Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:05

ИРАКТЫ ИРИТИП ЖАТКАН ИРАНБЫ?


Ирактагы козголоңчуларды курал-жарак менен Иран жабдып, аларды бүлүк-бүлгүн иштерге жатыктырып жатканы калетсиз факты экенин Пентагондун башчысы Роберт Гейтс эки-үч курдай кайталады. Муну мурдараак президент Жорж Буш да ырастап,айрыкча Ирандын тандалма “Ал-Кудс” отрядын айыптаган эле. “Ал-Кудс” корпусу, анын Ирактагы таасири тууралуу терроризм проблемасына адистешкен эксперт, Лондондогу изилдөө борборунун жетекчиси Махан Абедин “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берди.

“Ал-Кудс” – Иран ислам революциясынын сакчылар корпусунун тандалма, атайын адистештирилген бөлүгү. Бул отряд тикелей аятолла Али Хамениеге баш иет. Лондондук эксперт Махан Абединдин маалыматтарына ылайык, “Ал-Кудс” корпусу 1980-жылдардын башталышында түзүлгөн. Ага Ирандан тышкаркы жерлерде атайын операцияларды өткөрүү милдети жүктөлгөн. Соңку чейрек кылым ичинде “Ал-Кудс” Ооганстандагы, Ливандагы окуяларга аралашкан. Саддам Хуссейнди бийликтен кулатуу максатында учурунда ирак диссиденттери, күрт фракциясы менен иш жүргүзгөн. Андан соң Босниядагы мусулмандарга курал-жарак жөнөтүү операциясын өткөргөн, түштүк Судандагы окуяларда өкмөттүк армияга колдоо көрсөткөн.

Бирок азыркы кезде Иракта америкалык жана коалициялык аскерлерге каршы операциялардын баарын ушу “Ал-Кудс” уюштуруп жатат дегенге Махан Абедин кошула албайт. “Бул таптакыр туура эмес, америкалыктардын мындай ырастоолору болбогон кеп”, - дейт Абедин.

“Ал-Кудс” чет жактардагы операцияларга Ирандын эң жогорку деңгээлдеги жетекчилеринин санкциясы менен гана катышат. Иранга болсо азыр, Абединдин айтымында, Ирактагы мындай саясаттын таптакыр кажети жок. Андан көрө коңшулаш өлкөдөгү оккупациялык мезгилден кийин да аердеги өз мазапташтарына таасир-таалимин сактап калган Тегеранга алда канча маанилүү. Анын үстүнө АКШнын Ирактагы бийлигине тикеден-тике кыр көрсөткүдөй ирандыктардын ошончолук эле күчү күр болуп, урушарга жоо таппай турган жери жок.

Абединдин айтымында, “Ал-Кудс” атайын адистештирилген тандалма корпус болгону менен чоң деле контингент эмес,ашып барса сегиз жүздөй адамга жетет.

Быйыл январда америкалык аскерлер Ирбилде кармаган ирандык беш дипломат “Ал-Кудстун” кызматкерлери болушу мүмкүн деген кептерди Абедин жокко чыгарбады.Бирок Багдаддагы ар бир элчилик,Ирактагы ар бир консулдук – алар америкалыктардыкыбы, британдыктардыкыбы же башкалардыкыбы – баарында чалгынчы офицерлер бар экени талашсыз. Бу жагынан Иран деле өзгөчө абалда калган өлкө эмес, дейт Абедин.

XS
SM
MD
LG