Кыргызстан HIPC программасына кирбей калгандан кийинки өкмөттүн өзгөчө үмүт арткан ишеничи тоокен өндүрүшү, тактап айтканда, «Кумтөр» менен «Жерүй» алтын кендери болууда. Булардын биринчисинин ишке киришкенине он жылдан ашуун убакыт өттү, 181 тонна алтын өндүрүлдү. Алтындын баасы асмандашынын убайын көбүнесе канадалык компания көрүп, ошондон кыргыз өкмөтү жаңы кенди иштетүүнүн эреже-шартын кайрадан карап чыгуу сунушун коюп келатат.
«Кыргызалтын» акционердик компаниясынын жетекчиси Алмазбек Жакыповдун ырасташынча, «Жерүй» алтын кенин иштетүүгө кызыкдар австриялык «Глобал Голд» компаниясына биртоп шарттар коюлган.
- Баса айтып кетүүчү нерсе, Таластык регионалдык фонд деген бар, социалдык өнүгүү боюнча. Ошого киреше барбы же жокпу ага карабай, биздин жаңы инвесторлор менен сүйлөшүүбүз боюнча фондго 2,5 миллион доллар төлөнмөй болууда. 3 миллион долларды бюджетке төлөп берет.
Буга кошумча, непадам «Оксус Голд» компаниясы кыргыз өкмөтүнө кине тагып, эларалык сотко кайрыла турган болсо анын ыгым-чыгымы да «Глобал Голддун» мойнуна жүктөлөрү макулдашылган.
«Кумтөр» алтын кенин иштетүүгө канадалык компанияга уруксат берген 1992-жылкы, андан эки жылдан кийинки башкы келишимде мындай шарттар жок.
Башкы келишимде Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы сакталбай калганын адистер кыйла жылдардан бери айтып келатышат. 1-вице-премьер-министр Данияр Үсөнов жетектеген кыргыз өкмөтүнүн канадалык «Камеко» корпорациясы, «Центерра Голд» компаниясы менен сүйлөшүүлөрүнүн негизги максаты - алтын баасы аябай көтөрүлүп кеткенден кийинки кирешени бөлүштүрүү, салык, жыйымдар өлчөмүн тактоо, бир сөз менен айтканда, мындан аркы «оюн эрежесин» аныктап алуу.
- Бизге 33% акция тийбеди беле. Биз айтып атабыз, ошол акциянын көлөмү кичине чоңураак болуш керек эле. Анан дагы бир маселе. «Кумтөр» Ысыккөл фондусуна орто эсеп менен 1 миллион доллар төлөп жатат. Биз «Жерүйдөн» Талас фондуна 3 миллион доллар төлөөгө макулдук алганбыз. А силер эмне үчүн 1 миллион төлөйсүңөр, көбөйтөлү деп биз өз сунушубузду айттык. Дагы бир маселе. Концессиялык төлөмдөр. Эски шарт боюнча бул 1 унций алтынга 4 доллардан төлөйт. Биз эски шарт боюнча төлөп атасыңар, муну бир үч эсе көбөйтпөйлүбү деп жатабыз. Болбойт да. Алтындын баасы эки-үч эсе көбөйүп жатса.
Сүйлөшүүлөрдүн биринчиси Москвада, экинчиси 23-февралда Түркиянын Стамбул шаарында өттү, анын экөө тең жыйынтыксыз аякталды. Ал арада парламенттин айрым мүчөлөрү кызылдай кирешеге туйтунган канадалык компаниядан «Кумтөрдү» тартып алуу сунушун билдирүүгө үлгүрүштү. 2005-жылдын 24-мартынан кийин өзгөчө оожалып кеткен мындай аракет жалгыз канадалыктарды эле эмес, жаамы чет эл инвесторлорун катуу сестентери турулуу иш.
Буга кошумча, Кыргызстан шартында «алтын чатагы» эреже катары өкмөт менен парламенттин ортосундагы «Чубактын чуусундай чубалган» талашка айланып кетиши оңой эле. «Легендарлуу парламенттин» «алтын комиссиясынын» жыйынтыгы Жогорку Кеңештин таркатылышына алып келген. 2005-жылдын 24-мартынан бери «Жерүй» алтын кенине байланышкан өкмөт менен парламенттин талашы уланып келатат. Аны Ф.Куловдун өзү момундайча баяндаган.
- Силер чечимди жокко чыгарууга устасыңар.
«Талдыбулакты» карабай туруп «Жерүйгө» өтүп кеттиңер. Кайра «Талдыбулакка» келип, аны да алып койдуңар. Инвестор өз жанынан 15 миллион доллар чыгарып, 2 миллион доллар бюджетке төгүшкө даяр болчу. Баары токтоду. Алар «бул жерде ким кожоюн экенин» билишпей отурат. Же парламент чоңбу? Инвесторлор келиштен коркушат.
Айтса, «Жерүй» алтын кенинин айланасындагы чатак эми жергиликтүү элге жетип, боз үйлөр тигилип, өндүрүшүн баштай элек инвесторлорго талап-шарттар коюлуп, Бекмолдо айыл өкмөтүндө болуп аткан окуялар маалымдоо каражаттарынан түшпөй турган чагы.
Геологдордун айтуусунда, Кыргызстанда 2600 жерден алтын казып же чайкап алууга болот. Бирок алардын ичинде эң ири делген кендер саналуу эле. Эң ири кендердин айланасындагы чатактар басылып-күчөп тутанып келатса, майда кендердин проблемасына кызыккан киши аз болууда.