Энесайлык кыргыз өкүмдары Эренак 1680-жылдын 8-февралында орус аскерлери менен акыры жолу беттешүүгө барган. Буга чейин Р.Старков, И.Гречанин баштаган орус аскерлери красноярскилик воеводанын жоокерлери менен биригишкен. Балким, Эренак да мыкты куралданган орус аскерлерин жеңе албастыгына көзү жетсе керек. Дегенде,Эренак орус лагерине адамдарын жиберип, согушту токтотуу сунушу менен кайрылган. Бирок сүйлөшүү жыйынтыксыз аяктап, каршылашкан тараптар мамилени согуш талаасында аныктоону туура көрүшкөн. Акыры, каршылашкан тараптар беттешкен маалда, Эренак менен анын иниси Мунзе араздашууну токтотууну жана орус амирине кире тургандыгын билдирип кишилерин орус аскер жетекчилигине жиберген. Орус аскерин баштаган И. Гречанин ачык жооп айтпай, создуктурганына байланыштуу каршылашкан тараптар ар кимиси өз ордосуна кайтышкан.
Энесайлык кыргыз улуктары 1657-жылдын 8-январында Красноярск воеводасы М. Скрябинге Тенирко Серковду маанилуу кабар менен жиберишкен. Кыргыз улуктары монгол алтынхандарынын өкүмдары Ложан Красноярскиден 4 күндүк аралыкта жашагандыгын жана анын ою бузук экендигин билдиришкен. Алардын кабарлоосуна караганда Ложан баштаган алтынхандар Красноярскиге кол салууга кам көрүшкөн. Кыргыздар болсо монголдордун адам саны арбындыгынан улам, аларга каршы күрөшүүгө батынбай тургандыгын эскертишкен.
Пишпек почта-телеграф канторасы 1926-жылдын 8-февралында почта жана телеграф кызматында иштей турган адистерди даярдоочу курс ачты. Адистик курска комсомол мүчөсү жана жергиликтүү калктын өкүлү болуш керек, деген гана талап коюлган.
Кыргызстан, айрыкча борбор шаар орун алган жер жогорку сейсмикалык аймакка киргендиктен мында көп кабаттуу үйлөр курулбай келген. Борбор шаардагы биринчи көп кабаттуу үйдүн курулушу 1974-жылдын 8-февралында бүткөрүлгөн. 12 кабаттуу турак үй Мира проспектиси менен Айни көчөсүнүн кесилишине салынып, анын подвал жана биринчи кабатында ашкана, «Балдар дүйнөсү» аталган дүкөн, майда эмерек оңдоочу жайлар орун алган.
Бу күнү, Петр I 1724-жылдын 8-февралында Илим Академиясын негиздегенине байланыштуу Россияда Илим күнү белгиленип, 1238-жылы монголдор Суздальды басып алышып, 1828-жылы атактуу француз жазуучусу Жюль Верн, 1834-жылы атактуу химик, химиялык элементтердин мезгилдик мыйзамын ачкан Дмитрий Менделеев, 1928-жылы СССР эл артисти Вячеслав Тихонов жарык дүйнөгө келген.