Ахмед Рашиддин айтымында, талиптер ушу тапта эки багытта активдүү аракетке өтүштү. Алардын бири – британ жана голланд аскерлери көзөмөлдөгөн райондо байкалууда. Экинчиси – Муса Кала калаасында жүрүп жатат. Бул шаарга талиптер жогорку жетекчиликтин көрсөтмөсүнө ылайык киргени калетсиз. НАТОнун күчтөрү калааны кайта алганы операция баштаса, буга талиптер өлкөнүн башка райондорунда активдүү аракеттер менен жооп кайтарары, муну менен көктөмдөгү аскери өнөктүк ачылары калетсиз.
Талиптер былтыр позициялык уруштун усулун колдонушту, дейт Рашид. Алар негизинен Орузган, Гилменд жана Кандагар провинцияларында айрым жайларга тийип-качып катылып турушту. Быйыл болсо алар каркап партизандык ыкмага өтүшү ыктымал, болгондо да үч провинцияда эмес,алты же жети аймакта бир мезгилде жайпама жапырык салып кириши мүмкүн. Эгер алар ушундай тактиканы колдоно турган болсо, анда НАТОнун күчтөрүнө ар кайсы аймакка бөлүнүп, чачыранды болгонго туура келет, дейт Рашид.
Талиптер жаздагы масштабдуу уруштарга камынып жатканын Ооганстандын АКШдагы элчиси да “Уолл стрит жорнэл” гезитинде жарыяланган макаласында ырастады. Элчи ооган-пакистан чекарасына мина коюу планына каршылыгын билдирип, проблеманын баары террористтердин Пакистандагы уюмдарында жатканын, алды менен маселенин ушул жагын чечүү керектигин эскертти.
НАТОнун контингенти болсо талиптердин жазгы жапырык-чабуулдарын үзгүлтүккө учуратканы жана аларга озунуп сокку урганы масштабдуу операцияларга камынып жатышат. Эл аралык контингентке командачылык кылуу кезметин жекшемби күнү британдыктар америкалыктарга өткөрүп беришти. Ооганстанда ушул тапта альянстын 35 миң аскери бар.