Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:04

«ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОР»: ТАНДЕМДИН ШЕРТИН КИМ БУЗДУ?

Феликс Кулов акыркы билдирүүсүндө айткан ойлорун эмне себептен ал премьер-министр кезинде айткан эмес, эмне себептен ал эми гана президент К.Бакиевдин кемчиликтерин айтып жатат, “Бириккен фронт” деп аталган оппозициялык кыймылдын түп максаты эмне? Кубат Оторбаевдин мына ушундай суроолоруна “Арнамыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова менен Жогорку Кенештин депутаты Мурат Жураев “Ыңгайсыз суроолор” телекөрсөтүүсүнө келип жооп беришти.

К.О. - Бүгүн биз өлкөдөгү акыркы саясий кырдаалды, Феликс Куловдун билдирүүсү жана “Бириккен фронт” деп аталган оппозициялык күчтөрдүн соңку билдирүүлөрүн талкуулайбыз. Алгач Бөдөш айым сизге суроо. Албетте Феликс Шаршенбаевич өзү “Ыңгайсыз суроолорго” келип берсе жакшы болот эле. Ал киши менен дагы келечекте балким сүйлөшүп калаарбыз. Ага чейин сиз менен маектешели. Феликс Шаршенбаевичке, дегеле “Ар намыс” партиясына бере турган суроолордун бири ушул - эмне себептен Феликс Кулов соңку билдирүүсүндө айтылган ойлорду премьер министр кезинде, парламенттен эки жолу өтпөй калганга чейин айткан эмес? Эмне үчүн бүгүн айтып атат?

Б.М. - Өзүңөргө белгилүү, Феликс Шаршенбаевич премьер-министрликке келээрде президент Курманбек Салиевич менен тандемге барган. Тандем бул юридикалык күчү болбогону менен эки чоң инсандын, же болбосо эки чоң мамлекеттик жетекчинин ортосунда түзүлгөн, өздөрү деле айтып атпайбы, жигиттик, башкача айтканда эки адамдын ортосунда түзүлгөн келишим болгон. Бул тандемдин максаты Кыргызстанды кыйынчылыктан биргелешип алып чыгуу эле. Кандай гана тоскоолдук болбосун, кандай гана каршылыктар болбосун эки инсан, президент менен премьер министр биригип Кыргызстанды экономикалык кризистен алып чыгуу болчу. Өзүңөргө белгилүү тандемдеги айтылган бардык сөздөр кагаз жүзүндө эле кала берди. Биз 24-марттан кийин өлкөдө 24үнө чейинки бийлик системасынан арылабыз, же болбосо бир адамдын колуна топтолгон бийликти элдин өзүнө кайтарып беребиз, бул жерде бийликтин башчысы, бийликтин ээси, кожоюну эл, деген ураан эле. Ал үчүн Конституциялык реформа керек болчу. Бул өзүнчө аксап, жылбай турап калды...

К.О. - Ушул жерден бир суроо бербесем болбой калды. Мына Феликс Кулов жанагы билдирүүнү жасагандан кийин Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмаз Атамбаев айтып чыкты, биз ноябрда көчөгө чыгып, бир апта бою Алатоо аянтында туруп акырында жакшынакай Конституция кабыл алып бердик эле, ошол жерде премьер-министрге дагы чоң укук берилген, эл чыныгы бийликтин туткасы катары рол ойномок. Ошону эми декабрда Фелик Кулов башында турган өкмөт отставкага кетип, анан жанагыдай супер-президенттик башкаруудагы кайра жаңы Конституция кабыл алынганга Феликс Кулов өзү күнөөлү, деди?

