Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:07

ИРАНДАГЫ ИСЛАМДЫК РЕВОЛЮЦИЯГА 28 ЖЫЛ ТОЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага Эларалык терроризмдин орчундуу бөлүгүн азыр исламчыл террорчулар көргөн аракеттер түзөт. Айрым эксперттердин пикиринде, андай исламдык "жихаддын" дүйнөгө жана өзгөчө Жакынкы Чыгышка кеңири тараганына 1979-жылы Иранда ишке ашкан исламдык революция түрткү болгон. 11-февралда Иран эли ал революциянын 28 жылдыгын белгилөөдө.

Сингапур шаарындагы терроризмди изилдөө борборунун башчысы Рохан Гунаратнанын пикиринде, акыркы отуз жылда Жакынкы Чыгышта жихад идеясы кеңири тараганына Ирандагы революция өтө чоң таасир тийгизген:

-Чындыгында үч орчундуу окуя болгон, алардын бири - Ирандагы 1979-жылдагы революция жана ал - Америка Кошмо Штаттарына дагы коркунуч түзүү мүмкүн экенин көрсөткөн, анткени төңкөрүштөн кийин ирандыктар АКШнын элчилигин басып алып, америкалык дипломаттарды 444 күн бою барымтада кармаган. Экинчи окуя - ошол эле 1979-жылдын декабрында Советтер Союзу Ооганстанга кол салганы. Жана үчүнчү окуя - Кэмп-Дэвид келишими. Бул үч окуя жихадчылардын аракеттеринин күчөшүнө алып келген. Бирок Иран революциясы өтө маанилүү.

1979-жылдын 11-февралында Ирандагы бийлик алмашканга чейин өлкөдөгү элдик толкундоолор жарым жылга дейре уланган. Шах Мохаммед Реза Пехлеви акыркы жылдарда кеңири реформа баштап, өлкөнү бир муундун өмүрү учурунда өзгөртүүгө аракеттенген жана айрымдар анын реформаларын революция деп да атаган. Бирок ага динаятчылар каршы чыккан жана элдик нааразылыктын башына - Париж шаарында сүргүндө жашаган аятолла Рухолла Хомейни келген.

1978-жылдын 8-сентябрында бийлик Тегерандын көчөлөрүндөгү демонстрацияга каршы ок аткандан жүздөгөн адам өлгөндө, элдик толкундоолор ого бетер күчөгөн жана карапайым калк ар башка шаарларда бийлик имараттарын барымтага ала баштаган. Декабрда митингчилерге каршы бийлик танк да колдонгон жана 7-январда Хомейни Иран элине Парижден кайрылуу жасагандан кийин чыныгы революция башталган.

16-январда шах өлкөдөн качып чыгууга аргасыз болгон, 1-февралда Хомейни өлкөгө 15 жылдык сүргүндөн кийин кайтып келгенде болсо, аны Тегерандын аэропортунда миңдеген адам тосуп алган жана 5-февралда ал убактылуу революциялык өкмөт түзүлгөнү жөнүндө жарыялаган. Дагы бир топ кандуу кагылышуудан кийин 11-февралда өлкөнүн куралдуу күчтөрү элге каршы аракет көрүүдөн баш тартканда, бийлик Хомейнинин өкмөтүнө өткөн жана 1-апрелде ал референдум өткөрүп, Иранды исламдык жумуриятка айландырган.

Андан бери өткөн 30 жылдын ичинде Ирандын экономикасы бир топ көтөрүлдү, мисал үчүн дүң өндүрүш 76 миллиарддан 460 миллиард долларга чейин өстү, бир адамга туура келген бир жылдык киреше эки миңден жети миң долларга чейин көтөрүлдү жана сабаттулардын саны 1979-жылы 50 пайыз болсо, азыр ал 80 пайызга жетти. Бирок саясий жана диний эркиндиктер чектелип, оппозициялык саясатчылар менен эркин журналисттер куугунтукталууда.

Батыштын саясаты жана баалулуктары болсо Иран элине эч кандай жарашпайт деген маанай мамлекеттик пропаганда аркылуу таратылууда жана "Америка өлсүн!" деген ураандар менен чет өлкөлүк элчиликтердин алдында эмгиче митингдер өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG