Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

«КЫРГЫЗ РУХУ» МЕНЕН КУРМАНБЕК ТЕМИРБАЕВДИН ЧАТАГЫ ЭМНЕДЕ?


«Кыргыз руху» гезитинин өткөн аптадагы санында жарыяланган «Темирбаев «төшөк үйлөрүнө» кимдерди алып барып жүрөм деп мактанат..?» аттуу көлөмдүү макала, коомчулукта ар кыл пикирлердин пайда болушуна себепчи болду. «Кыргыз руху» гезитинин редактору Болот Таштаналиевдин ырасташынча, макала негиздүү далилдерге таянып жазылган. Ал эми макаланын баш каарманы, президенттин алдындагы иш башкармалыгынын жетекчиси Курманбек Темирбаев гезиттеги жазылгандар таптакыр негизсиз экендигине байланыштуу «Кыргыз рухун» сотко бергендигин билдирди.

«Кыргыз руху» гезитине өткөн аптада басылган көлөмдүү макалада, Президенттин алдындагы иш башкармалыгынын жетекчиси Курманбек Темирбаевдин, Бишкекке жакын жайгашкан Заречная айылындагы эски бала-бакчасын, эс алуу үйүнө айлантып, ал жакта кожоюнун эс алдырып жүргөндүгү тууралуу айтылат. Андан ары гезит Темирбаев президенттин иш башкармалыгын башкарбай эле президенттин эс алуу үйлөрүн тейлеп калганбы деген суроону кабыргасынан коёт. Буга байланыштуу президенттин иш башкармалыгында иштеген кызматкерлер маалымат жыйынын өткөрүп, «Кыргыз руху» гезитиндеги айтылгандарды төгүнгө чыгарышса, Курманбек Темирбаевдин өзү кечээ күнү гезитти сотко бергендигин маалымдады. Ал эми гезиттин редактору Болот Таштаналиевдин ырасташынча, Темирбаевдин кылган иштерин ашкерелеген далилдер жетиштүү:

- Эл өзү келип атат да. Мынакей Темирбаевден запкы көргөн кишилердин бардыгы кайрылып атат. Бир эки киши болсо бир жөн. Мына 28 директорду кызматынан алып туруп, ака-үкөлөрүн коюп отурса дагы кандай далил керек.

Ал эми президенттин алдындагы иш башкармалыгынын жетекчиси Курманбек Темирбаев, жалган жалаа жаап атат деген негизде гезитти сотко бергендигин маалымдады:

- Эс алуу үйү деген жеринде бузулуп-чачылып жаткан жеринен оңдотуп койгонбуз. Оңдотуп бүтө элекпиз дагы. Ал жерде жашоого шарт да жок азыр. Анан булар чынында мамкатчынын чечими менен өкмөттүн чечими менен «Кыргыз руху» арендасын төлөбөгөнү үчүн биздин турак-жайларды тейлеген борбордун кызматкерлери аренда төлөгүлө деп талап коюшкан. Ошону эми бизди кубалап атат, кетирип атат, мында Темирбаев айыптуу деп туруп болбогон жалааларды жаап атат. Мен сотко бердим, кагаздарга кол коюп бердим.

Кыргызстан Медиа өкүл институтунун директору Илим Карыпбековдун пикиринде, кандай болгон күндө да чоң кызматта отургандар анча-мынча гезиттердин жазгандарына көз жумуп коюулары керек эле. Анткени, алар коомчулуктун көз кырында турган маанилүү фигуралар болуп саналат. Өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө ММКлар менен соттошкон чиновникти коомчулук катуу сынга алат. Сот да андай кишини көп учурда колдобойт. Ошол себептүү эгер кайсы бир чоң чиновниктин кайсы бир басма сөз каражатын сотко бергени, сөз эркиндигине кысым көрсөтүү катары бааланат:

- Президенттин администрациясы ошол гезитти сотко берип, журналистти берсе, дегеле ар бир жалпыга маалымдоо каражаттарына же журналистке доо-арыз келтирүү, мунун баары сөзсүз түрдө кайсы бир деңгээлде сөз эркиндигине басым көрсөтүү, сөз эркиндигин кандайдыр бир деңгээлде чектөө иш-аракеттери катары бааланат.
XS
SM
MD
LG