Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:50

РАМЗАН КАДЫРОВ ЧЕЧЕН ПРЕЗИДЕНТИ БОЛУУГА ДАЯРДАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Жакында Чеченстандын президентинин милдетин аткаруучу болуп 30 жаштагы Рамзан Кадыров дайындалды. Конституция боюнча, жумурият президенти болуп отузга чыккан гана адам шайлана алат, ошондуктан Рамзан былтыр октябрда отузга толгондо, эми ал президент болот деп кеңири айтыла баштаган.

Орусиянын Саясий жана аскерий анализ институтунун эксперти Сергей Маркедоновдун айтымында, Рамзан Кадыров "системалык сепаратист" жана андан Маскөөгө дагы көп зыян тийет. Президент Владимир Путин чечен президенти Алу Алхановду кызматтан алып, 15-февралда анын ордуна президенттин милдетин аткаруучу кылып Кадыровду дайындагандын эртеси америкалык "Вашингтон пост" гезити - Чеченстанда өтө турган президенттик шайлоонун мөөнөтү белгилене элек болсо дагы, эми Кадыров президент болоорунан шек санабай эле койсо болот деп жазган.

7-октябрда Маскөөдө атып өлтүрүлгөн атактуу журналист Анна Политковская өлөр алдында Чеченстандагы абал тууралуу көп жазган жана анын айтымында, Рамзан Кадыровду пайдалануу менен Маскөө Чеченстанда бир чечендердин колу менен башка чечендерди жок кылып, катуу тартип орното баштаган. Испаниялык "Эл Паис" гезити жазганга караганда, Политковскаяны өлтүрүү чечими Кадровдун жанындагы адамдардан чыккан, эң кем дегенде журналисттин өлүмүнө алардын тийешеси бар.

Рамзан менен мурда иштеп, андан кетип калган коопсуздук кызматынын офицери Мовлади Байсаров былтыр октябрда Кадыровду катуу сындап, аны орто кылымдагы тирандар менен салыштырган жана ага жакпагандарды Рамзан жөн гана өлтүрөт деп айткан. Бир ай өтүп-өтпөй, 18-ноябрда Байсаров Маскөөнүн Ленин проспектинде чечен коопсуздук кызматкерлери тарабынан атып өлтүрүлгөн жана маскөөлүк милиция ага эч каршылык көрсөткөн эмес.

Ал эми Лондондо жашаган Чеченстандын мурдагы жетекчилеринин бири Ахмед Закаевдин айтымында, Кадыров мурдагы президент Алхановго караганда алда канча көз карандысыз адам: "Жалпысынан алганда, биз бул өзгөрүүнү оң баалайбыз. Президент Путин аны өз ыктыяры менен жасаса да, андай кадамга аргасыздан барса дагы, баары бир ал - маанай чечендердин пайдасына өзгөрүп баратканын көрсөтөт", - деди Закаев 16-февралда "Азаттыктын" Түндүк Кавказ кызматына берген интервьюда.

Мурдагы президент Алхановду Путин Орусиянын укук министринин орун басары кылып дайындады. Бийликке Алханов - 2004-жылдын 9-майында Рамзандын атасы президент Ахмат Кадыров өлтүрүлгөндөн кийин келген жана көптөгөн эксперттин пикиринде, ал өтө начар президент болчу. Негизинен аны кызматтан Рамзан алдырды деп айтылууда жана Кадыров өзү ал тууралуу минтип айтат:

"Аны биздин адамдар, Кадыровдун адамдары министр кылган, генерал жана андан соң президент кылган. Бирок ал бизди уят кылды жана бизге сөз тийбесин деп биз аны коргоп келдик. Анткен менен акырында мен ага айттым - сиздин кылганыңыз туура эмес дедим. Сиз биздин элге жакшылык кылган жоксуз, сиз өзгөрүш керексиз дедим. Бирок мен эмне десем дагы, ал мени укпай койду", - деди Рамзан Кадыров "Азаттыктын" Түндүк Кавказ кызматына берген интервьюсунда.

Атасы өлгөндө, Кадыров президент Путин менен жолугушууга Кремилге келгенде, спорт костюмун кийип келген, бирок жогору деңгээлде кабыл алынган жана ошол эле 2004-жылы Путин ага Орусиянын баатыры деген наам ыйгарып, андан бери ага такай колдоо көрсөтүп келет.

XS
SM
MD
LG