Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

ИРАНДАГЫ ЖАРДЫРУУДАН КИЙИН КАРМАЛГАН АДАМ БЕШ КҮНДҮН ИЧИНДЕ ДАРГА АСЫЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Ирандын түштүгүндө 14-февралда болгон жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган адам беш күндөн кийин, 19-февралда дарга асылды. Иран жетекчилигинин айтымында, ошол жана башка жардыруулардын артында АКШ менен Британиянын чалгындоо кызматтары турат.

14-февралда Ирандын түштүгүндөгү Захедан деген шаарда Исламдык революцияны коргоо жоокерлери бараткан автобустун жанында жарылуу болуп, андан 11 адам набыт кеткен жана дагы 31 киши жараат алган. Өлкө полициясы дароо беш адамды кармаган жана алардын бири - Насрулла Шанбех-Зехи деген жигит жардырууну уюштурууга катышканын моюнга алган, анын сөздөрү сыналгы аркылуу көрсөтүлдү.

Шанбех-Зехинин айтымында, суннилердин жергиликтүү Жундолла деген уюмуна ал мындан үч ай мурда кошулган жана Пакистандын аймагындагы базада эки айлык атайын машыгуудан өткөн, аларга сабак берген мугалимдер англисче сүйлөгөн. Полициянын айтымында, бомбаны жасоого керектүү заттар жардырууга калган эки күндүн ичинде кошуна Пакистандан алып келинген. Террорчулар колдонгон курал болсо АКШда жасалган

19-февралда ал жигит ошол эле Захедан шаарында дарга асылды жана анын өлүмүн көрүүгө чогулган эл: "Америкага өлүм!" жана "Израилге өлүм" деген ураандарды кыйкырып турду. Жарылуу болгондон кийин Иран жетекчилиги дароо - анын артында америкалык жана британиялык чалгынчылар турат деп билдирген. 19-февралда болсо өлкөнүн тышкы иштер министрлигине Пакистандын элчиси Шавкат Саид чакырылып, ага - чек ара жакшы кайтарылууга тийиш деген талап коюлду.

Адам укуктарын коргоочулар болсо кармалган адамдын айтканына көп ишенбейт жана аны - мамлекеттик пропаганда катары баалайт. Батыш мамлекеттерине каршы айтылып жаткан күнөө - Ирандын өзөктүк программалары менен байланыштуу дүйнөлүк коомчулук тарабынан Тегеранга айтылып жаткан сынга каршы көрүлгөн аракет дейт алар.

Париж шаарында жашаган ирандык саясатчы Али Кештгардын пикиринде, мындай аракеттер Ирандын түштүгүндө жашаган элдин өтө начар абалы менен байланыштуу: "Хузестан жана мына эми Захеданда болгон сыяктуу окуялар үчүн Ислам жумурияты өзү күнөөлүү. Иран сыяктуу бай мамлекеттин айыл жергесинде жүздөгөн миң адам жакырчылыкта жашайт, алар өз укуктарын коргой албайт жана өздөрү үчүн эч кандай келечек көрбөйт. Үмүтсүз мындай абалда бийлик тарабынан куугунтук да болуп жаткандыктан, мындай окуялардын болгонуна таң калбай эле коюш керек", - дейт Кештгар.

Ирандын көпчүлүк калкы шийи болгону менен, өлкөнүн түштүк аймагында жашаган арабдар негизинен суннилер. Алар бийликке каршы такай ар башка аракет көрөт жана акыркы жылдарда кеминде 10 араб кармалып, дарга асылды. 14-февралдагы жардыруудан кийин ошол эле Захедан шаарында 16-февралда дагы бир жардыруу болду, андан эч ким өлгөн жок, бирок жардырууну уюштургандар полицияга каршы ок атып, бир топ катуу кагылышуу чыкты.

XS
SM
MD
LG