Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:37

ЧЫГЫШ ЕВРОПАДА АНТИРАКЕТАЛЫК СИСТЕМА ОРНОТУУ ЧОҢ МАСЕЛЕГЕ АЙЛАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Чехия менен Польшанын аймагына америкалык антиракеталык системаларды жайгаштыруу маселеси айланасындагы чатак бир айдан бери уланууда. 19-февралда орусиялык генерал - эгер андай системалар орнотулса, Чехия менен Польшаны орусиялык ракеталар бутага алышы мүмкүн деп билдирди.

АКШ, НАТО, Чехия жана Польшанын айтымында, орнотула турган системалар коргонуу гана аспаптары жана алардан эч кимге, анын ичинде Орусияга дагы коркунуч түзүлбөйт. План боюнча, Чехияда антиракеталык радар, ал эми Польшада - антиракеталык он ракета орнотулууга тийиш. Вашингтондун айтымында, мындай коргонуу системалары - Иран же Түндүк Корея сыяктуу мамлекеттер тарабынан атылышы мүмкүн болгон ракеталардан АКШны коргоо үчүн керек.

Маскөөнүн айтымында, мынчалык алыска жете ала турган ракеталарга Иран ээ эмес, ошондуктан АКШ айтып жаткан себепти түшүнүү кыйын жана Чыгыш Европада жайгаштырыла турган системалар Орусияга коркунуч түзөт деп түшүнсө болот.

19-февралда Орусиянын Стратегиялык ракеталык аскерлеринин башчысы генерал Николай Соловцов Маскөөдө журналисттер менен жолугуп, эгер Батыштын планы ишке ашса, анда орусиялык ракеталар Чехия менен Польшаны бутага алышы мүмкүн деп билдирди: "Эгер Маскөө тараптан саясий чечим кабыл алынып, АКШ менен Орусия ортосунда түзүлгөн келишимден өлкө чыкса, анда стратегиялык ракеталык аскерлер Чехия менен Польшаны бутага алуу милдетин аткара алат", - деди орус генералы.

Вашингтон менен Маскөө ортосунда 1987-жылы атайын келишим түзүлүп, орто жана жакын аралыкка учкан жана өзөктүк дүрмөтү бар ракетеларды жок кылуу макулдашылган жана генерал Соловцовдун айтымында, ракеталар жок кылынганы менен, документтер менен технологиялар али бар жана жаңы ракеталарды жаңы буталарга багыттоо мүмкүн.

НАТО уюмунун басма сөз өкүлү Жеймс Аппутрай дароо жооп берип, орус генералынын сөздөрү өтө катуу, Маскөөгө каршы эч кандай коркунуч жок болгондуктан, алар учурга жарашпайт деп билдирди. Ошол эле 19-февралда Варшава шаарында Чехия менен Польшанын премьер-министрлери Мирек Тополанек менен Ярослав Качински жолукту жана сүйлөшүүдөн кийин Тополанек - антиракеталык системелар орнотула тургандай деп айтты: "Биздин эки өлкө тең америкалык сунушка жооп берүүгө даярданып жатат. Ал сунушка оң жооп бериш керек деп биз макулдаштык жана эми сүйлөшүүлөр башталат", - деди чех өкмөт башчысы Варшавада.

Маселени татаалданткан дагы бир нерсе - Польша менен Чехияда америкалык демилгеге каршы элдик митинг-демонстрациялар башталды. Алманиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер болсо 19-февралда - Чыгыш Европада жаңы маселе чыгарбас үчүн, Вашингтон алдын ала Маскөө менен жакшылап сүйлөшүп алса болмок деп билдирди.

XS
SM
MD
LG