Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

ПУТИН АРАБ ӨЛКӨЛӨРҮ МЕНЕН АР ТАРАПТУУ АЛАКА ТҮЗҮҮНҮ САМАЙТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ Жакынкы Чыгыштагы иш сапары алкагында, Сауд араб өлкөсүнүн королу Абдулла менен жолугушуу маалында эки тараптык алака боюнча келишимдерге кол коюушту. Андан соң Ирактагы абал жана израилдик-палестиндик кармашуудагы жагдайды талкууга алышты. Сауд королу журналисттер алдында Жакынкы Чыгыштагы чатакты кайра ырааттуулукка келтирүүдө Орусия көрүнүктүү ролду ойнойт деген. Орусиялык лидер иш сапарынын акырында орусиялык-саударабдык ишкерлер чөйрөсү менен жолуккан. Андан ары орусиялык президенттин иш сапары Катар менен Иорданияга да уланган.

Орусия жеринен Сирия, Палестин автономиясы жана Мисир менен чукул экени адат көрүнүш эле. Жеринен Маскөө аларга курал жана технология сатып келет. Ошого карабай маскөөлүк бийлик араб өлкөлөрүнө ошончо эле жакын эмес эле. Путин бийликке келгени ал адатты бузуп 2005-жылы Мисир менен Израилге ырасмий иш сапарын карыткан. Азыр да Жакынкы Чыгыштагы үч өлкөгө, болгондо да жеринен Батышка такай өнөк болуп жүргөн Сауд Арабстан, Иордания жана Катарга иш сапары менен барды.

7-февралда президент журналисттер алдында араб мамлекеттери менен маскөөлүк алаканын дурус экенин белгилеген:

«Араб өлкөлөрү менен Орусиянын алакасы жакшы же абдан жакшы», - деген болуучу Путин.

Орусиялык президент жанына кара май жана газ компанияларынын жетекчилерин, коргонуу министрин жана мусулман жумурияттардын президенттерин ала барган. Саясий анализчилер мындай аракетти орусиялык жетекчиликтин араб өлкөлөрү менен экономикалык, саясий жана аскерий жаңы мамилеге жетишүү үчүн жасалып атат дешет. Ал жактан чыкчу кара май жана газды изилдөөгө инвестиция кошуп эми Маскөө араб өлкөлөрү гана эмес Перс булуңуна да таасирин жайылтуу аракетте дешет.

Дүйнөлүк коопсузук институтунун орусиялык бөлүгүнүн деректири Иван Сафранчук айтканына караганда, бул жерде экономикадагы же соодадагы эле эмес курал сатуудагы алака болорун белгилейт:

«Бул курал сатуу ишкердигин саясат менен бышыктоо болот. Эмне дегенде Сауддук араб өлкөсү орусиялык танктардыи сатып алып атат».

Сауд Араб өлкөсүнүн королу Абдалла делегация менен барган Татарстандын президенти Минтимер Шаймиевге ислам алдында сиңирген эмгеги үчүн Фейсал корол атындагы сыйлык тапшырган.

Орусиялык лидердин Катар өлкөсүнө токтоп өтүшүн кайсы бир көз салуучулар бекеринен эмес дешет. 2004-жылы 13-февралда Катардын ордо калаасы Дохада Чеченстандын мурдагы президенти Зелимхан Яндарбиев жардырылып өлтүрүлгөн. Ал жолу катардын соту колго түшүрүлгөн орусиялык эки атуулду 25 жылдан кесип, кийин аларды Владимир Путин арага түшүп атып бошотуп алган. Ошол жолку эмирдин жакшылыгын унутпаса керек дешет.

XS
SM
MD
LG