Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 01:06

ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ: ВЕРТИКАЛЬ БИЙЛИКТИ ЖОГОТУП АЛГАН ЖАТАБЫЗ


“Азаттыктын” маектеши - Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев.

- Жогорку Кеңеште ушул аптада бюджет боюнча талкуулар өтөөрү күтүлүүдө. Билесиз бюджет бекий элек. Мурдагыдан айырмаланып, бюджет быйыл эки баскычтуу болот деп күтүлүүдө. Мыйзам мурда эле кабыл алынган экен. Мындай система сиз сыяктуу губернатор, акимдердин каржылык бийлигин чектейт. Бул жолду туура эле көрүп жатасызбы?

- Биринчиден, 2004-2005-жылы шайлоо болоордун алдында кандайдыр бир деңгээлде ошол убактагы депутаттардын шайлоочуларга жест жасайбыз деп жасалган иш болуп атат. Бирок бул эки баскычтуу бюджет биздин элдин арасында орусча айтканда децентрализация менен эки баскычтуу бюджетти алмаштырып, бийликти жогору жактан ылдый жака берип атабыз деген түшүнбөстүк менен жеткирилип атат. Ал эми акимдер менен губернаторлордун каржы боюнча маселелерден четтеле турганы бул айдан ачык. Бирок мамлекет үчүн бул түз бийлик вертикаль бийликтин жоготушуна алып келет. Айыл өкмөттөрдүн көпчүлүгү даяр эмес. Эми кандай болот аны убакыт көрсөтөт.

- Сиздер мындай шартта кандай иштейсиздер?

- Мындай шартта биз мен ойлойм тез аранын ичинде административдик-территориалдык реформаны жүргүзүшүбүз керек деп. Каржысы жок бийликтин салык төлөчүүлөр үчүн эч кандай кереги жок. Анда эффективдүү бийлик болбойт. Ошон үчүн сөзсүз түрдө канчалык оор болсо дагы биз айтып жүргөн реформаларга барышыбыз керек.

- Демек, ушул эки баскычтуу бюджет системасы ойдогудай иштеп кетсе, акыр-аягында жок дегенде райондук системанын жоюлушуна алып барабы?

- Ал ачык айтылбай атат, же район менен облустун ортосунан сөзсүз түрдө көп жылдан бери айтып жүргөн аймак пайда болобу, же районду алып сала турган болсо анда бир баскыч жок болуш керек. Антпесе каржысы жок баскычтын эч кимге кереги жок. Себеби бийликтин үч түрү бар, бул – саясий, административдик, каржы бийлик. Ушул үч бийликтин экөөсү жок болгондон кийин анда саясий бийлик менен иш алып баруу оорурак болуп калышы мүмкүн.

- Президент Бакиев 16-февралдагы жыйында жаңы өкмөттүн милдети катары быйыл ички дүң өндүрүшүнүн өсүшүнүн 8,2 пайызга жеткирүүнү атады.Жыйынга аким, губернаторлор да катышкан эле. Ушундай эле чек былтыр да белгиленген, бирок тилекке каршы орундалбай калды. Быйылкы жыл үчүн 8 пайыздык өсүш реалдуу элеби, кандай дейсиз?

- Биринчиден, биз үчүн күтүүсүз окуя болду. Себеби бир ай мурун эле ишкерлердин съездинде 5 жарым процент жөнүндө сөз болуп, биз облустун активинде ушуну сүйлөштүк эле. Эми тез аранын ичинде кайрадан чогулуп бардык мүмкүнчүлүктөрдү карайбыз. Бирок оорурак болуп калышы мүмкүн. Былтыркы көрсөткүчтөр биздики жүздөн төрт гана процент өсүш болду. Ошон үчүн оор болуп калышы мүмкүн деген ой бар. Биз азыр эксперттерге тапшырма берип эсептеп жатабыз.

- Президент тапшырма берди деп кошуп-жазуу ыкмасы колдонулуп кетпейби мындай шартта?

- Бул жерде мен ойлойм статкомитеттердин ролу өтө чоң. Ошондуктан көз карандысыз болсо экен деп атабыз. Себеби жергиликтүү бийликте айыл өкмөттөрдүн курамында статистер отурат. Ошолорду айыл өкмөттүн карамагынан чыгарыш керек. Райондун, облустун деңгээлдинде бул статкомитеттер бийликтен чыгарылып өзүнчө көз карандысыз болгон. Ал эми айыл өкмөттөрдө бул кызмат айыл өкмөттүн курамында калган. Эксперттердин айтканына мен кошулам.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG