Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:27

КОСОВОНУН КЕЛЕЧЕГИ БОЮНЧА АКЫРКЫ СҮЙЛӨШҮҮ БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 21-февралда Вена шаарында Косово маселеси боюнча Сербия жана Косово өкүлдөрү ортосундагы акыркы сүйлөшүү башталды. Жыйынга Бириккен Улуттардын атайын өкүлү Мартти Ахтисаари дагы катышууда.

Көпчүлүк калкын мусулман албандар түзгөн Косово аймагы Сербиянын курамына автономия катары кирет, бирок өлкөнүн президенти болуп Слободан Милошевич турганда, 1990-жылдарда Косоводо тукум курут саясаты жүргүзүлгөн жана аны токтотуу үчүн НАТО уюму 1998-жылы Сербияга аскерий сокку урган. Ошондон бери аймак эл аралык көзөмөл алдында, бир жылдан бери болсо анын келечеги боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Сүйлөшүүнү - Бириккен Улуттардын атайын өкүлү болуп дайындалган Финляндиянын мурдагы президенти Мартти Ахтисаари жүргүзүүдө жана февралдын башында ал тараптарга өз планын сунуштаган. Анын шарттары боюнча, Косового толук эгемендүүлүк азырынча берилбейт, бирок ал чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен өз алдынча мамиле түзүүгө укук алат.

Косово жетекчилиги бул планга макул болду, бирок серб тарап аны кабыл алган жок. Буга чейин Ахтисаари тараптар менен өз алдынча сүйлөшүп келген, 21-февралда Вена шаарында башталган сүйлөшүүгө болсо үч тарап тең катышууда. Ахтисааринин айтымында, жолугушуу 1-мартка чейин уланат, андан соң 10-мартта жогорку деңгээлде акыркы жыйын өткөрүлөт жана андан кийин марттын аягына чейин Ахтисаари акыркы планды Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине тапшырат.

20-февралда Ахтисааринин планы Вена шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Туруктуу кеңешинде талкууланды жана Ахтисаари өзү - сүйлөшүүдөн оң жыйынтык чыгаарынан ал күмөн санаганын билдирди. Орусиянын өкүлү Владимир Воронков болсо - эгер Ахтисаари Бириккен Улуттарга Сербия макул болбогон планды тапшырса, Маскөө ага вето сала турганын билдирди, ошондуктан Венадагы сүйлөшүү өтө татаал болот.

Косово өкүлчүлүгүн жетектеп келген Ветон Сурройдун айтымында, Ахтисааринин планына албандар жалпысынан макул: "Көп жылдан биздин үмүтүбүз акталбай келатат, бирок биз элге кайрылып, чыдагыла деп жатабыз. Биз ишенебиз, акыр-аягында Косово эгемендүүлүккө жетет, биз бул сүйлөшүүгө ошондой ишеним менен келдик жана үйгө дагы ошондой ишеним менен кайтабыз", - дейт Суррой.

Сербия өкүлчүлүгүнүн башчысы Слободан Самаржич болсо ага караманча каршы: "Сербиянын суверенитетин жана анын аймактык биримдигин бузган кандай болбосун сунушка биз каршыбыз", - дейт Самаржич.

Серб жетекчилигинин айтымында, алар Косового кеңири автономия берүүгө даяр, бирок ал Сербиянын курамында калыш керек, албан тарап болсо эгемендүүлүк үчүн колуна курал алып күрөшүүгө даяр жана аларды эл аралык ортомчулар гана токтотуп турат, ал эми Маскөөнүн айтымында, эгер Косового эгемендүүлүк берилсе, анын жолун дароо Абхазия, Түштүк Осетия жана Днест жумурияты сыяктуу автономиялар жолдойт.

XS
SM
MD
LG