Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

ИРАНДЫН ӨЗӨКТҮК ИЗИЛДӨӨЛӨРҮНӨН ЧЫККАН МАСЕЛЕ АР БАШКА ӨНҮГҮШҮ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага Иран өзүнүн өзөктүк программаларын токтотуудан баш тартандыктан, эми маселе кайрадан Бириккен Улуттарда каралууга тийиш. Эксперттердин пикиринде, маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө дагы мүмкүнчүлүк бар, бирок Тегеранга каршы катуу чаралар да көрүлүшү мүмкүн.

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Иран маселесин 23-декабрда карап, ага каршы бир нече чектөө жарыялаган, мисал үчүн, Уюмга мүчө мамлекеттер өзөктүк курал өндүрүүгө көмөктөшө ала турган аспаптар жана технологияларды Тегеранга берүүнү токтотуп, Ирандын айрым ишканалары менен адамдарынын чет мамлекеттердеги банк эсептери жабылган. Резолюцияга ылайык, Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик 60 күндүн ичинде - кабыл алынган чечим кантип аткарылып жатканын текшерип, Бириккен Улуттарга отчет бериш керек.

Эскертүүнүн мөөнөтү 21-февралда аяктаар алдында Иран жетекчилери бир нече жолу - өлкөдөгү өзөктүк изилдөөлөр аскерий максатты көздөбөйт, ошондуктан алар токтотулбайт деп билдирди жана көпчүлүк байкоочунун пикиринде, эми Агенттиктин отчетунда - декабрдагы резолюция аткарылбай калганы жөнүндө айтылаары күтүлүүдө.

Лондон шаарындагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Марк Фитцпатриктин айтымында, эми Иранга каршы жазалоочу санкциялар жарыяланышы мүмкүн: "Коопсуздук Кеңеши эми жаңы санкциялар топтомун талкуулоого киришет. 23-декабрда кабыл алынган резолюцияда - эгер Иран аны 60 күндүн ичинде аткарбаса, уюм уставынын 41-беренесине ылайык ага каршы кошумча чаралар көрүлөт деп ачык айтылган, алар экономикалык чаралар болот", - дейт Фитцпатрик.

Декабрдагы резолюциянын тексти эки ай бою талкууланган жана Орусия менен Кытайдын талабы менен ал бир кыйла жумшартылган. Азыр дагы Маскөө менен Бээжин Батыш мамлекеттеринин сунушуна каршы чыгышы мүмкүн, бирок Фитцпатриктин айтымында, алар эми Батышты колдоого тийиш: "Иранга каршы катуу чара көрүлсө, алардын Тегеран менен болгон стратегиялык же экономикалык байланыштарына зыян тийиши мүмкүн, ошондуктан андай катуу чара көрүүгө алар кызыкдар эмес, бирок АКШ жана Европа менен болгон стратегиялык кызматташуу дагы алар үчүн өтө маанилүү, Маскөө менен Бээжин болсо эл аралык жогору мааниге ээ болууну каалайт", - дейт Фитцпатрик.

Стокгольм шаарындагы Эл аралык тынчтык институтунун эксперти Шэннон Кайлдын пикиринде болсо, окуялар кандай болбосун нукта өгүгүп кетиши ыктымал: "Бир жагынан алганда, эгер Иран өзөктүк курал өндүрүүгө жакындаса, АКШ же Израил тараптан ага каршы аскерий сокку урулушу мүмкүн. Бирок, менин пикиримде, дипломатияны улантуу үчүн дагы мүмкүнчүлүк бар. Эң эрте дегенде, Иран атом бомбасына 2009- же 2010-жылга чейин ээ боло албайт", - дейт Кайл.

Анын айтымында, Түндүк Корея менен АКШ келишимге келгени - Иран маселеси дагы ошол сыяктуу сүйлөшүү аркылуу чечилиши мүмкүн деген үмүт жаратат.

XS
SM
MD
LG