Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

17:25 Жалалабадда “Таза коом” саясий партиясынын жыйыны өттү


ЖАЛАЛАБАТ. Конференция облустун Кочкората шаарында болуп, ага катышкан 116 делегат партиянын негизги багыттары менен алдыдагы милдеттерин талкуулады. Жыйында өлкөдө жумушсуздук азайбастан, коррупциянын терең жайылганы, ички, тышкы миграциянын өсүп баратканы, көп балалуу энелер менен ымыркайлар социалдык өзгөчө коргоого зарыл экендиги белгиленди. 9 адамдан турган облустук саясий кеңеш түзүлүп, саясий кеңештин башчылыгына Райхан Кудайбердиев шайланды. Конференция Кыргызстан калкына ичара бөлүнбөөгө жана азаттык жашоого чакырган кайрылуу кабыл алды. “Таза коом” партиясынын облуста 800, республикада 9 миңге жакын мүчөсү бар экендиги айтылды.(YA)

XS
SM
MD
LG