Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:56

БУШТУН СТРАТЕГИЯСЫН КОНГРЕСС БУЗГУСУ КЕЛЕТ


АКШда президент Буштун Ирактагы стратегиясын айыптаган резолюциянын долбоору бүгүн конгресстин өкүлдөр палатасында колго салынат. Документ кокус колдоо тапкан күндө да милдеттүү күчкө ээ болбойт. Бирок ал Иракка байланыштуу кошумча мыйзам актыларын кабыл алганга негиз түзө алат.

Конгресстин эки палатасында тең көпчүлүктү түзгөн демократтар адегенде бул документти сенаттан өткөрүүнү көздөшкөн болчу. Бирок мындан эки аптадай мурда республикачыл-сенаторлор долбоорду жыдытып салганга жетишкен эле. Ошондон соң демократтар документти өкүлдөр палатасында карай турганын айтышкан.

Талкуулар мындан үч күн мурда,шейшембидеги жыйында башталды. Аны ачып жатып, палатанын спикери, демократ Нэнси Пелоси “америкалыктар президент Буштун саясатына ишеничин жоготуп,жаңы багытты талап кылып жатканын” белгиледи. Коомдук пикирдин соңку натыйжалары америкалыктардын 53 проценти Ирактан аскерлердин мүмкүн болушунча эртерээк чыгарылышын жактай турганын көрсөттү.

Палатадагы соңку күнкү талкууларда демократ-конгрессмен Рик Баучер проблема жалаң аскери аракеттер менен чечилбей турганын айтып, дипломатия жана Бейкер-Гамилтон комиссиянын тыянактарын колдонуу ийгиликтин бирден-бир туура жолу болорун белгиледи. Баучер буга Түндүк Кореяны мисалга келтирди. Бу маселеде администрациянын дипломатиялык аракеттери майнаптуу болду, Иракка да ушундай усул керек, деп айтты ал.

Демократтардын дагы бир өкүлү, конгрессмен Пол Канжорски президент, вице-президент жана мурдагы коргоо министри Ирактагы согуш арзанга эле түшөт, жарыбаган жардам, чакан контингент гана керек болот деп ойлоп, катуу жаңылышканын, эми өтө кеч болуп калганын, андыктан маселени чечүүнүн мөөртү келгенин кошумчалады.

Республикачыл-конгрессмендер оппоненттерине каяша кылышты. Патрик МакГенри, мисалы,казандай кайнап турган Ирактан кетүү Израилди, батыш демократиясын, ошондой эле АКШнын улуттук таламдарын жана америкалык шайлоочуларды коркунучка калтырарын эскертти.

Долбоор колдоого ээ болгон күндө да милдеттүү күчкө ээ болбойт. Ошол эле учурда өкүлдөр палатасындагы азчылыктын лидери,республикачыл конгрессмен Жон Бонер демократтар муну менен аскерлерди АКШга кайтаруу үчүн Ирактагы операцияларды каржылоону токтотууну көздөп жатышат деп эсептейт. Мунун арты өтө салакалуу болорун эскерткен Бонердин сөзүнө анын партиялашы, конгрессмен Кэти Макморрис Роджерс да кошулду.

Резолюциянын долбоорунда конгресс “президент Буштун Иракка кошумча дагы 20 миңден ашуун аскер жайгаштыруу чечимине макул эместиги” айтылат. Бирок “конгресс жана америкалыктар Иракта кажыбас каармандык менен кызмат өтөп жаткан аскерлерди толук колдой турганы” да белгиленет.

Президент Буш кечээ Ооганстанга да кошумча аскер контингенти жөнөтүлөрүн жарыялады.

XS
SM
MD
LG