Линктер

дүйшөмбү, 10-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 17:51

КАЗАНДА КӨЧМӨНДӨР МАДАНИЯТЫН ИЗИЛДЕГЕН АРХЕОЛОГДОР ЖЫЙЫН КУРУШТУ


Борбор Азия – тарыхый, маданий жактан алганда кеңири Евразия чөлкөмүнүн ажырагыс бөлүгү экенин археологиялык эстеликтер даана ырастайт. Ошондуктан жалпы Евразия аймагынын байыркы тарыхын изилдеген археологдор мезгил-мезгили менен жолугушуп, соңку экспедициялар маалында табылган материалдар тууралуу маалымат алмашып турушат. Жекшембиде Татарстандын борбору Казан шаарында аяктаган конгресске Кыргызстандык археологдор да катышты.

Чынында эле Кыргызстан гана эмес, жалпы Борбор Азиянын байыркы тарыхын өзүнчө караштыруу дээрлик мүмкүн эмес. Бул тыянакты эбак эле өздөштүргөн тарыхчы-археологдор ушул аптада Казанда чогулуп, Евразиядагы көчмөндөр маданияты, орто кылымдарда бул аймакта жашоо сүргөн шаарлар маданиятын изилдеген адистер масилет куруп, соңку кездери тапкан материал, баалуу маалыматтары менен бөлүшүштү. Кыргызстандык белгилүү археолог Кубат Табалдиев Казандагы жыйында өз иши үчүн абдан пайдалуу маалымат алганын айтат.

- Келгенибиз биздин илимий ишибиз үчүн абдан маанилүү болду. Себеби биз көп жылдардан бери Теңир-Тоодогу, Алтайдагы археологиялык материалдарды билүү менен катар ушул батышыраак аймактардагы эстеликтерди билүүгө көп аракет кылып келатабыз. Мисалы биз Теңир-Тоо аймагында XIII-XIV кылымдарга таандык бир топ материалдарды таап изилдеп жатабыз. Ошол эле мезгилге таандык бир топ археологиялык эстеликтер Түштүк Уралда, Волга дарыясынын алабында көп табылган. Бир мезгилге таандык материалдарды бири-бирине салыштырып изилдеп, орто кылымдардагы миграция багыттарын, көчмөндөр маданиятын тереңирээк анализдей алабыз. Бул жыйында да бир топ жаңы маалыматтарды алмаштык, ушул маалыматтар биздин келечектеги илимий иштерибизге абдан көп жардам берет.

Археолог Кубат Табалдиев жыйында өзү катышкан бир катар экспедициялар маалында соңку жылдары эле Теңир-Тоо аймагында орто кылымдардагы көчмөн элдердин далай баалуу эстеликтери табылганын баяндады. Көчмөн элдер орто кылымдардагы тарыхы кеңири аймакты камтыгандай, Казандагы жыйынга да Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Украина, Болгария, Мажарстандан окумуштуулар келишти. Археологиялык эстеликтерге бай Сибир чөлкөмүндө көчмөндөр тарыхын изилдөө кеңири жолго коюлганы да бекеринен эмес, Казандагы жыйында Новосибирскилик илимпоз, археолог Юлий Худяков да башкы докладчылардын бири болду.

-Албетте, бул жерде жалпы эле орто кылымдарды изилдеген археологдор эмес, Евразиядагы көчмөндөр маданиятын изилдеген адистер чогулганы абдан жакшы идея деп эсептейм. Анткени демейде Чыгыш маданияты, же тарыхы боюнча жыйындар өтүп, биз ошолордун арасына ар башка секцияларга бөлүнүп, бири-бирибизди издеп калчубуз. Эми Евразиядагы көчмөндөр тарыхын, археологиясын изилдегендердин атайын комитетин түзүү, журналын чыгаруу сунуштары айтылды. Булар ишке ашса абдан чоң жылыш болор эле.

Казанда чогулган археологдордун айткандарынан кандай чоң жаңылык алдыңыз? - деп сураганыбызда Юлий Сергеевич Худяков төмөндөгү маалымат менен бөлүштү.

- Археолог Наталья Викторовна Пласмак кызыктуу доклад жасап, Найынола деген жердеги байыркы хунндар чебин казуу иштери башталганын айтып берди. Ал жердеги казуу иштери ХХ кылымдын башында башталып токтоп калган. Ошол кезде табылган биздин доорго чейинки I кылымда жашаган хунндардын эстеликтери Москвадагы тарых музейинде, бир бөлүгү Монголиянын башкалаасында сакталып турат. Ушу жакында башталган казуу иштери маалында ал жерде байыркы гректердин мифологиялык сүрөттөрүнө түспөлдөш өтө кызыктуу сүрөтү бар каңылтыр сыяктуу табылгалар чыкты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG