Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

МАДРИДДЕ МАСШТАБДУУ СОТ БАШТАЛДЫ


Мадридде 2004-жылдын мартындагы террордук окуяларга байланыштуу масштабдуу сот процесси башталды. 200дөй адамдын өмүрүн алган бул кыянат ишке катыштыгы бар деп 29 киши айыпталууда. Мадриддеги балааматтардын үч жылдыгы алдында испан өкмөтү өлкө боюнча коопсуздук чараларын күчөтүүгө киришти.

Экстремисттердин бүгүнкүдөй масштабдуу сот процесси Европада буга чейин дегеле болгон эмес. Айыптоо актысы, танык-далилдер топтолгон документтер эле жүз миң беттен ашат. Процесстин жүрүшүндө 600дөн ашуун күбөлөр көрсөтмө беришет, жүзгө жакын эксперттин ой-пикири угулат. Сот июлга чейин ар аптада үч күндөн иштейт, октябрда өкүмүн чыгарат.

Айыпталгандардын он бири теги жагынан марокколуктар, калгандары Алжирдин, Сириянын жана Ливандын жарандары. Жети күнөөкөр атайылап киши өлтүргөнү жана террорчул уюмдарга киргени үчүн жооп беришет. Башкалары аларга иркектеш болгон жана жарылма заттарды даярдап, жашырып катып жүргөн деп күнөөлөнүүдө.

Тергөөчүлөр Мадриддеги балааматтарды “Ал-Каидага” байланышы бар жергиликтүү экстремисттердин уюму уюштурган деп эсептешет. Полиция 2004-жылдын апрелинде бул иштин артында турган жети адамдын изине түшүп,аларды шаардагы үжөрөлөрдүн биринде курчоого алган. Экстремисттер тирүү колго түшкүсү келбей, өздөрү турган үйдү жардырып жиберишкен.

11-марттагы курмандыктар бирикмеси деп аталган уюмдун башчысы бүгүн башталган процессти узун жолдогу биринчи шоола деп атады. Мадриддеги балааматта кызынан ажыраган Ямила аттуу мусулман аял баласын өлтүргөн жаналгычтардын көз алдында тургандын өзү жүрөк заарканткан иш экенин айтып,зыркырады.

Мадриддеги касирет маалында 191 кишинин өмүрү кыйылып,эки миңдей адам жабыркаган.

XS
SM
MD
LG