Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

ӨЗӨКТҮК ИШКАНАЛАРЫН ТҮНДҮК КОРЕЯ ЖАБУУГА МАКУЛ БОЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага Түндүк Кореянын өзөктүк программалары боюнча Бээжин шаарында 8-февралдан бери өтүп жаткан алты тараптуу сүйлөшүүдө 13-февралда тараптар келишимге келип, Пхеньян өзүнүн өзөктүк ишканаларын жабууга макул болду.

Келишимге негизги эки тарап - АКШ менен Түндүк Корея келди жана эми бир нече жумушчу тобу түзүлүп, бир айдын ичинде кеңири келишим иштелип чыгат жана 19-мартта сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасы башталат.

13-февралда Түндүк Корея - өзүнүн Йоңбен шаарындагы өзөктүк реакторунун ишин 60 күндүн ичинде токтотууга макул болду, эл аралык коомчулук ал үчүн өлкөгө 50 миң тонна мунай жана 50 миң тонна башка гуманитардык жардам көрсөтөт. Йоңбенге болсо Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин инспекторлору келет жана алар - уран байытуу иштери чындыгында токтотулганы жөнүндө билдиргенде, Түндүк Корея дагы 950 миң тонна мунай алат. АКШ болсо Түндүк Кореяны - эл аралык террорчулукка колдоо көрсөткөн мамлекеттер тизмесинен чыгарат.

Бээжиндеги сүйлөшүүгө төрагалык кылган Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары У Давей мунаса жетишилгенин жогору баалап жарыялады: "Түндүк Кореянын өзөктүк ишканалары жана Йоңбендеги өзөктүк реактор акыр-аягында жабылат, Пхеньян инспекторлорду чакырат жана алар бардыгын текшерет. Түндүк Кореяга 100 миң тонна гуманитардык жардам, анын ичинде 50 миң тонна мунай берилет", - деди У 13-февралда.

АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс болсо бул жетишилген келишимди узак жолдун башталышы гана деп мүнөздөдү: "Бээжинде түзүлгөн алты тараптуу келишим - Түндүк-Чыгыш Азияны стабилдүүлүккө жеткирүү жана Корея жарым аралын өзөктүк куралдан бош аймакка айландыруу жолундагы эң маанилүү алгачкы кадам",/i> - деди Райс айым Вашингтон шаарынан.

Анткен менен АКШнын Бириккен Улуттардагы мурдагы өкүлү Жон Болтон келишимди сынга алды, анын айтымында, эми башка мамлекеттер дагы Түндүк Кореянын жолун жолдоп, ири жардам алыш үчүн АКШны опузалашы мүмкүн.

Өзөктүк Куралды жайылтпоо тууралуу эл аралык келишимге Түндүк Корея 1985-жылдын декабрында кошулган. Йоңбен шаарындагы реакторду болсо ага СССР 1964-жылы куруп берген, ал аскерий максатты көздөбөгөн ишкана болчу. Бирок 1986-жылы АКШ ал реактордун жанында башка дагы бир реактор бар экенин тапкан жана ошондон тартып Вашингтон менен Пхеньян ортосунда тирешүү башталган.

Алты тараптуу сүйлөшүү болсо 2003-жылдын августунда башталган, ага АКШ, Жапония, эки Корея, Кытай дана Орусиянын өкүлдөрү каьышууда. азыркы сүйлөшүү - анын бешинчи айлампасы. Айрым айлампалар бир нече бөлүктөн турган. Бешинчи айлампанын биринчи бөлүгү 2005-жылдын сентябрында өткөн жана Түндүк Корея 19-сентябрда - эгер дүйнөлүк коомчулук тарабынан ага жетиштүү экономикалык жардам көрсөтүлүп, өлкөнүн коопсуздугуна Батыш мамлекеттери кепилдик берсе, ал өзүнүн өзөктүк программаларын токтотот деген коммюникеге кол койгон. Бирок ошол эле жылдын ноябрында Вашингтон менен Пхеньян ортосундагы мамиле кайра бузулуп, Түндүк Корея сүйлөшүүдөн чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG