Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

26- ФЕВРАЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Республиканын чарбалык жана маданий өнүгүшүн камсыздоо максатында 1932-жылдын 26-февралында Ленинград шаары Кыргызстанды шефке алган. Кыргызстан тыш иштер министрлиги 2005-жылдын 27-февралында АКШнын Кыргызстандагы элчилигине нота жолдоду.

Кыргызстандагы илим-билим жана искусствонун телчигип бутуна турушуна, кийин советтик деңгээлге жетип, анын айрым үлгүлөрү дүйнөлүк масштабда таанылышына Ленинград шаары маанилүү роль ойногон. Республиканын чарбалык жана маданий өнүгүшүн камсыздоо максатында 1932-жылдын 26-февралында Ленинград шаары Кыргызстанды шефке алган. Эки тараптуу негизги келишимге Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы А. Орозбеков менен ленинграддык делегация башчысы, Ленсовет президиумунун мүчөсү А. Валышев кол койгон.

Кыргызстандык тарап Ленинград шаарын эт менен үзгүлтүксүз камсыздоого сөз берген. Ленинграддык делегация Кыргызстандын электрификациясына, баалуу кендерди чалгындоо ишине жана фундаменталдык китепкана куруп берүүгө убада берген. Анын натыйжасында Кыргызстан аймагына жаңы технологиялар жөнөтүлүп, аларды иштете турган адистер келген. Мындан тышкары, ленинграддык илимпоздор Кыргызстанда илим изилдөө борборлорунун ачылышына жана анын жетилишине зор салым кошушкан.

ВКП (б) Борбордук комитетинин 1949-жылкы токтомуна ылайык союздук борбордо жарык көрчү «Звезда» жана «Ленинград» журналдарында «бузуку адабиятка» каршы бүткүл союздук күрөш жүргүзүү компаниясы жарыяланган. Кыргызстандык коммунисттер борбордун көрсөтмөсүн илгиртпей ишке ашырышып, 1949-жылдын бу күндөрү республикалык маалымдоо каражаттары Аалы Токомбаевдин 1916-жылкы кыргыз көтөрүлүшүнө арналып жазылган «Кандуу жылдар» романын бузуку чыгармалар катарына кошуп, андан «панисламизм», «пантюркизм», «национализм» сыяктуу «измдерди» таап чыгышты.

Кыргызстан тыш иштер министрлиги 2005-жылдын 27-февралында АКШнын Кыргызстандагы элчилигине нота жолдоду. Нота Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы Толук ыйгарым укуктуу элчиси Стивен Янгдын бир күн мурда «Лимон» гезитине берген интервьюсуна байланыштуу жөнөтүлгөн. Элчинин көз карашына ылайык шайлоо учурунда демократияга байланыштуу проблемалар массалык мүнөз алса, ага эл аралык уюмдар кабатыр болоорун жана ал кыргыз-америкалык мамилеге терс таасирин тийгизээрин белгилеген.

Тыш иштер министрлиги элчинин пикирин Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү катары баалап, аны сабырдуулукка чакырып, дипломатиялык маданиятты сактоону өтүнгөн.

Бу күнү, 1802-жылы Франциянын улуттук акыны Виктор Гюго жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG