Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

РОЗА ОТУНБАЕВА: БАКИЕВДИН ТЫШКЫ САЯСАТЫ БИР ТАРАПТУУ


“Асаба” партиясыны тең төрайымы, мурдагы Тышкы иштер министри Роза Отунбаева “Азаттыкктын” суроолоруна жооп берди.

- Алгачкы сурообуз былтыр ноябрдагы митингдер менен байланыштуу «дискет гейт” окуясы боюнча. Күбөө катары өтүп жаткан айрым бейөкмөт уюмдардын лидерлери андай чакыруулар ал турсун психологиялык кысым көргөзүү аракеттери болуп жатканын билдирип келишүүдө. Кечээ бул тууралуу “Адилет” деген бей өкмөт уюмунун башчысы Чолпон Жакыпова айтып чыкты. Сизди улуттук коопсуздук кызматына чакырбай калыштыбы?

- Мен да эки жолу барып келдим коопсуздук комитетине. Эки жолу мени сурашты. Жаңы жылдын алдында дагы бир жолу чакырды эле менин убактым жок болчу, мага өзүңөр келип кеткиле десем келген жок. Ошол бойдон али дареги жок. Бирок, Асия Сасыкбаева айткандай, алардын начальниги, бизди сурак жасап аткан жигит абдан бышык болуп, силерди жайлайбыз, ордуңарды көрсөтөбүз дегендей мааниде бизге үстөмдүк мамиле жасап, билерман болуп отурат.

- Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов бүгүн көптөн күтүлгөн пресс-конференциясын өткөргөнү жатат. Кулов өкмөттө кезинде сиз да бир топ сынга алдыныз. Бул кишинин келечектеги саясий ордун, саясий күчтөрдүн кайсы тобунан көрөсүз?

- Менин оюмча бүгүн Феликс Кулов өзүнүн так позициясын айтыш керек. Кыргызстандын келечеги, тагдыры барыбыздын колубузда. Кыргызстандагы акыбал барыбыздын оюбузду, жүрөгүбүздү оюп турган кези. Феликс Кулов менин оюмча муну жакшы эле түшүнүп атат. Мен ишенем Кулов туура жолду таап, коррупцияга каршы азыркы бийликтин көп каталарын билип, ошолорду оңдогонго чоң аракет жасайт го деп. Өзүнүн партиясы бар, жанында көп 5-10 жылдан бери иштеп келаткан жоро-жолдоштору бар, ошолор менен көз караштары бирге болот деп ишенем.

- Өкмөт кайра түзүлөр алдында тышкы иштер министрлигин сиз Европа чөлкөмүнө жетиштүү көңүл бурбай жатат деп сынга алдыңыз эле. Эртеси министрликтин Батыш өлкөлөр департаменти сиздин сын-пикирге жооп берген билдирүү таратты. Анын артынан тышкы иштер министри өзү алмашып калды. Кандай дейсиз, Кыргызстан сыяктуу өлкөнүн шартында министрлик жетекчисинин алмашуусу ушул саясаттын багытына кандайдыр бир таасир тийгизеби?

- Менин оюмча таасир деле тийгизбейт. Азыр Кыргызстандын тышкы саясатынын деңгээли, мени өзү кетти башкаларды сынап атат деп айтпагыла, бирок, тышкы саясаттын азыркы деңгээли эч таасир деле тийгизбейт. Анткени, Бакиевдин тышкы саясаты бир тараптуу, профессионалдык эмес, мен Тышкы иштер министрлигиндеги кичинекей майда чиновниктерге сын берип аткан жокмун. Бизде тышкы иштер саясаты президенттин колунда. Биз көрүп атабыз кандай тышкы саясатты кылып атат. Министрдин колунан эч нерсе келбейт. Ал жөн эле Бакиевдин сөзүн ишке ашыра турган адам. Ошондуктан жыл сайын экини алмаштырса дагы эч таасир деле жок. Тышкы иштер министри көбүрөөк өзүнүн профессионалдык жумушун билип, жадакалса чет тилди билип, кенен сүйлөшсө деп ичим күйүп айткан сөздөр болчу. Биз өзүбүз Европа менен иштебей атабыз. Эң эле алдынкы 27 өлкөдөн курулган 420 млн. эл, эң алдынкы технология, инвестиция, адамдык ресурстар континенти менен алака түзбөсөк, анда биз менин оюмча көп нерседен утулабыз.

- Бөлүшкөн ойлоруңузга ырахмат.

XS
SM
MD
LG