Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

ИШЕНБАЙ КАДЫРБЕКОВ: КӨП КАБАТТУУ ҮЙЛӨР ЖЕР ТИТИРӨӨГӨ ТУРУШУК БЕРЕРИНЕ КӨЗ ЖЕТПЕЙТ


Акыркы эки айдын аралыгында өлкө аймагында катталган 8 жер титирөө курулуп жаткан чоң-кичине, бийик-жапыз имараттардын сейсмикалык жактан туруктуулугу жөнүндөгү маселени күн тартибине чыгарууда. Бул чөйрөдөгү жагдай өткөн аптада өкмөттөгү атайын жыйында талкууланган эле. Бул проблеманын чоо жайы тууралуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Ишенбай Кадырбеков “Азаттык” менен маектешти.

- Сиз өткөндө өкмөт жыйынында чочуй турган маалыматтарды айттыңыз, Бишкекте кабаты жетиден бийик жаңы салынган кырктай үйдүн сейсмикалык жактан туруктуулугу күмөн санатаарын, жалпы курулуштун 90 пайызы туура келген жеке менчик үйлөр иш жүзүндө көзөмөлсүз салынып жатканын билдирдиңиз. Жеке менчик үй ээлеринин бир бөлүгү өз коопсуздугун ойлор. Бирок бизнеске байланышкан көп кабаттуу үйлөрдүкү башка маселе. Сиздерге ишенсек, курулуштагы башаламандыкка жол берилип келгенинин себеби эмнеде?

- Мунун себеби бир эле - жеке менчик үйлөр курулуп атканда мамлекет көзөмөлгө албай калган. 1994-жылы Жогорку Кеңеште жеке менчик куруу жөнүндө мыйзам кабыл алынган болчу. Ал жерде толугу менен жазылган бир жакшы нерсе, ар бир инсан өзүнүн куруп атканда долбоордун негизинде куруп, анан кийин мамлекеттик көзөмөлдүн негизинде өткөрүп бериш керек эле эки эксплуатацияга. Мына ошону эч ким көңүлгө албай, мыйзам сыртта калып, 10-11-жылдан бери каалашынча курулуп калган.

- Көп кабатуу үйлөрдүкүчү?

- Көп кабаттуу үйлөр дагы көзөмөлдөн чыгып кеткен. Жети кабатка чейнки каркастуу үйлөр техникалык кеңештен өтүп, өзүнүн расчетторун экспертиза кылыш керек эле. Тилекке каршы экспертизаны толугу менен өткөрбөй, көп кабаттуу үйлөр 7 кабат эмес 10-14 кабатка чейин курулуп аткан экен. Биз азыр кайра алардын бардыгын экспертизадан өткөргөнгө сунуш кылып атабыз. Эгерде алар экспертизадан өтпөсө, расчетторун бербесе биз аларды эксплуатацияга бербейли деп атабыз. Себеби алардын жер титирөөгө туруштук бере турганга көзүбүз жетпей турат. Мунун дагы бир туура эмес болгон себеби, биз 40тан ашык үйлөрдү текшерип көрсөк куруп аткан 15 фирманын тиешелүү лицензиясы да жок экен, уруксатсыз куруп аткандар да бүгүн далил болду.

- Мындан ары ушундай жагдайга жол бербөө үчүн эмне кылуу керек. Көп кабаттуу үй салуу бул бизнес менен байланышкан. Албетте үй арзан сатылышы үчүн алар көп техникалык нормаларды сактабай да калышы мүмкүн. Ушундайга жол бербөө үчүн эмне кылалы деп жатасыздар мындан ары?

- Эң негизгиси, мына 7 кабаттуу үйлөрдү алалы, 7 кабаттуу болгондо дагы биринчи долбоордун негизи болушу керек. Долбоор биринчиден генпландан башталат, айыл өкмөттөр жер берет экен. Ал жерге курууга мүмкүнчүлүк барбы-жокпу ошону далилдебей, сейсмикасын билбей, кээ бирде жер көчкөн, суу чыгып аткан жерлерге куруп коюп атышат, фундаменттер эзилип кетип атат. Ошондуктан бүгүн 90дон ашык пайыздагы жашоо калктардын бары тең ген.плансыз курулуп атат. Экинчиси, көп кабаттуу үйлөрдөн долбоордун негизинде, жердин ал-акыбалын изилдеп, долбоорду экспертизадан өткөрүп, анан ар бир деталине чейин көзөмөлдүккө албасак, бул көп кабаттуу үйлөр урап калышы мүмкүн. Ошондуктан биз бардык үйлөрдү бүгүн госстройдун системасында иштеп аткандар контролго алдык.

- Түштүк кореялыктар салып жаткан кичи районуна эң бийик үйлөр ошол жерде болот эмеспи. Ал жер сиздердин көзөмөлдөбү?

- Түштүк Кореянын көп кабаттуу үлөрүнүн курулушуна биздин адистер катышып атат. Негизи биздин конструктивдүү адистер Советтик Союзунун нормативи менен жасап аткан болчу. Булар өтө чоң квалификацияланган адамдар. Ошол менен чогуу эсептеп азыр монолитный каркас менен 18 этаж тамдарды курганы атат. Толугу менен госстройдун көзөмөлүнөн кетип атат.

- Берген маалыматтарыңызга ырахмат.


Маектешкен Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG