбай мырза, күйүүчү майдын баасы мындан ары да төмөндөөсү мүмкүнбү? Бааны бир калыпта кармап турууга кандай шарттар керек?
-Бул баа кеминде үч-төрт айга чейин кармалып турат деп болжоп жатабыз. Эгерде бул аралыкта нефтинин баасы боюнча дүйнөлүк кырдаал өзгөрбөсө ушул бойдон эле турат. Мына өткөн жылы жогорку сапаттагы бензиндин баасы гана 50 тыйынга көбөйгөнү болбосо, негизинен баа бир калыпта эле кармалып турду.
-Жаз жакындап калды. Жазгы талаа жумуштары башталган убакта адатта күйүүчү майдын баасы жогорулайт. Быйылкы жылга кандай божомолдор бар?
-Быйылкы жылы жазгы талаа жумуштарына карата күйүүчү майларды кымбаттатпайлы деген аракеттерди көрүп жатабыз. Биринчиден кышында жазга керектүү күйүүчү майды жетиштүү өлчөмдө апкелип койдук. Ошентсе да дизелдик күйүүчү майдын баасын аткезчилер бузуп жиберүүсү мүмкүн. Бирок алар менен да катуу иштеп, баарын жабалы деп атабыз. Мындан тышкары күйүүчү майдын баасын кымбаттатып жибере турган эч кандай сырткы күчтөр жок. Биздин өкмөт да жазгы талаа жумуштарына карата 10-20 миң тонна резерв түзүп бергиле деп айтышы мүмкүн. Аны аткарууга да бизде толук мүмкүнчүлүк бар.
-Мурдагы бийликтин тушунда Кыргызстандын күйүүчү май базарында “Альянс” компаниясы монополист болуп турган деген маалыматтар бар. Бул компаниянын акциясын толугу менен Орусиянын “ГазпромнефтьАзия” компаниясынын колуна өткөндөн кийин, Кыргызстандын күйүүчү май базарындагы акыбал кандай?
-Мурда биз толугу менен эле күйүүчү майды Казакстандан алчубуз. Бирок, казакстандык туугандар бизди өздөрүнүн базарынан түртүп чыгарууга аракет жасап келишкен. Күйүүчү май алып чыгууга бизге жардам бербей, кысымга алган учурлары болгон. Ошол убакта “Альянс” “ГазпромнефтьАзияга” акциясын сатып кеткени да бир четинен бизге абдан жакшы болду. Анткени, бул компания Орусиянын ири ишканасы “Газпром” компаниясынын алдында түзүлгөн. Алар ээлеп калгандан кийин “ГазпромнефтьАзия” күйүүчү майды керектүү өлчөмдө, көбүрөөк, эң негизгиси арзан баада бере баштады. Бул биз үчүн эң чоң утуш болду деп ойлойм. Пайда гана апкелди. Азыр биз эч кимден көз каранды болбой калдык. Мурда болсо жазгы талаа жумуштарынын учурунда, күзгү оруп-жыюу мезгилинде 10 миң тонна дизелдик күйүүчү май үчүн Казакстандын өкмөтүнө үч-төрт жолу кат жазып, анан бир-эки айга чейин күтүп, катты алып заводдорго барып, алар менен дагы көп алпурушуп жүрүп, араңдан зорго кыйынчылык менен алып келчүбүз. Азыр эч кандай проблема жок.