Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:54

АКШ КОРГОО МИНИСТРИ: ООГАНСТАНДАН АМЕРИКА ЭМИ КӨПКӨ ЧЕЙИН КЕТПЕЙТ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ коргоо министри Роберт Гейтс кызмат сапар менен Пакистанга келип, өлкө президенти Первез Мушарраф менен жолугуп, кошуна Ооганстандагы абалды жана эл аралык террорчулукка каршы күрөштүн өзгөчөлүктөрүн талкуулады.

Тараптар ортосунда талкууланган негизги маселе - кошуна Ооганстандагы абал болду. Пакистандагы "Чакала" деген аскерий базада 12-февралда журналисттер менен жолукканда, Роберт Гейтс - Ооганстанга АКШ көпкө келди жана өлкөдөн эми көпкө чейин кетпейт деп билдирди:

"Советтер кеткенден кийин АКШ ката кетирген. Биз Ооганстанга көңүл бурбай калганбыз, ошондуктан өлкөнү өз көзөмөлүнө экстремисттер алып кеткен. Натыйжада 2001-жылдын 11-сентябрында АКШ ага оор баа төлөдү, бирок эми биз башка андай ката кетирбейбиз", - деди АКШ коргоо министри.

Пакистан менен Оооганстан бир-бирин көптөн бери күнөөлөп келатат жана АКШ коргоо министринин Пакистанга келгенинин себептеринин бири дагы андай кастык маанайды оңдоо болгон. Кабулдун айтымында, талибдердин калдыктары кошуна Пакистандын аймагында жашынууда, Исламабаддын айтымында болсо, ооган жетекчилиги террорчулар менен өзү жакшылыктуу күрөшө албагандыктан, жөн гана кошуна Пакистанга шылтап жатат.

Дагы бир талкууланган маселе - жаздын келиши менен талибдер жана "ал-Каида" лашкерлеринин калдыктарынын чабуулдары күчөшү мүмкүн деген пикирлер айтылууда жана ага каршы алдын ала даярдык көрүлүш керек. "Жаз башталышы менен чек арада күчөй турган аскерий кагылышууларды да талкууладык жана ооган өкмөттүк күчтөрү, НАТО уюму, АКШ менен Пакистан биргелешип жана өз алдынча кандай аракет көрүш керек экени жөнүндө сүйлөштүк", - деди Гейтс Пакистан президенти Первез Мушарраф менен жолуккандан кийин.

Талибдер канчалык күчтүү экенин - алардын жоокерлери 1-февралда Ооганстандын түштүгүндөгү Муса-Кала деген шаарды басып алганы көрсөттү.

Ооганстанда азыр НАТО уюмунун 31 миң аскери жайгаштырылган, алардын 11 миңи - америкалыктар. Андан тышкары АКШнын дагы 13 миң аскери - "ал-Каида" террордук уюмунун лашкерлерин жана жетекчилерин издөө аракеттерин көрүүдө. Оооган-Пакистан чек арасына Пакистан 80 миңге жакын аскер жайгаштырган. Ооганстандагы НАТО аскерлерине акыркы тогуз айдын ичинде британиялык генерал Дэвид Ричардс башчылык кылып келген, 4-февралда ал башчылык америкалык генерал Дэн Макнейлге өттү.

Ричардс мурда Муса-Каланын аксакалдары менен сүйлөшүп, алар шаарга талибдерди кайра киргизбейт деген келишим түзгөн, бирок британиялык аскерлер Муса-Каладан чыгып кеткенден кийин, аны талибдер басып алды.

8-февралда Испаниянын Севилья шаарында өткөн НАТО уюмунун коргоо министрлеринин жолугушуусунда Ооган-Пакистан чек арасындагы коопсуздукту күчөтүү маселеси талкууланганган жана Гейтс ал жыйында кабыл алынган чечимдер тууралуу Пакистан президентине айтып берди. 10-11-февралда Мюнхен шаарында өткөн дүйнөлүк коопсуздук маселелери боюнча конференцияда НАТОнун баш катчысы Яап де Хооф Схеффер - Ооганстандагы абалды ооган өкмөттүк күчтөрү өз көзөмөлүнө 2009-жылы алууга даяр болот деп билдирди.

XS
SM
MD
LG