Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

ТАЙЫРБЕК САРПАШЕВ: “МАТРЕШКА” ОКУЯСЫ БОЮНЧА ДЕПУТАТТЫК ИЗИЛДӨӨ ЖҮРҮП ЖАТАТ”


Өткөн жылдын күзүндө ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевге байланыштуу болгон “Матрешка” окуясы боюнча депутаттык изилдөө улантылып жатат. Ал эми бул окуяга түздөн-түз тиешеси бар деп саналып, кызматынан кеткен Улуттук Коопсуздук Кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиев өзүн жок жерден күнөөлөдү деген доо менен сотко кайрылып, парламентти кечирим суратууга жетишкен. Мына ушул маселелер боюнча ЖК төрагасынын орун басары, “матрешка” окуясына изилдөө жүргүзүүчү депутаттык топтун жетекчиси Тайырбек Сарпашев “Азаттыктын” кабарчысы Замира Кожобаеванын суроолоруна жооп берген.

- Тайырбек мырза, өткөн жылы күзүндө кесиптешиңиз Өмүрбек Текебаевге байланыштуу болгон “Матрешка” окуясы боюнча атайын депутаттык изилдөө тобу түзүлгөн эле. Ушул топтун жетекчиси катары айтсаңыз, иликтөө иши кандай жүрүп жатат?

-“Матрешка” окуясын изилдөө комиссиясынын ишине кийинчерээк дагы бир катар маселелер кошулган. Алар: президенттин уулу Максим Бакиевге тиешелүү мүлк тууралуу, буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн бетин ачуу, орус олигархы Борис Березовскийдин Кыргызстанга келип кеткени боюнча жана башка жалпысы болуп беш тапшырма. Бул кошумча тапшырылган маселелердин көпчүлүгү боюнча биз изилдөөнү аяктап калдык. Президенттин уулунун Кыргызстандагы жана чет жактардагы мүлкү боюнча биз далил тапкан жокпуз. Ал эми Березовскийдин келип кеткени тууралуу маалымат каражаттарында берилген бүт бардык документтерди териштирип чыктык. Анын келгени тууралуу жетиштүү, так далил таба алган жокпуз. Анткени муну сөзсүз түрдө иликтөө органдары жасашы керек, парламент андай укукту өзүбүзгө ала албайбыз.

Ал эми “Матрешка” окуясынын аягына чыгуу үчүн дагы бир документ бизге келе элек. Бул Текебаев менен бараткан делегация баңзат алып баратат деп, Интерполго Астанадан ким кабар бергендиги тууралуу маалымат. Бул боюнча так чекит коюла элек. Ошондуктан, ага бул жооп келгенден кийин чекит коебуз. Калган маселелерди да жыйынтыктап, кийинки жумаларда бүтүрөбүз. “Матрешка” боюнча дагы изилдөө болот.

- “Матрешка” окуясына Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук кызматынын айрым жетекчилеринин түздөн-түз тиешеси бар деген шектер айтылган. Ушуга байланыштуу аталган кызматтын жетекчилиги жана башка бир нече кызматкерлер ээлеген орундарын бошотуп беришкен эле. Кийинчерээк УКК төрагасынын орун басары Жаныш Бакиев өзүн жок жерден күнөөлөдү деген доо менен сотко кайрылып, парламентти кечирим суратууга жетишти..?

-Бул маселе негизинен элге коюлду. Биринчиден, ал адамдардын кызматтан кеткени бир чети ушул органдын беделине көлөкө түшкөндүгүнүн мааниси катары саналып, ушул себептен кетишти деп ойлойм. Экинчиден, биздин өлкөдө ар бир адам өз укугун коргоого мүмкүнчүлүгү бар. Ага эч бир мыйзам жолтоолук кылбайт. Демек, муну парламенттик комиссиянын негизинде эмес, Башкы прокуратура изилдеген. Алардын техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар. Алардын иликтөөсү боюнча бул адамдардын “Матрешка” чатагына тиешеси жок деп табылгандыктан, бул иш токтотулган. Анан алар өз укугун коргоого акысы бар.

- Башкы прокуратура өзүнүн жасаган иши боюнча сиздерге маалымат же отчет береби?

-Албетте берет. Мен өткөн жумада ушул маселе боюнча атайын Башкы прокуратурага суроо жибердим. Азыр жооп күтүп атам. Расмий жооп алгандан кийин, биз да өзүбүздүн комиссияда чогулуп, андан аркы кадамдарды сүйлөшөбүз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG