Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 10:43

ЭКИ ОКРУГДАН ШАЙЛООГО ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КӨРСӨТҮҮ БАШТАЛДЫ


Бүгүн эки шайлоо аймагынан: №40 Отузадыр жана №57 Кемин округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү башталат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча талапкерлерди көрсөтүү 23-мартка чейин созулат. Эки округдагы шайлоо өнөктүгүнө БШК 2,5 млн сомдон ашуун каражат сарптамакчы болууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашкандай бүгүнкү күнгө чейин №40 Отузадыр жана №57 Кемин шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого даярдык соңуна чыгып калды. Эки аймакта тең округдук шайлоо комиссиялары түзүлүп бүттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШК мүчөсү Жаркын Бапанова маалымдады:

-Талапкерлерди көрсөтүү өнөктүгү башталды. Бүгүн болсо БШК аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана төрагаларын бекитти. Ал эми участкалык шайлоо комиссиялары кийинчерээк бекитилет.

Жаркын Бапанованын айтуусунда Отузадыр жана Кемин шайлоо аймактарында шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө 2 млн 654 300 сом бөлүндү.

№40 Отузадыр жана №57 Кемин шайлоо аймактарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуусу күтүлүп жаткан адамдардын аттары буга чейин деле айтылып келген. Алсак, Кеминден парламент ишине катышпагандыгы үчүн депутаттык мандатынан ажыратылган мурунку депутат Айдар Акаевдин ордуна экс-президенттин кызы, Айдардын бир тууган эжеси Бермет Акаеванын талапкерлигин көрсөтүү демилгелери башталды. Мындай сунуш менен Кемин райондук аялдар комитетинин өкүлдөрү чыгышты. Аталган комитеттин мүчөсү Лира Термечикова бул Кемин аймагынын жашоочуларынын мүдөөсү экендигин “Азаттыкка” билдирген.

Карасуу районундагы Отузадыр шайлоо аймагынан мурда шайланган депутат Муратбек Малабаев да парламент ишине катышпагандыгы үчүн мандатынан ажыратылган болчу. Бүгүнкү күндө анын ордуна үч киши ат салышууга даяр деген маалыматтар бар. Алсак, “Эмгек жана биримдик” партиясы партиянын саясий кеңешмесинин мүчөсү, президенттин иниси Жаныш Бакиевдин талапкерлигин көрсөтүүнү көздөп жаткандыгы кабарланууда. Андан тышкары мурдагы депутат Муратбек Малабаевдин бир тууганы Болотбек Малабаев менен 2005-жылкы парламенттик шайлоодо ушул округдан шайлоого катышып, жеңилип калган Адам Закировдун аты аталып жатат.

Жергиликтүү байкоочу Алишер Токсонбаев мындан эки жыл мурун болгон шайлоону эскерип, бул жолу деле шайлоочулардын добушун сатып алууга аракеттер болот деген пикирин билдирди:

-Мурдагы шайлоодо элди акча, арак менен алдап, шайлоочулардын добушун сатып алуулар болгон. Бул жолу деле ошондой болот деп ойлойм. Себеби азыртан айтылып жаткан сөздөр боюнча бул жолу да колунда байлыгы, басымы бар адамдар шайлоого катышат экен. Алардын ортосундагы кырчылдашуу, талаш-тартыш бир топко созулат болуш керек.

Ал эми жергиликтүү шайлоочулардын арасында бийлик өзүнө жаккан талапкерлерди өткөрүүгө аракеттерди көрөт деген божомолдор айтыла баштады.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG