Сенаттын комитетиндеги талкууну ачып жатып, комитет төрагасы сенатор-демократ Жозеф Байден президент Буш Иранга согуш ачып жибериши ыктымал деген чочулоосун билдирди. Сенатор Ирандын ядролук программасы реалдуу коркунуч түзөрүн ырастап, ошол эле учурда Вашингтон администрациясы Тегеран менен сүйлөшүүлөрдөн баш тартканы аз келгенсип, Перси булуңуна экинчи согуш кемесин киргизгенин эске салды жана мындан ырааттуу саясатты көрбөй жатканын белгиледи.
Ушундан улам Байден кокус Тегеран ядролук программасын токтотсо, мамлекеттик катчы ирандыктар менен сүйлөшүүлөрдү баштаганга даярбы-жокпу,ушуга кызыкты. Кондолиза Райс мурда айтып жүргөн сөздөрүн кайталап, эгер ирандыктар, коопсуздук кеңешинин талабына ылайык, уран байытканын айкын-ачык токтото турган болсо,анда Тегерандын өкүлү менен кайсы мезгилде, каерде болсун жолукканга даяр экенин ырастады.
Буга кошумчалап Райс Ирактагы жагдайга шарапаты тийсе Сирия менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө Вашингтондун ыкыласы бар экенин бышыктады. Болгону мындай сүйлөшүүлөр, биринчиден, майнаптуу болгону шарт,экинчиден, ал Ливандагы кырдаалга салакасын тийгизбеши керек.
Өкүлдөр палатасындагы талкууларда конгрессмендер Буштун администрациясын Иран менен сүйлөшүүлөрдүн удулун колдон чыгарып жибергени үчүн сынга алышты. Атап айтканда, Тегеран 2003-жылы бир катар проблемаларды,анын ичинде Израилди таануу мүмкүнчүлүгү тууралуу маселени талкуулап көрүүнү сунуш кылган,буга Вашингтон жетерлик маани бербей койгон дешти. Райс буга жооп кайтарып, ирандыктар Вашингтон менен сүйлөшкүсү келет деп айткандар чынында эле көп болгонун моюнга алды. Бирок мындай дипломатиялык батылдыкка барганга Тегерандын эч кандай ишаарасы сезилбегенин, бери эле дегенде ирандыктардын Израилди тааныганга ыкылас-ынтаасын байкай албаганын билдирди.
Ошол эле күнү Ак үйдүн басма сөз катчысы Тони Сноу да АКШнын Иранга басып кирүү планы жоктугун кайталап ырастады. Мунун алдында аятолла Али Хаманеи Вашингтон Иранга кол сала турган болсо, буга жооп кылып Тегеран Кошмо Штаттарынын дүйнөдөгү бардык объекттерине сокку урарын эскерткен эле.