Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:09

ЭМИЛ АЛИЕВ: БИРИККЕН ФРОНТКО КУУГУНТУК БАШТАЛДЫ


«Кыргызстандын кең келечеги үчүн» бириккен фронт кыймылынын мүчөлөрүнө бийлик тараптан куугунтуктар башталды. Ошол себептүү, бул уюмга мүчө болуп кирип аткандардын аты-жөнү дайыма эле ачык айтыла бербейт. Бул жөнүндө бүгүн «Азаттык» үналгысына сүйлөгөн сөзүндө «Ар-Намыс» партиясынын лидерлеринин бири Эмил Алиев билдирди. Анын айтымында, бир эле учурда бийликтин кол астында турган маалымат каражаттары Феликс Куловду жана ага тилектеш оппозициячыл саясатчыларды жаманатты кылуу үчүн каралаган маалыматтарды жайылта башташты. Ошого карабастан жаңы саясий уюм өзүнүн иш-аракеттерин чечкиндүү жүргүзүүдө. Бүгүн Бишкекте анын кызматтык кеңсеси ачылат.

- Бириккен фронт бүгүн Бишкекте кеңсесин ачып жатыптыр. Ушундай кеңселер облустарда да ачылабы?

- Кечээ күнү биз ушул фронттун штабын өткөргөнбүз. Ал жерде алган маалымат боюнча бардык облустарда кеңселер ачылган. Адрестерин берип, иштетип атабыз. Азыркы биздин алдыбызда турган максат - бул райондордо кеңселерди ачып, чоң-чоң ири айылдарда штабдарды иштетип, эл менен иштеш керек болуп атат.

- Бирикмени түзүү жөнүндөгү алгачкы билдирүүгө кол коюу жараяны уланып жатабы?

- Көп кишилер ачык кошула албай атышат. Себеби, бийликтен азыртадан эле куугунтуктоо башталды. Көп адамдар тизмебизде бар, кирип атат, бирок алардын фамилияларын көрсөтө албайбыз.

- Куугунтук жөнүндө айтып кеттиңиз, демек Акүйдүн реакциясын сезе баштадыңыздарбы. Кандай мисалдарды келтире аласыз?

- Мисалы КТР, мамлекеттик радио, аларга жакын гезиттер штабда иштеген кишилерди, Феликс Куловду жамандап баштады. Депутаттар жөнүндө да айтып, алардын туугандарына кысым көрсөтүп атышат. Бул көзгө көрүнөө болуп аткан нерселер.

- Феликс Кулов өзү Кыргызстанда элеби азыр?

- Ф.Кулов Кыргызстанда эле.

- Өткөндө ал билдирүү жасаганда көп суроолордун башы ачылбай калды эле. Аны кабарчылар гана эмес, саясатчылардын өздөрү да айтып жатышкан. Качан ошондой суроолорго жооп берчүдөй?

- Жакында пресс-конференция өткөрүп эл менен кенен сүйлөшүп, пландар кандай болот, кандай иштейбиз ошонун барын айтып берет.

- Кыймылга кирген саясий уюмдар кызматташтыктын багыттары боюнча кандайдыр бир документтерге кол коюну белгилеп жатышабы, же билдирүү эле жетиштүүбү?

- Билдирүү менен кол коюп эле кирип атышат. Бул жерде эч кандай шарт коё тургандай маал эмес.

- Сиздердин алдыдагы иш багыттар кандай болгону жатат?

- Биз элге максатыбызды, оюбузду жеткирүү, аларга үгүт жүргүзүү боюнча иш-аракеттерди көрүп жатабыз.

Маектешкен Улан Эшматов, Прага

Тектеш

XS
SM
MD
LG