Бишкектеги Биринчи май райсоту Каракечедеги “Акулак” акционердик коомунун мурдакы директору Нурлан Мотуевдин ишин кароону түштөн кийин саат экиге белгилесе да, жыйырма мүнөт кеч баштады. Нурлан Мотуев сакчылардын коштоосунда сот залына киргенде эле, “Мен күнөөсүз айыпталып жатам. Бул иш Феликс Кулов менен Өмүрбек Субаналиевдин кылганы, биз революция кылып жүргөндө алар талап-тоноочулукту уюштурган. Эми Бермет Акаеваны депутаттыкка шайлагыла, Акаевди да чакырып, актап- жактагыла. Керек болсо чыныгы революционерлер ушунтип түрмөдө олтура беребиз,”- деп бакылдап келди.
Биринчи май райсоту Кубанычбек Сулайманов Нурлан Мотуев менен кошо айыпталып жаткан жарандарды иш менен тааныштырды. Ал айыпталуучу Махабат Сатаркулованын ооруканада жатат деген медициналык маалымдамасы жок болгондуктан соттук териштирүү ишин эртеңкиге 27- февралга жылдырууга аргасыз болгонун билдирди.
«Жоомарт» патриоттук кыймылынын лидери мамлекеттик мүлктү талап-тоногон деген негиздеме менен кармалып, былтыркы 23-майдан бери тергөө абагында отурат. Анын үстүнөн жыйырма томдой кылмыштык документтер топтолгон. Нурлан Мотуев өзү болсо бул ишти саясий куугунтук катары бааларын буга дейре маалымат каражаттары аркылуу билдирген.
Анын адвокаты Жумабек Шакировдун айтымында Мотуевге “Кылмыш кодексинин” бир нече беренеси боюнча, анын ичинде бирөөнүн мүлкүн басып алуу, мыйзамсыз курал алып жүрүү жана башка беренелер боюнча негизсиз күнөө коюлган.
Каракечедеги “Акулак” акционердик коомунун мурдакы директору Тилек Сабыровдун айтымында, Каракечедеги беш фирма өлкө калкынын жарымын көмүр менен камсыз кылып келген. Учурда төрт фирманын иши токтоп, банкрот болуп, өлкө казынасына каражат түшпөй, көмүр баасы кымбаттап кеткен. "32 млн. сомдук көмүрдү Нурлан Мотуев жана анын жан-жөкөрлөрү уурдап-тоноп сатып, бирөөнүн менчиктерин тартып алышкан”.
“Каракече көмүр кенинин кожоюуну” аталган Нурлан Мотуев өткөн жылы 23-майда кармалган.