Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

ФЕЛИКС КУЛОВДУН ОРДУ КАЙДА БОЛОТ?


“Ар-Намыс” партиясынын лидери, мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов бүгүн маалымат жыйынын өткөрөт. Ушул тапта коомчулук анын маалымат жыйынында айтар сөзүн божомолдоп, Куловдун мындан ары ээлей турган позициясына терең кызыгуу менен байкоо салып турган учур. Айрым пикирлер боюнча ал кайрадан оппозициянын катарына кириши ыктымал. Башка пикирлерге караганда, Феликс Кулов кийинки президенттик шайлоого катышууга катуу даярдык көрө баштайт дешет.

Феликс Кулов өткөн айда парламенттин элегинен өтпөй, премьер-министр боло албай калган. Ошондон бери Кулов кайсы жолго түшүп, кандай кадамдарды жасап жиберет деген кызыгуу коомчулукта жүрүп келе жатат. Мурдагы өкмөт башчы, “Ар-Намыс” партиясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси оппозицияга кошулуусу ыктымал, анткени аны тандемдеши, президент Курманбек Бакиев саясий оюндан четтетип койду деген пикирлер менен кошо эле Кулов 2010-жылы болуучу президенттик шайлоого даярдык көрө баштайт деген ойлор айтылууда. Кулов өзү мындан аркы кадамдары тууралуу эч бир маалымат каражаттарына айтпай келе жаткан. Ошондуктан, мурдагы өкмөт башчынын бүгүнкү боло турган маалымат жыйынында айта турган сөздөрү боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер айтыла баштады. ЖК вице-спикери Кубанычбек Исабековдун ою боюнча Феликс Куловдун бүгүнкү маалымат жыйыны коомчулукка жаңылык алып келүүсү мүмкүн:

-Бүгүнкү маалымат жыйынында Кыргызстандагы саясий акыбал, коопсуздук боюнча айтылса керек. Кулов өзүнүн президент Бакиев менен болгон тандеми тууралуу кызыктуу бир маалыматтарды айтуусу мүмкүн. ХИПИК боюнча дагы кандайдыр бир материалдарды айтар. Бул маалымат жыйыны коомчулукка жаңылык апкелген өзгөчө бир жыйын болот деп ойлойм,-деди Кубанычбек Исабеков.

ЖК дагы бир депутаты Сайдилла Нышанов Феликс Куловдон орчундуу, омоктуу идея деле күтпөйт. Ал Кулов өкмөт башчылык кызматка келген учурда эл андан көп нерсени күткөндүгүн, бирок ал иш жүзүндө алсыздыгын көрсөткөндүгүн айтып, бул жолу деле эч өзгөчө бир “тарс” эткен жаңылык айтып жиберүүсү кыйын деген пикирин билдирди:

-Мен Куловго түшүнө албай келем. Өзүнүн саясаттагы ээлеген орду, канча жылдан бери жыйнаган тажрыйбасы көп деп ойлочу элем. Ошондуктан, эл көптү күтүп аткандыр, бирок мен анын маалымат жыйынында кандайдыр бир өзгөчө кеп айтып, жаңылык киргизип жиберерине ишенбейм.

Айрым бир саясатчылар Кулов кайрадан оппозицияга келүүсү мүмкүн деген көз караштарын айтып жатышат. Депутат Кубанычбек Исабеков “Ар-Намыс” партиясынын лидери бийликке каршы лагерге өтө турган болсо, оппозиция дагы күчтөнүүсү мүмкүн деген оюн билдирди. Депутат ошондой эле Феликс Кулов 2010-жылкы шайлоодо президенттикке ат салыша турган инсандардын бири экендигин да айтып кетти.

Кулов 2010-жылы боло турган шайлоодо президенттикке гана ат салышпастан, парламентке да өзүнүн партиясынан арбын адам өткөрүүгө аракет жасашы ыктымал деген божомолун дагы бир депутат Улукбек Ормонов билдирди:

-Кулов президент сунуш кылган кызматтардын баарынан баш тарткан болсо, анда менимче Феликс Шаршенбаевич өзүнүн партиясын чыңдап, 2010-жылы боло турган шайлоолорго катуу камданат. Президенттик жана парламенттик шайлоого өзүнүн партиясын даярдайт.

Мурдагы өкмөт башчынын дарегине карай айтылган мындай божомолдордун баарына, “Ар-Намыс” партиясынын координациялык кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырованын баамында, бүгүн боло турган маалымат жыйыны чекит коет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG