Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

ЖАРЫК ДҮЙНӨДӨН КЕТКЕНГЕ ЖАРДАМ БЕРҮҮЧҮ КЛИНИКА, АДАМЗАТКА СҮЙКҮМДҮҮ ЖАНЫБАРЛАР…


Cуу чыпкалагычты ойлоп тапкан химик бир миллион доллар сыйлык алды. Адамдар жаңыбарларды коргоодо да өң карайт экен. Швейцарияда бул дүйнөдөн кетүү үчүн жардам алуу укугу психикалык ооруларга да берилди.

Cуу чыпкалагычты ойлоп тапкан химик бир миллион доллар сыйлык алды

Дүйнө жүзүндө бир миллиарддан ашык адам таза суу менен камсыз кылынбаган. Ошон үчүн жакында Америкада иштеп жаткан химик Абдул Хуссам ойлоп тапкан чыптагычка жогору баа берилип, окумуштуу 1 миллион доллар өлчөмүндөгү Грейнер сыйлыгына татыктуу болду. Хуссамдын айтымында, салыштырмалуу арзан жабдууну сатып алуу көптөгөн адамдардын капчыгына туура келет:

- Жабдуунун баасы кеминде 35- 40 долларды түзөт, анын баасы материага жараша болот. Мындай акчаны жумушчу бир айда табат ,- дейт Хуссам.

Жер кыртышынын курамында болуучу мышьяк даамсыз, жытсыз жана түзсүз келгендиктен, адамдар аны байкашпайт. Бирок иче турган сууда мышьяк көлөмүнүн жогору болуусунан өпкөнүн, теринин жана табарсыктын рак оорусу пайда болушу ыктымал.

Адамдар көздөрүнө сүйкүмдүү көрүнгөн жаныбарларды көбүрөөк коргошот

Панда аюулары, ит балыктар жана пингвиндер жаратылышты коргоочулардын көңүл борборунда экени маалым. Бирок акыркы изилдөө бул жаныбарлар коргоого муктаж эмес болуп калганын, адамдар алар сүйкүмдүү болгон үчүн эле коргоп жатканын айгинеледи. Изилдөөчүлөр айткандай, адамдар жоголуп кетүү коркунучуна дуушар болуп турган жаныбарларды эмес, көздөрүнө сүйкүмдүү көрүнгөн жаныбарларды коргошот экен.

Жаратылышты коргоочу уюмдарды карап көргөндө, адамдар оболу ар түрдүү куш-канаттууларга, андан соң сүт эмүүчүлөргө жана балыктарга, андан соң өсүмдүктөргө, андан кийин гана сойлоп жүрүүчүлөргө, алардын ичинен таш бакаларга көңүл бура тургандыгы аныкталды. Жаныбарлардын ичинен курт- кумурскаларга эң аз көңүл бурулат экен. Ал эми 1881-жылы эволюция теориясынын негиз салуучусу Чарльз Дарвиндин "дүйнө тарыхында сөөлжандардай чоң роль ойногон жандыктар болгон эмес чыгаар", деп жазганы бар.

Америкада иштеп жаткан "Херкес сосайти" деген уюмдун айтымында, тигил же бул жандыкты коргоодо адамдар оболу "бала сымал сүйкүмдүү, чоң баш, бакыракай көз, кызыл, сары жана саргылжын түстүү жандыктарга көп көңүл бурат экен".

Психикалык оорулууларга жарык дүйнөдөн кеткенге доктурлар жардам берет

Швейцарияда жарык дүйнөдөн доктурлардын жардамы менен менен кетүү укугуна психикалык жактан оорукчан адамдар да ээ болушту. Бирок биологиялык этика боюнча адисттер Жогорку Сот киргизген жаңы эреже доктурларды да, бул дүйнө менен кош айтышууну каалаган оорукчал адамдарды да өтө кычыктуу абалга такаганын айтышат. Американын биоэтика боюнча профессору Арт Каплан соттун бул чечимин ишке ашыруу өтө кыйын жана коркунучтуу болот деп эсептейт. Анткени, доктурларга психикалык жактан оорулуу, бирок өмүр - менен өлүм сыяктуу маанилүү маселелерди чечүүгө дагы эле жөндөмдүү абалда турган адамдардын суроосун канагаттандыруу вазыйпасы жүктөлүүдө. Биоэтиктин айтымында, доктурлардын жардамы менен бул дүйнөдөн кетүү арызы менен психикалык жактан оорукчан адамдар эле эмес, жакын адамынан айрылып, убактылуу депрессияга түшкөндөр жана ушул сыяктуу жеңил оорулар кайрылышы ыктымал. Андай учурда калпыс чечимдерге жол ачылат, дейт профессор.

Швейцария Европанын башка өлкөлөрүнөн бул тармактагы мыйзамдарынын либералдуулугу менен айырмаланат. Цүрих шаарында жайгашкан "өзүн өзү өлтүрүүгө көмөктөшүүчү" Дайнитас клиникасына ондогон чет элдиктер кайрылып, өмүр менен кош айтышат. Клиниканын негиздөөчүсү Людвиг Миннелинин айтымында, Британиядан эле былтыр клиникага дүйнө менен кош айтышуну каалаган 54 адам кайрылган.

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары
XS
SM
MD
LG