Б.М. - Туура, эл ушунчалык чоң мээнет менен, аянтта туруп, ошол Конституция кабыл алынган. Бирок ал Конституцияда айтылган сөздөр ошол Конституцияда эле калды, аткарылган жок. Аны кайсы бир бийлик бутагы - парламентпи, же өкмөтпү - ошол Конституцияда жазылган жоболорду ишке ашыра башташ керек эле. Биз ошол Конституцияны күтүп туруп калдык 2010-жылга чейин. Конституцияны кабыл алаарын алдык, бирок башкаруу формасы, бийлик системасы эскиче эле калды. Жаңы Конституция боюнча өкмөттү парламентке партиялык тизме менен келген партия түзүш керек эле. Анан дагы Конституция кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет деген нерсе менен кабыл алдык. Бирок ошол күндөн баштап күчүнө кирдиби? Кирген жок. Эгер андай боло турган болсо 2010-жылга чейин парламент кетпесе, өкмөт жаңыланбаса, анда шашпай эле ошол мезгилге чейин Конституцияны жазып туруп, ошондо кабыл албайт белек. Кабыл алгандан кийин Конституциянын биринчи жобосу өзү бузулуп атат. Ошол себептен бул жерден жаңы Конституциянын жаңыча иштеп кетишин бийликтин бир бутагы башташ керек болчу. Ушул нерсени өкмөт баштады. Бирок мен ойлойм, Фелик Шаршенбаевич ушул парламентти кетирейин деп өзү жалгыз эле отставкага кеткен жок. Өзүңөр көрдүңөр – министрлер кабинетин чакырганда министрлердин бардыгы бир добуштан отставкага кетүүнү туура көрдү. Ошол жерден кандайдыр бир күчтөр, же министрлер, же президент тарабынан “жок, мындай нерсе азырынча бизге эрте” деп, каршылык сөз айтышкан жок да...

К.О. - Сиздин оюңузча муну тандем өз ара талкуулап сүйлөшкөн да?

Б.М. - Сүйлөшүлгөн, президент менен премьердин ортосунда келишим болгон.

К.О. - Сен отставкага кетесиң, анан мен парламентти таратам, дегенби?

Б.М. - Бирок ушул суроону эмдигиче бир да журналист Феликс Шаршенбаевичке бербей атат – Феликс Шаршенбаевич сиз ушул отставкага кетээрде президент менен макулдаштыңыз беле? деп. Бирок бары эле бул макулдашылган нерсе болуш керек деп атышат. Ошол эле негизде мен дагы айтам, макулдашылган нерсе, андан дагы Феликс Шаршенбаевичтин отставкасын абдан ойлонуп иштеп чыккан топтор дагы бар. Анткени ушул отставка менен Феликс Шаршенбаевичтен биротоло кутуулу максаты болгон...

К.О. – Демек, сиз тандемдин шерттери аткарылган жок, мындайча айтканда, азыркы президент башында турган бийлик Феликс Куловду талаага таштады деген ойду айткыңыз келип атат, туурабы?

Б.М. - Ооба.

К.О. - Ырахмат сизге. Мурат мырза, сиз дүйшөмбү күнү парламенттин жыйынында айттыңыз, Феликс Кулов ушундай билдирүү жасады, ошого жараша биз дагы позициябызды айтып коюшубуз керек, дегеле бул көңүл сыртында калбаган факты болуш керек деп. Сиз эмне себептен ошондой маселени козгодуңуз?

М.Ж. - Туура, мына 10 күндөн бери Феликс Шаршенбаевич эки жолу интервью берди. Берген интервьюну мен дагы уктум, интернетте чыкты. Мына сиз эжеге дагы суроо бердиңиз, эмне үчүн отставкага кетти деп. Бирок Бөдөш Мамыровна сиз берген суроого жооп бербедиңиз, эмне үчүн иштеп атканда мындай билдирүүнү жасаган эмес, деген. Мен ошону азыр парламентке сунуш кылдым. Биздин мурдагы премьер-министр келип, ушул жерде оюн айтсын, аны угалы, деп. Себеби биз ойлоп атабыз, декабрда болгон кризис бул жасалма кризис болгон деп.

К.О. - Өкмөттүн отставкага кетип калышын айтып атасызбы?

М.Ж. – Ооба, бул эч ким күтпөгөн нерсе болду. Биз сессияда иштеп атканда сөз болду, өкмөт отставкага кетти деген. Кеткенге негизи жок болчу. Эмне үчүн кетиш керек? Жок жерден отставкага кетти. Анан сөздөр кетти, Феликс Шаршенбаевич парламентти таркатам деп, ошонун аркасынан ушундай кылып атат деп. Ал президент менен сүйлөштүбү, сүйлөшпөдүбү – аны официалдуу эч ким айта элек. Мына сиз айтып атасыз - сүйлөштү, деп. Бирок азыр эч ким айталбайт сүйлөштү деп. Ошондуктан мен ойлоп атам, кеткенинин себеби көп. Биринчиден өкмөттүн отчету келип калды. Себеби Феликс Шаршенбаевич менен министрлер бир жарым жыл иштеди. Мартта отчет бериш керек эле. Куловдун өкмөтү андай эле жакшы иштеди деп эч ким айта албайт. Экинчиден, ХИПК маселеси. Феликс Шаршенбаевич өзүм демилечи болуп, ХИПКке кирип атабыз деп өзү айткан парламентте. Биздин ой ушундай болду, отчетко келээрден мурда өкмөт отставкага кетти. Үчүнчүсү, отставкага кетип парламентти да жок кылам деген ниет болгон.

К.О. – Демек, сиздин оюңузча, саясий оюндар болду?

М.Ж. - Саясий оюн жана жасалма кризис.

К.О - Өкмөт өзүнүн бере турган отчетторунан, жоопкерчиликтен да качты дейсиз. Эми Бөдөш айым сизге суроо, ХИПК боюнча Фелик Кулов премьер министр кезинде башкача позицияда эле. Парламентке келгенде да айткан, көп жоопкерчиликти өзүмдүн мойнума алам, башка жолубуз жок, Кыргызстан ушул программага кирип, тышкы карыздардан кутулбасак такыр эле мүңкүрөп калдык деди. Бирок отставкага кетээр замат өзүнүн колун чакыртып алды. Бул жерде ал саясатчы катары бир позицияда турбай, эки жүздүү оюндарды жасады деп айтсак болобу, же болбойбу?

Б.М. - Мен буга мындай деп жооп берет элем. Өзүнүн биринчи күнкү билдирүүсүндө ХИПК боюнча өзүнүн оюн айтты. ХИПК программасына кирээрден мурун, абдан ойлонуп, чоң талкуу болгон. Ага чейин президент өзүнүн оюн айткан мен Африкада жашап калсам дагы тышкы карыздан кутулушубуз керек, деп. Кандай жол менен кутулуш керек. Бул жерде сен ал акчаны элге бердиңби, өзүңдүн чөнтөгүңө салып алдыңбы, донор мамлекеттер аны сурабайт экен, сен карыз алдыңбы - төлөшүң керек, бул биринчиси. Экинчи жагынан ушул өкмөт 24-мартта бийликти алмаштырганда биз барына макул болуп, кемчиликтерди оңдойбуз, Акаевдин кетирген кемчилигин экинчи кайталабайбыз, жоопкерчиликти мойнубузга алабыз деп бийликке келген. Ошол себептен биз карыздан кандай жол менен болсо дагы кутулушубуз керек эле. Ырас, президент ошентип айтып аткандан кийин Феликс Шаршенбаевич экөө бир багытта тандем түзүп, Кыргызстанды кризистен алып чыгып кетебиз деген багытка баш койгондон кийин, ошол жоопкерчиликти коркпой туруп Феликс Шаршенбаевич өзүнүн мойнуна алган. Өкмөттүн башында туруп, мен ХИПК программасына кирип, Кыргызстанды кризистен алып чыгып, тышкы карыздан кутултам деп. Анан ал өкмөттөн кеткенден кийин ал программанын аткарылышына көзөмөл кыла албаган соү кайра өз колун чакыртып алды. Өкмөттүн башында турса, ошол жоопкерчиликти өз мойнуна алмак.

К.О. - Бөдөш айым, эки күн мурда оппозициялык күчтөр “Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн бириккен фронт” дегенди түзүштү. Алардын билдирүүсүндө айтылып атат, Кыргызстан азыр бир үй-бүлөнүн башкаруусунда калды дагы эле, кландар, трайбализм өркүндөп атат, мамлекеттик мүлктү бир ууч эле топ бөлүп алып атат, ошондуктан Конституциялык реформа жасашыбыз керек, Конституциялык реформаны болсо азыркы бийлик жасай албайт. Ошондуктан биз жакын арада чукул президенттик шайлоо өткөрүшүбүз керек делет. Бул жаңы конфронтацияларга, жаңы тирешүүлөргө, акыр аягы барып кан төгүүгө алып барбайбы?

Б.М. - Жок, ар бир жаңы башталган демилгени, жаңы башталган процессти эле кан төгүүгө, кагылышууга алып барат, же түндүк-түштүк болуп кырылышып калат деп эле ошого такап отура берсек биз эч качан өнүгө албайбыз. Барыбызга эле белгилүү, ошол билдирүүдө айтылгандай Кыргызстан бир топ кыйчалыш мезгилге такалды. Бийлик бир үй-бүлөнүн, же бир кландын колунда экенин барыбыз эле билип турабыз. 30-декабрда кабыл алынган Конституция дагы буга абдан жакшы шарт түзүп берет. Анткени Конституцияны биздин ишенген эл шайлаган депутаттар бир кишиге ылайыктуу кылып, каалаганындай бийлик жүргүзө бер, бизге эле тийбе, биз кетпей акыркы аягына чейин отурсак эле болду, каалагыңыздай бийликти жүргүзө бериңиз, деп оңдоп түзөп беришти.

К.О. - Ушул жерден сөз бербесек болбой калды. Мурат мырза, сиз буга эмне дейсиз? Бир айдын ичинде эки жолу өзгөрдүңүздөр. Биринчи өзүңүз айткандай парламенттик республика болмок элек, андан кийин президенттик республика кылдыңар. Экөөндө тең сиз макул деген добуш бердиңиз эле. Ошону түшүндүрүп берсеңиз?

М.Ж. - Туура, мен 8-ноябрда учредительный собрание болгондо катышкам, ошол жерге кол койгом. Себеби мен парламенттик республика деп башынан эле каалайм, парламенттик республика болуш керек. 30-декабрда кабыл алынган Конституцияда президенттик-парламенттик республика болду. Себеби бул жерде биз президентке көбүрөөк укук берип атабыз.

К.О. - Эмне себептен?

М.Ж. - Себеби бул Конституция иштебей калды, полномочие азайды деп 25 депутат демилге кылган. Биз ошону колдодук. Себеби бийликке бир адам жооп бериш керек, паралменттик болгондон кийин парламент жооп бериш керек бүткүл Кыргызстандын саясатына.

К.О. - Тарых кайталанбайт деп ойлосуздарбы. Мисалы, 24-мартка чейин мурдагы президенттин колунда болчу ушул эле бийлик, акыр-аягы эмне менен бүткөнүн өзүңүздөр жакшы билесиздер, 2 млрд. доллар тышкы карыз, революция, элдин жакырчылыгы. Ал акыры келип 24-марттагы ыңкылап болду?

М.Ж. - Жок. Азыр Конституциянын эмнеси өзгөрдү? Сиз да окугансыз, мен да окугам. Ошол эле парламент премьерди шайлайт жаңы 30-декабрдагы Конституцияда.

К.О. - Мурат мырза, дагы бир маселе, бул жерде Бөдөш айым айтып өттү, “Бириккен фронттун” билдирүүсүндө да айтылып атат. Чукул президенттик шайлоо өткөрүшүбүз керек деп. Ушундай жол менен түзүлгөн кырдаалдан чыга албызбы?

М.Ж. - Мен буга каршымын. Себеби Феликс Шаршенбаевичтин айткандарына ар кандай пикирлер болуп атат. Азыр Байболовдун интервьюсун окуп берсем болот, ал айтат - “күйгөнүм ушул, кызматтан кеткенден кийин эле көздөрү ачылат” дейт. Туура, ошол сөздөрдү бир жарым жыл мурда премьер-министр болуп иштеп турганда айтканда башка реакция болот эле. Бийликтен кеткенден кийин айткан сөздөрү бул башкача кабыл алынат. Ошону ноябрда аянтка чыгып, мен премьер министр, биздин мамлекетте экинчи адаммын деп айтканда болмок. Дагы айтып кетейин, биринчи жолу премьерликке сунуш кылынганда 25 добуш алды, экинчи жолу 28 добуш алды Феликс Шаршенбаевич. Президенттин кабинетинде биздин спикер айтып кетти, үчүнчү жолу суранды деди. Мени сунуштагыла, мен өтөм деп. Өтпөсөм парламент кетиш керек, деп. Үчүнчү жолу сунуш кылбады. Себеби үчүнчү жолу сунуш кылганда өтүш керек эле, өткөндө Феликс Шаршенбаевич премьер-министр болуп жүрсө мындай билдирүүлөр болбойт эле, же болот беле? Болбойт эле.

К.О. - Сиз эмне дейсиз эми Бөдөш айым?

Б.М. - Мен ушуга жооп берейинчи. Эмне үчүн бийликте отурганда ошол билдирүүлөр жасалган жок. Өзүңөргө белгилүү ноябрда Куловдун бир ооз эле сөзү, бир эле кыймылы толкуп турган элди башка нукка буруп коёт эле. Биринчи кезекте бизге бийлик керекпи, же туруктуулук керекпи? Элдин тынччылыгын сактады Кулов биринчи кезекте. Экинчиден, тандем боюнча президент менен премьердин ортосундагы келишим, жигиттик сөзү али күчүндө турган болчу. Аны биринчи өкмөттүн башында туруп ошол тандемди бузганга Феликс Шаршенбаевич барган жок. Үчүнчүсү, айтып атасыңар Феликс Шаршенбаевич Жогорку Кеңешке отчет бергенден коркту, келбей калды, ошон үчүн таратып жиберем деди деп. Эгерде өкмөттүн башчысы болуп, милдетти өзүнүн мойнуна алган киши силер болбосоңор, бул парламент болбосо башка паралментке деле келет да отчетко, отчеттон эч качан качпайт. Ал биринчи себеп эмес. Ноябрда чыкпаган себеби дагы президент менен биргелешип туруп, экөөнүн тандеми, жигиттик сөзү күчүндө тургандан кийин Кыргызстанды дагы бир жолу сабырдуулук менен карап туруп, кризистен алып чыгып кетейн деген ою болчу. Анан ушул жерден келип алып парламентти таратып ийе турган саясий оюн дегенге мен кичине кошула албай турам.

К.О. - Мурат мырза, “Бириккен фронт” деген оппозициялык күчтөрдүн соңку билдирүүсүндө айтылып атат, мен дароо айтып коёюнчу, ал билдирүүгө кимдер кол койгонун - Феликс Кулов, Мелис Эшимканов, Кабай Карабеков, Өмүрбек Субаналиев, Өмүрбек Абдрахманов, Эмил Алиев, Өмүрбек Текебаев, Кубат Байболов деп тизме уланып кете берет. Ошол жерде айтылып атат, бир үй-бүлө мамлекеттик мүлктү бийлеп алды, экономикадагы, финансы тармагындагы кызылдай акчанын бары бир үй-бүлөнүн чөнтөгүнө түшүп атат дейт. Сиз ушуга кошуласызбы?

М.Ж. - Мен ага кошулбайм. Фактыларды айткыла. Мен макул эмесмин.

К.О. – Бөдөш айым, балким сизде бардыр фактылар?

Б.М. - 24-мартта ушунун азабынан Акаев ата-журтун таштап качып кеткен. Бүт менчиктин бары ошонун колунда эле. Ошондон бери бир нерсе өзгөрдүбү? Айтып көрөлү, Канттагы цемент шифер заводу азыр кимдин колунда? Ошол белгисиз бойдон эле турат, ал өкмөттүн менчигине өттүбү, кимдин колунда турат? Экинчи факт - Шампан комбинат сатылып кетти, кимге сатылды, ачык айтылдыбы, ачык тендер жүрдүбү? Дагы бир жагы келген инвестицияларды алалы, өзүңөргө белгилүү, депутаттын кичи мекенине жакыныраак жерден эле айтайынчы, Кызылкыядагы цемент заводу. Адегенде өкмөттүн макулдашуусу менен Орусиянын инвесторлору келип ишти баштаган, анан дагы бир инвестор келди дагы орусиялыктарды кууп чыкты. Ага жардам берген киши болсо бийликте отурат. Буга окшогон мисалдар көп да.

К.О. - Кристалл заводун кошсок болобу?

М.Ж. - Тендер боло элек али.

К.О. - Тендер боло электе эле азыркы директорун кызматтан алабыз деп атышат. Аны өзүңүз өткөндө комитетте карабадыңыздарбы?

М.Ж. - Азыр сөз болуп атат, бир чөнтөккө түшүп атат деп. Ошону айткыла.

К.О. – Биринчи үч завод боюнча жообуңузду айтсаңыз?

М.Ж. – Канттагы цемент-шифер заводу боюнча биз комиссия түзгөнбүз, ал заводду Аскар Акаевдин күйөө баласынан кийин үч жолу казактарга сатылып кеткен. Биз эч нерсе кыла албайбыз. Аны биз күч менен алып алсак, эл аралык сот бар, кайра кайтарып берет. Аны мен жакшы билем.

К.О. - Шампан комбинат боюнча эмне дейсиз?

М.Ж. - Шампан комбинат боюнча эч нерсе айта албайм.

К.О. - Кызылкыядагы цемент завод боюнчачы?

М.Ж. – Ал жерге биринчи инвесторлор Орусиядан эмес, Казакстан келген. Алар келгенден кийин Феликс Шаршенбаевич орусиялыктарды алып келген. Бир жерде эки завод турганы туура эмес. Ошондо биз айтканбыз, бирөөнү Ташкөмүргө көчүрөлү деп.

К.О. - Мурат мырза, сөзүбүздүн аягында сизге дагы бир суроо берейин. Сиз өткөндө биз бир жылга митинг, пикеттерге мораторий жарыялашыбыз керек деп айттыңыз?

М.Ж. - Туура.

К.О. - Азыр болсо оппозициялык күчтөр айтып атышат, биз президенттик чукул шайлоого барышыбыз керек деп. Демек бул жаңы митингдер, жаңы пикеттер. Сиз эмне себептен ошондой сунуш киргизип атасыз?

М.Ж. - Биз эки жыл митингдерди көрдүк, кечээ дагы 5-каналда сурамжылоо болду, 67 пайыз эл митингдерге каршы.

К.О. - Конституцияда жазылган да ал ар бир адамдын укугу деп?

М.Ж. - Конституцияны азыр мен күнүгө окуп атам. 64-статьяда укугубуз бар. Депутаттар өзгөртүштү Конституцияны. 18-статьянын 2-пунктунда жазылган, оурсча айтып берейин, возможно ограничение свободы в случаях сохранения государственности и сохранения межнациональных согласий.

К.О. – Мамлекетти сактоо түшүнүгү менен бийлик сактоо түшүнүгүн чаташтырган жоксузбу?

М.Ж. – Жок, себеби өзүңөр байкап атасыздар, Бишкек, Чүй облусунда продуктылар, үйлөр кымбаттап кетти. Бул эмнеден келди? Бизге азыр Казакстандын бизнеси кирип атат.

К.О. - Пикет, митингдерге анын кандай тиешеси бар?

М.Ж. - Биз мамлекетти жоготуп атабыз. Ошон үчүн экономиканы көтөрүш керек.

К.О. - Ошон үчүн пикеттерди токтотуш керекпи?

М.Ж. - Бир жыл мүмкүнчүлүк берели да. Президентти шайладык барыбыз. Алтургай оппозиция дагы, Текебаев дагы айтып жатат “биз Бакиевди кетсин деп айткан жокпуз, реформа кылсын деп жасабыз“ деп. Бакиев шайланган, эми үч жыл калды, үч жыл иштеп берсин. Кет деген сөз жок азыр. Өзүнүн каалаган премьер министрин, министрлерин алды. Эми өзү бир команда болуп атат. Мурда Феликс Шаршенбаевич премьер болуп турганда сөздөр болгон, премьер башка тарапты карап атат, эки баштуу бийлик болуп кетти делип. Азыр бир баштуу, бир команда келди. Бир команда болгондон кийин бир жыл мүмкүнчүлүк берели. Ишин көрсөтсүн, экономиканы да караш керек.

Б.М. - Мен ушул жерден мындай ойго келип атам. Ар кимдин оюнда креслосун, өз бийлигин сактап калуу. Минтип айтып атпайбы, биз президентке убакыт беришибиз керек, президентти мөөнөтүнүн аягына чейин иштетишибиз керек деп. Жаңы келген өкмөткө да убакыт берели деп. Биз ошентип жүрүп 15 жыл күткөнбүз, 15 жыл убакыт өткөн, 15 жылда эч нерсе болгон эмес. Өзүнчө команда түзүп иштесин, Феликс Куловдон кийин өзү каалаган премьерин шайлап бердик деп айтып атат. Ушул жерден өзүнөн өзү эле айтылып калды, чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле болуп калды. Кулов президентке түздөн түз тоскоол болуп атат деп, Куловду кандайдыр бир жол менен өкмөттөн четтетүү бийлик башындагы адамдардын оюнда бар экени белгилүү болуп калды. Өкмөт менен президенттин ортосунда элдин кызыкчылыгы үчүн талаш-тартыш болуп туруш керек. “Сизиң-бизиң” деп бири-бирин сыйлап отура бергенден биз эч нерсе утпайбыз, жакшылыкка да барбайбыз. Туура айтасыңар, азыркы премьер “хоп майли” премьер...

К.О. - Кулов да ошондой ролду аткарып келди деген сөздөр бар?

Б.М. - Ошондой ролду аткарганы менен, сыртынан ошондой көрүнгөнү менен, президент менен өкмөттүн, Бакиев менен Куловдун ортосунда абдан чоң таймашуу бар экенин барыбыз эле билип турчубуз.

К.О. – Аягында бир суроо берейин, Феликс Куловдун көздөгөн түпкү максаты эмне? Түпкү максаты президенттик кызмат деп айтышат?

Б.М. – Ушул суроону Феликс Шаршенбаевичтин өзүнө берсеңер болот эле. Бирок ыңгайсыз суроо болгондон кийин, мен дагы ыңгайсыз жооп берейин. Ар бир эле адамдын, ошол эле лидердин өзүнүн түпкү максаты болот. Ошол түпкү максатка кандай жол менен, кандай нерсе менен келет, же кандай кызыкчылыкты көздөйт, же кандай программаны, кайсы максатты алдына коёт - бул өзүнчө нерсе. Ошол жаатынан алып карганда мен Феликс Шаршенбаевичти ойлойт элем, ушул өзүнүн түпкү максатына жетиш үчүн, элге керектүү, элди кыйынчылыктан алып чыгып кете турган, мамлекетке керектүү болгон жакшы максатты алдына коюп туруп, ошону аркалап отуруп өзүнүн түпкү максатына жетет деп.

К.О - Сиздерге ырахмат.
Куржундар
XS
SM
MD
LG