Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

“КЫРГЫЗ РУХУН” ӨРТТӨГӨН КИМДЕР?


Кечээ он биринен он экинчи февралга караган күнү, түнкү саат 02:00 чамасында “Кыргыз руху” гезитинин редакциясында өрт чыгып, компьютердик борбору кызыл жалын алдында калды. Гезиттин баш редакторунун орун басары Болот Таштаналиевдин ырасташынча, бул окуя гезиттин акыркы эки санында орун алган Президенттин иш башкармалыгынын жетекчисине байланыштуу чуулгандуу макалаларга байланыштуу болушу ыктымал. Ал эми каршы тарап “Кыргыз руху” гезити жазгандарды куру жалаа катары баалап, чыккан өрт техникалык себептерге байланыштуу болушу мүмкүн дешүүдө.

“Кыргыз руху” гезитинде кечээ түндө чыккан өрттөн редакциянын компьютердик борборундагы 15 жылдык материалдары толугу менен өрттөнүп кеткен. Гезит кызматкерлеринин айтымында убагында жетишкен өрт өчүргүчтөр жалындын бүтүндөй имаратка жайылып кетишинен сактап калышкан. Президенттин иш башкармалыгынын карамагындагы бул имаратта “Кыргыз рухунан” башка “Кыргыз туусу”, “Слово Кыргызстана” жана “Жаңы Ордо” гезиттеринин редакциялары жайгашкан.

“Кыргыз руху” гезити акыркы эки санында Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Курманбек Темирбаевдин ишин катуу сынга алып, Бишкекке танапташ жайгашкан Заречная айылындагы бала-бакчасын эс алуу үйүнө айлантканын жана ал жакта кимдерди эс алдырып жүргөнүн жазып чыккан эле.

Гезиттин баш редакторунун орун басары Болот Таштаналиевдин айтымында чыккан өрт ушул макалаларга байланыштуу болуусу ыктымал:

- Бул боюнча биз тийиштүү укук коргоо органдарына кайрылдык. Анын себептерин алар иликтеп, айтып берээр. Эми биз бул окуяны саясатташтыргыбыз келбейт. Бирок, ошол эле учурда биз аны кандайдыр бир деңгээлде гезиттин акыркы мезилде жазып аткан сын материалдарына, журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштырып жатабыз. Буга чейин гезитке жазып келатканбыз, президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Темирбаев ошол жактан бир бала-бакчаны алып, евро ремонт жасатып, анан кандай кылганын...

“Кыргыз руху” гезити турган имарат Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Мамлекеттик имараттарды пайдалануу, күтүү борборуна карайт. Борбордун жетекчиси Кубанычбек Кудайбергенов “Кыргыз руху” гезитинде чаккан өрт тууралуу мындай дейт:

- Чыны менен өрт болуптур. Өрт деп айтканга болобу, кичинекей бөлмөнүн күйгөн жеринин көлөмү беш чарчы метр экен. Анан адистер келип көрдү, өрт өчүргүчтөр келип көрдү. Бул жерде эч кандай мындай атайын бирөөлөр өрттөдү деген изди деле алар тактап айткан жок. Бирок, атайын бүтүмүбүздү бир-эки күндүн тегерегинде чыгарып беребиз деп атат. Бир жактуу азыр мындай-тигиндей деп, “Кыргыз рухунун” балдарын мен түшүнбөйм,-дейт Кудайбергенов.

Ошондой эле ал “Кыргыз руху” гезити мамлекеттик имаратта турганын, кеңсе ижарасы үчүн 500 миң сомдун тегерегинде карызы бар экендигин жана ушул төлөмдөрдөн качып, редакция куру жалаа жабууга өтүп алганын билдирди.

Ал эми Медиа өкүл Шамарал Майчиевдин пикиринде, учурдан пайдаланып башка эле бирөөлөр өрт коюп кеткен болушу мүмкүн:

- «Кыргыз рухун» келип өрттөп кетишти дешет, бирок, азырынча анын себептери, байланыштары белгисизда да. Аны Темирбаев эмес эле башка кишилер ошолордун карым-катнашын билип туруп өрттөп коюшу мүмкүн. Аны тергөө иштери аныктайт.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевдин ырасташынча, “Кыргыз руху” гезитинде чыккан өрт Акаев доорундагы массалык маалымат каражаттарына болгон чабуулду эске салат:

- Гезиттин компьютердик борборунун күйүп кеткени Аскар Акаевдин учурундагы көп окуяларга окшошуп кетип атат да. Ошондо дагы “МСН” гезитинин редакциясын талкалап кеткен учурлар болгон, “Агым” гезитине да кол салуулар болгон. Бул жакта дагы ошондой бир көрүнүш болуп атат. Анан да биз билгендей “Кыргыз руху” гезити акыркы убактарда президенттин иш башкармасын жазып келатат. Ошого байланыштуу да болушу мүмкүн. Бирок бир гана фактыларды айтышыбыз керек. Так ушул мезгилде, гезиттин эмки санында да кайрадан Темирбаев боюнча материалдардын чыгуусу күтүлүп атканда болуп атат бул окуя.
XS
SM
MD
LG